Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod djela "Skraćeni tefsir Kur'ana" na kirgiski jezik.

Broj stranice:close

external-link copy
3 : 5

حُرِّمَتۡ عَلَيۡكُمُ ٱلۡمَيۡتَةُ وَٱلدَّمُ وَلَحۡمُ ٱلۡخِنزِيرِ وَمَآ أُهِلَّ لِغَيۡرِ ٱللَّهِ بِهِۦ وَٱلۡمُنۡخَنِقَةُ وَٱلۡمَوۡقُوذَةُ وَٱلۡمُتَرَدِّيَةُ وَٱلنَّطِيحَةُ وَمَآ أَكَلَ ٱلسَّبُعُ إِلَّا مَا ذَكَّيۡتُمۡ وَمَا ذُبِحَ عَلَى ٱلنُّصُبِ وَأَن تَسۡتَقۡسِمُواْ بِٱلۡأَزۡلَٰمِۚ ذَٰلِكُمۡ فِسۡقٌۗ ٱلۡيَوۡمَ يَئِسَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن دِينِكُمۡ فَلَا تَخۡشَوۡهُمۡ وَٱخۡشَوۡنِۚ ٱلۡيَوۡمَ أَكۡمَلۡتُ لَكُمۡ دِينَكُمۡ وَأَتۡمَمۡتُ عَلَيۡكُمۡ نِعۡمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ ٱلۡإِسۡلَٰمَ دِينٗاۚ فَمَنِ ٱضۡطُرَّ فِي مَخۡمَصَةٍ غَيۡرَ مُتَجَانِفٖ لِّإِثۡمٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Аллах Таала силерге өлүп калган өлүмтүктү, мууздаганда оргуп чыккан канды, чочконун этин, мууздаган учурда Аллахтын атынан башка нерсенин аты аталып мууздалган малды арам кылды. Ошондой эле муунуп өлгөн, сокку жеп өлгөн, бийик жерден кулап өлгөн, башкасы менен сүзүшүп өлгөн, арстан, жолборс, карышкыр сыяктуу жырткычтар тытып өлтүргөн малдар арам кылынды. Бирок булардын жаны чыкканча жетишип Аллахтын атын атап мууздасаңар, адал болот. Дагы бут-айкелдерге арналып мууздалган малдар арам кылынды. Ошондой эле силерге кайып болгон иштерде төлгө салуу арам кылынды, бул төлгө "аткар", "аткарба" деген жазуулары бар таштар же жебелер менен салынат да, ошондо бул эки иштин кайсынысы чыкса ошону кылат. Мына ушул жогоруда айтылган арам иштерди кылуу Аллахка баш ийбестик болуп саналат. Бүгүн каапырлар исламдын күч-кубатын көрүп, силерди динден чыгаруудан үмүтүн үздү. Алардан коркпогула, Менден гана корккула. Ислам деп аталган диниңерди бүгүн силерге толук кылдым. Ачык жана купуя болгон жакшылыгымды силерге толук берип бүттүм. Исламдын силерге дин болуусун ыктыяр кылып кааладым, андан башка динди кабыл кылбайм. Катуу ачкалыктан улам, каалоосу жок бул арам кылынгандардан бир аз жеп өзөк жалгаса, ага күнөө эмес, Аллах Таала чынында Кечиримдүү, Мээримдүү info
التفاسير:

external-link copy
4 : 5

يَسۡـَٔلُونَكَ مَاذَآ أُحِلَّ لَهُمۡۖ قُلۡ أُحِلَّ لَكُمُ ٱلطَّيِّبَٰتُ وَمَا عَلَّمۡتُم مِّنَ ٱلۡجَوَارِحِ مُكَلِّبِينَ تُعَلِّمُونَهُنَّ مِمَّا عَلَّمَكُمُ ٱللَّهُۖ فَكُلُواْ مِمَّآ أَمۡسَكۡنَ عَلَيۡكُمۡ وَٱذۡكُرُواْ ٱسۡمَ ٱللَّهِ عَلَيۡهِۖ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَرِيعُ ٱلۡحِسَابِ

Оо, элчи, сахабаларың сенден аларга Аллах Таала кандай тамакты адал кылганын сурашат. Оо, элчи, аларга айт: Аллах Таала силерге бардык таза желе турган тамактарды адал кылды. Ит, леопард же ителги сыяктуу жыркыч, бирок Аллахтын берген илими менен колдо аңчылыкка үйрөтүлүп, агытсаң ууга атырылып, тыйсаң тыйылып кала турган жаныбарлар алган уу (кийик, коён ж.б.) адал. Мына ушулар алган ууну эгер аны өлтүрүп коюшса да жей бергиле, болгону аларды ууга саларда Аллахтын атын атап бошоткула. Буйруктарын аткаруу, күнөөдөн тыйылуу менен Аллахка такыба болгула, Аллах Таала иш-аракеттерди өтө бат эсеп кылат. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 5

ٱلۡيَوۡمَ أُحِلَّ لَكُمُ ٱلطَّيِّبَٰتُۖ وَطَعَامُ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ حِلّٞ لَّكُمۡ وَطَعَامُكُمۡ حِلّٞ لَّهُمۡۖ وَٱلۡمُحۡصَنَٰتُ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ وَٱلۡمُحۡصَنَٰتُ مِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ مِن قَبۡلِكُمۡ إِذَآ ءَاتَيۡتُمُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ مُحۡصِنِينَ غَيۡرَ مُسَٰفِحِينَ وَلَا مُتَّخِذِيٓ أَخۡدَانٖۗ وَمَن يَكۡفُرۡ بِٱلۡإِيمَٰنِ فَقَدۡ حَبِطَ عَمَلُهُۥ وَهُوَ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ

Бүгүн силерге таза тамактардын баарын жеш адал болду, китеп берилген яхуди жана христиандар сойгон малдын эти да силерге адал болду, а силердин сойгонуңар аларга адал. Ошондой эле таза, эркин момун аялдарга никеленүү, силерден мурдагы китеп берилген яхуди жана христиан аялдардын таза (сойку эмес), эркиндерине, эгер алардын махырларын берсеңер жана ойноштук менен зына кылбай, таза болуп, ак никелеп алсаңар, анда аларга никеленүү адал кылынды. Кимде-ким Аллах Таала пенделерине шарият кылган өкүмдөргө баш ийбей каапырлык кылса, ибадаттын кабыл болуусунун негизги шарты болгон ыйманы болбогону үчүн анын ибадаттары жокко чыгат жана кыямат күнү түбөлүк кала турган тозокко киргени үчүн өкүнүүчүлөрдөн болот. info
التفاسير:
Poruke i pouke ajeta na ovoj stranici:
• تحريم ما مات دون ذكاة، والدم المسفوح، ولحم الخنزير، وما ذُكِرَ عليه اسْمٌ غير اسم الله عند الذبح، وكل ميت خنقًا، أو ضربًا، أو بسقوط من علو، أو نطحًا، أو افتراسًا من وحش، ويُستثنى من ذلك ما أُدرِكَ حيًّا وذُكّيَ بذبح شرعي.
Мууздалбастан өлгөн өлүмтүк, мууздаганда оргуштап чыккан кан, чочконун эти, мууздаганда Аллахтын атынан башканын аты аталып мууздалган мал, муунуп, урулуп, бийиктен кулап өлгөн, башка жаныбар сүзүп, тытып өлтүргөн жандыктар арам. Бирок, алардын жаны чыкканча мууздап жетишсе, анда адал info

• حِلُّ ما صاد كل مدرَّبٍ ذي ناب أو ذي مخلب.
Азуулуу жана өткүр тырмактуу үйрөтүлгөн жаныбарлардын уулаган уусу адал info

• إباحة ذبائح أهل الكتاب، وإباحة نكاح حرائرهم من العفيفات.
Китеп берилгендер мууздаган мал адал жана китеп берилген таза, эркин аялдарга үйлөнүү адал info