Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qurani Kərimin müxtəsər tərfsiri - kitabının Qırğız dilinə tərcüməsi.

Таквир

Surənin məqsədlərindən:
كمال القرآن في تذكير الأنفس باختلال الكون عند البعث.
Кайра тирилүү учурундагы ааламдын тең салмаксыздыгын эскертүүдөгү Курандын толуктугу. info

external-link copy
1 : 81

إِذَا ٱلشَّمۡسُ كُوِّرَتۡ

Күндүн бөлүкчөлөрү жуурулушуп, анын нуру өчкөндө. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 81

وَإِذَا ٱلنُّجُومُ ٱنكَدَرَتۡ

Жылдыздар күбүлүп, жарыктары кеткенде. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 81

وَإِذَا ٱلۡجِبَالُ سُيِّرَتۡ

Тоолор өз ордунан кыймылга келгенде. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 81

وَإِذَا ٱلۡعِشَارُ عُطِّلَتۡ

Ээлери атаандашкан бооз төөлөр ээси жок кароосуз калганда. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 81

وَإِذَا ٱلۡوُحُوشُ حُشِرَتۡ

Жапайы айбанаттар адамзат менен кошо бир жерге топтолуп калганда. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 81

وَإِذَا ٱلۡبِحَارُ سُجِّرَتۡ

Деңиздер от болуп жанганда. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 81

وَإِذَا ٱلنُّفُوسُ زُوِّجَتۡ

Жандар өзүнө окшогондор менен биригип, бузуку бузуку менен, такыба такыба менен бирге болгондо. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 81

وَإِذَا ٱلۡمَوۡءُۥدَةُ سُئِلَتۡ

Аллах тирүүлөй көмүлгөн наристе кыздардан сураганда. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 81

بِأَيِّ ذَنۢبٖ قُتِلَتۡ

Сени өлтүргөн адам кайсы күнөөң үчүн өлтүрдү деп. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 81

وَإِذَا ٱلصُّحُفُ نُشِرَتۡ

Пенделердин ар бири өзүнүн амал баракчасын окуш үчүн аларга амал баракчалары таркатылганда. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 81

وَإِذَا ٱلسَّمَآءُ كُشِطَتۡ

Асман койдун териси сыйрылган сыяктуу сыйрылганда. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 81

وَإِذَا ٱلۡجَحِيمُ سُعِّرَتۡ

Тозок жандырылганда. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 81

وَإِذَا ٱلۡجَنَّةُ أُزۡلِفَتۡ

Бейиш такыбаларга жакындатылганда. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 81

عَلِمَتۡ نَفۡسٞ مَّآ أَحۡضَرَتۡ

Ушулар болгон кезде ар бир жан бул күнгө кандай иш-аракеттерди даярдаганын билет. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 81

فَلَآ أُقۡسِمُ بِٱلۡخُنَّسِ

Аллах түндөсү жаркыраганга чейинки жашыруун жылдыздар менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 81

ٱلۡجَوَارِ ٱلۡكُنَّسِ

Алар өз орбитасында жүрүшөт, таң агарганда антилопа бадалдарга жашынган сыяктуу көрүнбөй калышат. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 81

وَٱلَّيۡلِ إِذَا عَسۡعَسَ

Жана кирип келген түндүн башталышы жана кетип бараткан түндүн акыры менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 81

وَٱلصُّبۡحِ إِذَا تَنَفَّسَ

Ошондой эле нурун чачкан таң менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 81

إِنَّهُۥ لَقَوۡلُ رَسُولٖ كَرِيمٖ

Чындыгында Мухаммадга түшкөн Куран – Аллахтын сөзү. Аны ага Аллах аманат кылган чынчыл периште Жебреил жеткирген. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 81

ذِي قُوَّةٍ عِندَ ذِي ٱلۡعَرۡشِ مَكِينٖ

Ал Арштын Раббисинин алдында улуу даражага ээ болгон кубаттуулук ээси. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 81

مُّطَاعٖ ثَمَّ أَمِينٖ

Асмандагылар ага баш ийишет жана ал вахийди жеткирүүгө ишенимдүү. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 81

وَمَا صَاحِبُكُم بِمَجۡنُونٖ

Силер менен бирге жүргөн, силер анын акылдуулугун, аманаткөйлүгүн жана чынчылдыгын билген Мухаммад, силер жалаа жапкандай жинди эмес. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 81

وَلَقَدۡ رَءَاهُ بِٱلۡأُفُقِ ٱلۡمُبِينِ

Ал досуңар Жебреилди асман мейкиндигинде өз жаратылган келбетинде ачык көрдү. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 81

وَمَا هُوَ عَلَى ٱلۡغَيۡبِ بِضَنِينٖ

Ал досуңар силерге жеткир деп буйрулган нерсени жеткирүүдө сараң эмес жана ал көзү ачыктарга окшоп акы да албайт. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 81

وَمَا هُوَ بِقَوۡلِ شَيۡطَٰنٖ رَّجِيمٖ

Жана бул Куран Аллахтын ырайымынан куулган шайтандын сөзү эмес. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 81

فَأَيۡنَ تَذۡهَبُونَ

Бул далилдерден кийин анын Аллахтан экенин четке кагуу үчүн дагы кандай жолдорго барасыңар? info
التفاسير:

external-link copy
27 : 81

إِنۡ هُوَ إِلَّا ذِكۡرٞ لِّلۡعَٰلَمِينَ

Куран жиндер менен адамзат үчүн эскертме жана насыйкат. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 81

لِمَن شَآءَ مِنكُمۡ أَن يَسۡتَقِيمَ

Араңарда акыйкат жолго түшүүнү каалагандар үчүн. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 81

وَمَا تَشَآءُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Бүткүл макулуктардын Раббиси силерге туура жолду же башка нерсени каалаганда гана силер ошону каалайсыңар. info
التفاسير:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• حَشْر المرء مع من يماثله في الخير أو الشرّ.
Адам жакшылыкта же жамандыкта өзүнө окшогондор менен бирге чогултулат. info

• إذا كانت الموءُودة تُسأل فما بالك بالوائد؟ وهذا دليل على عظم الموقف.
Эгерде тирүүлөй көмүлгөн кыз суралып жатса, анда көмгөн адам кандай абалда болот деп ойлойсуң? Бул ошол жайдын катаалдыгына далил болот. info

• مشيئة العبد تابعة لمشيئة الله.
Пенденин каалоосу Аллахтын каалоосуна баш ийет. info