Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qurani Kərimin müxtəsər tərfsiri - kitabının Qırğız dilinə tərcüməsi.

Анфал

Surənin məqsədlərindən:
الامتنان على المؤمنين بنصر الله لهم في بدر، وبيان سنن النصر والهزيمة.
Аллахтын Бадрда ыймандууларга жеңиш ыроологондугун милдет кылуусу жана жеңишке жетүү менен жеңилүүнүн жолдорун баяндоо info

external-link copy
1 : 8

يَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلۡأَنفَالِۖ قُلِ ٱلۡأَنفَالُ لِلَّهِ وَٱلرَّسُولِۖ فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَصۡلِحُواْ ذَاتَ بَيۡنِكُمۡۖ وَأَطِيعُواْ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ

Оо, элчи, сахбаларың сенден олжо тууралуу, аны кантип бөлүштүрөрүңдү, кимге берериңди сурашат. Эй, элчи, алардын суроосуна жооп берип: "Олжолор Аллах жана Анын элчисине тиешелүү, аны бөлүштүрүү жана таратуу өкүмү да Аллахка жана Анын элчисине тиешелүү. Силер баш ийгиле жана макул болгула. Эй, ыймандуулар, Аллахтын тыйган иштеринен тыйылып, буйруган иштерин аткарып Ага такыба болгула. Жумшактык, байланышуу, кечирүү жана жакшы мүнөз аркылуу араңадагы кайчы пикирди, тескери бурулууну оңдогула. Эгер чындай ыймандуу болсоңор, Аллахка жана Анын элчисине бекем баш ийгиле. Анткени, ыйман баш ийүүгө жакындатып, күнөөдөн алыстатат" - деп айт. Сахабалар "Бадр" казаты болгондо ушинтип сурашкан. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 8

إِنَّمَا ٱلۡمُؤۡمِنُونَ ٱلَّذِينَ إِذَا ذُكِرَ ٱللَّهُ وَجِلَتۡ قُلُوبُهُمۡ وَإِذَا تُلِيَتۡ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتُهُۥ زَادَتۡهُمۡ إِيمَٰنٗا وَعَلَىٰ رَبِّهِمۡ يَتَوَكَّلُونَ

Акыйкатта, чыныгы ыймандуулар, эгер Кемчиликсиз Аллах Таала зикр кылынса, жүрөктөрү коркунучка толот; жүрөктөрү да денелери да ибадатка тартылат. Эгер аларга Куран аяттары окулса, ага акыл жүгүртүшөт, анан алардын ыйманы андан да көбөйөт. Жакшылык иштерди кылууда да, жамандык иштерден кутулдууда да Раббисине гана таянып, тобокел кылышат. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 8

ٱلَّذِينَ يُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَمِمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡ يُنفِقُونَ

Алар намазды өз убактысында, талаптагыдай аткарууну улантышат жана Биз ырыскыландырган нерселерден милдеттүү жана ыктыярдуу садагаларын беришет. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 8

أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ حَقّٗاۚ لَّهُمۡ دَرَجَٰتٌ عِندَ رَبِّهِمۡ وَمَغۡفِرَةٞ وَرِزۡقٞ كَرِيمٞ

Жогорудагы сыпаттар менен сыпатталгандар ыймандын белгилерин жана Исламдын көрүнүшүн өздөрүнө камтыгыны үчүн алар чыныгы ыймандуулар; Алардын сыйы Раббисинин алдындагы бийик орун, күнөөлөрүнүн кечирилүүсү жана кенен ырыскы. Булар Аллах аларга даярдап койгон жакшылыктар. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 8

كَمَآ أَخۡرَجَكَ رَبُّكَ مِنۢ بَيۡتِكَ بِٱلۡحَقِّ وَإِنَّ فَرِيقٗا مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ لَكَٰرِهُونَ

Силер олжону бөлүштүрүүдө келише албай, талашып-тартышканыңарда, Аллах аны силерден тартып алып Аллахка жана Анын элчисине тиешелүү кылып койгону сыяктуу, Эй, элчи, ыймандуулардын бир бөлүгүнө жакпаса да, Раббиң сени Мадинадан бутпарастарга каршы аттанууга буйруду. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 8

يُجَٰدِلُونَكَ فِي ٱلۡحَقِّ بَعۡدَ مَا تَبَيَّنَ كَأَنَّمَا يُسَاقُونَ إِلَى ٱلۡمَوۡتِ وَهُمۡ يَنظُرُونَ

Оо, элчи, ыймандуулардын бул бөлүгү, аларга өкүм анык болгондон кийин деле бутпарастар менен согушуу тууралуу, абалды көздөрү менен көрүп туруп, өлүмгө айдалып бара жаткансып сени менен талашат. Бул алардын согушка чыгууну аябай жек көрүшкөнүнөн улам. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 8

وَإِذۡ يَعِدُكُمُ ٱللَّهُ إِحۡدَى ٱلطَّآئِفَتَيۡنِ أَنَّهَا لَكُمۡ وَتَوَدُّونَ أَنَّ غَيۡرَ ذَاتِ ٱلشَّوۡكَةِ تَكُونُ لَكُمۡ وَيُرِيدُ ٱللَّهُ أَن يُحِقَّ ٱلۡحَقَّ بِكَلِمَٰتِهِۦ وَيَقۡطَعَ دَابِرَ ٱلۡكَٰفِرِينَ

Оо, талашып-тартышкан ыймандуулар, эстегиле, Аллах силерге бутпарастардын эки тобунун бирин жеңдирүүнү убада кылды.Эки топтун бири буюм-терим алып келе жаткан кербен, аны жеңип олжо аласыңар, экинчиси куралдуу аскерлер, алар менен согушуп жеңишке жетесиңер дегенде, силер согушсуз оңой басып алына турган кербенди тандадыңар. Аллах болсо, силер бутпарастардын баатырларын өлтүрүп, көбүн туткун кылып, Исламдын күч-кубатын жарыя кылууңар үчүн согуш аркылуу чындыкты ачыкка чыгарууну каалады. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 8

لِيُحِقَّ ٱلۡحَقَّ وَيُبۡطِلَ ٱلۡبَٰطِلَ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡمُجۡرِمُونَ

Исламдын жана мусулмандардын жүзүн ачуу менен Аллах акыйкатты орнотту, бул диндин ачындык экенин көрсөтүү менен болду. Ошондой эле Аллах жалганды жок кылды, бул анын жалган экенине ачык далиллдер менен болду. Муну бутпарастар жактырбаса да, Аллах ачыкка чыгарды. info
التفاسير:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• ينبغي للعبد أن يتعاهد إيمانه ويُنمِّيه؛ لأن الإيمان يزيد وينقص، فيزيد بفعل الطاعة وينقص بضدها.
Пенде ыйманынын үстүндө иштеп, аны өстүрүүсү зарыл; анткени, ыйман көбөйөт жана азаят, ибадат кылуу менен көбөйөт, күнөө кылуу менен азаят. info

• الجدال محله وفائدته عند اشتباه الحق والتباس الأمر، فأما إذا وضح وبان فليس إلا الانقياد والإذعان.
Чындык күмөн болгондо жана даана ачык эмес иштерде талашууга болот жана бул пайдалуу. Ал эми иш ачык болуп турганда баш ийүү жана ээрчүү зарыл. info

• أَمْر قسمة الغنائم متروك للرّسول صلى الله عليه وسلم، والأحكام مرجعها إلى الله تعالى ورسوله لا إلى غيرهما.
Олжону бөлүштүрүү Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) тиешелүү. Өкүмдөрдү чыгаруу Аллахтын жана Анын элчисинин колунда. info

• إرادة تحقيق النّصر الإلهي للمؤمنين؛ لإحقاق الحق وإبطال الباطل.
Акыйкатты ачыкка чыгарып, жалганды жок кылуу үчүн Аллах ыймандууларга жардам берет. info