Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod djela "Skraćeni tefsir Kur'ana" na kirgiski jezik.

Broj stranice:close

external-link copy
18 : 5

وَقَالَتِ ٱلۡيَهُودُ وَٱلنَّصَٰرَىٰ نَحۡنُ أَبۡنَٰٓؤُاْ ٱللَّهِ وَأَحِبَّٰٓؤُهُۥۚ قُلۡ فَلِمَ يُعَذِّبُكُم بِذُنُوبِكُمۖ بَلۡ أَنتُم بَشَرٞ مِّمَّنۡ خَلَقَۚ يَغۡفِرُ لِمَن يَشَآءُ وَيُعَذِّبُ مَن يَشَآءُۚ وَلِلَّهِ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَاۖ وَإِلَيۡهِ ٱلۡمَصِيرُ

Бардык яхудилер жана христиандар өздөрүн Аллахтын баласыбыз, Аллахтын жакшы көргөн сүйүктүүлөрүбүз дешет. Эй, элчи, алардын айтканын жокко чыгарып аларга айт: Анда эмнеге силерди Аллах Таала кылган күнөөңөр үчүн азаптайт?! Эгер чындап эле өзүңөр айткандай, Аллахтын сүйүктүүлөрү болсоңор, эмнеге силерди бул дүйнөдө өлтүрүү, бузуу менен, а акыретте тозокко салуу менен азаптайт; себеби Аллах Таала жакшы көргөндөрүн азаптабайт. А силер болсо, башка адамдар сыяктуу эле адамсыңар, булардан ким жакшы болсо, бейиш менен сыйлайт, ким жаман болсо, тозок менен жазалайт. Артыкчылыгы менен кимди кааласа кечирет, адилдиги менен кимди кааласа азаптайт. Асман жердеги жана алардын ортосундагы мүлк падышалык Аллахка таандык, кайра кайтуу Жалгыз Аллахка. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 5

يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ قَدۡ جَآءَكُمۡ رَسُولُنَا يُبَيِّنُ لَكُمۡ عَلَىٰ فَتۡرَةٖ مِّنَ ٱلرُّسُلِ أَن تَقُولُواْ مَا جَآءَنَا مِنۢ بَشِيرٖ وَلَا نَذِيرٖۖ فَقَدۡ جَآءَكُم بَشِيرٞ وَنَذِيرٞۗ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ

Эй, яхуд жана христиандар, көпкө чейин элчилер келбей, аларга муктаждык күчөгөн кезде пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) келди. Силер: бизге Аллахтын сооп-сыйын сүйүнчүлөгөн, азап-тозогунан коркуткан элчи келген эмес деп шылтоо кылбооңор үчүн. Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) чынында силерге Аллахтын сооп-сыйын сүйүнчүлөө, азап-тозогун эскерткен элчи болуп келди. Аллах Таала бардык нерсеге Кудуреттүү, эч нерсеге күчү жетпей калбайт. Элчилерди жибергени жана аларды Мухаммад пайгамбарды жиберүү менен жыйынтыктаганы Анын Кудуреттүүлүгүнөн info
التفاسير:

external-link copy
20 : 5

وَإِذۡ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوۡمِهِۦ يَٰقَوۡمِ ٱذۡكُرُواْ نِعۡمَةَ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡ إِذۡ جَعَلَ فِيكُمۡ أَنۢبِيَآءَ وَجَعَلَكُم مُّلُوكٗا وَءَاتَىٰكُم مَّا لَمۡ يُؤۡتِ أَحَدٗا مِّنَ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Оо, элчи, эстегени, Муса пайгамбар Исираил урпактарынан болгон коомуна: эй, коомум, Аллах Тааланын силерге кылган жакшылыктарын тилиңер менен да, жүрөгүңөр менен да эстегиле, Ал силерди туура жолго баштаган пайгамбарларды жиберди, силер башкаларга кул болуп, көз каранды болуп турганыңарда өзүңөдөн падышаларды чыгарды. Ошондой эле, силерге заманыңарда ааламда эч кимге бербеген жакшылыктарды берди. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 5

يَٰقَوۡمِ ٱدۡخُلُواْ ٱلۡأَرۡضَ ٱلۡمُقَدَّسَةَ ٱلَّتِي كَتَبَ ٱللَّهُ لَكُمۡ وَلَا تَرۡتَدُّواْ عَلَىٰٓ أَدۡبَارِكُمۡ فَتَنقَلِبُواْ خَٰسِرِينَ

Муса пайгамбар айтты: эй, коомум, кирүүгө жана андагы каапырларды өлтүрүүгө Аллахка убада кылган таза жерге (Кудус жана анын айланасына) киргиле, алардын алдында коркоктук кылбагыла, андай кылсаңар, дүйнө-акыретиңер өкүнүч болот info
التفاسير:

external-link copy
22 : 5

قَالُواْ يَٰمُوسَىٰٓ إِنَّ فِيهَا قَوۡمٗا جَبَّارِينَ وَإِنَّا لَن نَّدۡخُلَهَا حَتَّىٰ يَخۡرُجُواْ مِنۡهَا فَإِن يَخۡرُجُواْ مِنۡهَا فَإِنَّا دَٰخِلُونَ

Коому ага мындай деди: эй, Муса, бул ыйык жерде күч-кубаты артык эл бар экен, мына ушул бизди ал жерге кирүүдөн тыйып турат, алар анда турганда биз кире албайбыз; анткени алар менен согушууга биздин күчүбүз да, кубатыбыз да жетпейт. Алар андан чыгып кетсе, анан биз киребиз info
التفاسير:

external-link copy
23 : 5

قَالَ رَجُلَانِ مِنَ ٱلَّذِينَ يَخَافُونَ أَنۡعَمَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِمَا ٱدۡخُلُواْ عَلَيۡهِمُ ٱلۡبَابَ فَإِذَا دَخَلۡتُمُوهُ فَإِنَّكُمۡ غَٰلِبُونَۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَتَوَكَّلُوٓاْ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ

Мусанын шериктеринен Аллахтан коркуп, Анын азабынан чочулаган, Аллах Өзүнө баш ийдирип койгон эки киши коомун Мусанын буйругун аткарууга кызыктырып мындай деди: Бул күнөөкөрлөргө шаардын эшигинен киргиле, эгер эшиктен атырылып кирип барсаңар, болду, Аллахтын уруксаты менен аларга үстөмдүк кыласыңар. Аллахка ишенүү менен бирге материалдык даярдык көргөндөргө жеңиш берүү Аллахтын жолу экенине ишенгиле. эгер чындап ыймандуу болсоңор, Жалгыз Аллахка таянгыла жана Ага тобокел кылгыла, ыйман Ага тобокел кылууну талап кылат info
التفاسير:
Poruke i pouke ajeta na ovoj stranici:
• تعذيب الله تعالى لكفرة بني إسرائيل بالمسخ وغيره يوجب إبطال دعواهم في كونهم أبناء الله وأحباءه.
Аллах Таала Исраил урпактарын каапырлыгы себептүү бузуп, кыйратып азаптоосу, алардын Аллахтын баласыбыз, сүйүктүүсүбүз деген чакырыктары жалган экенин айгинелейт info

• التوكل على الله تعالى والثقة به سبب لاستنزال النصر.
Аллахка тобокел кылуу, Ага ишенүү, жеңиш, жардамдын түшүүсүнө себеп болот info

• جاءت الآيات لتحذر من الأخلاق الرديئة التي كانت عند بني إسرائيل.
Исраил урпактарында болгон жаман ахлактардан сактануу зарылдыгын эскерткен аяттар түшкөн info

• الخوف من الله سبب لنزول النعم على العبد، ومن أعظمها نعمة طاعته سبحانه.
Аллахтан коркуу пендеге түрдүү жакшылыктардын берилүүсүнө себеп болот, жакшылыктардын эң үлкөнү - Аллахтын Өзүнө баш ийдирип койгону info