Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qurani Kərimin müxtəsər tərfsiri - kitabının Qırğız dilinə tərcüməsi.

ас-Саффат

Surənin məqsədlərindən:
تنزيه الله عما نسبه إليه المشركون، وإبطال مزاعمهم في الملائكة والجن.
Аллахтын мушриктер Ага таңуулаган нерселеринен аруулугу жана алардын периштелер менен жиндер тууралуу ойлорун жокко чыгаруу. info

external-link copy
1 : 37

وَٱلصَّٰٓفَّٰتِ صَفّٗا

Ал ибадаттарында сап-сап болуп тизилип турган периштелер менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 37

فَٱلزَّٰجِرَٰتِ زَجۡرٗا

Ал булуттарды айдаган жана Аллах анын түшүүсүн каалаган жерге чейин алып барган периштелер менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 37

فَٱلتَّٰلِيَٰتِ ذِكۡرًا

Аллахтын сөзүн окуган периштелер менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 37

إِنَّ إِلَٰهَكُمۡ لَوَٰحِدٞ

Оо, адамдар! Чындыгында силердин чыныгы кудайыңар Жалгыз, Анын шериги жок, Ал – Аллах. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 37

رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا وَرَبُّ ٱلۡمَشَٰرِقِ

Ал асмандардын Раббиси, Жердин Раббиси жана алардын ортосундагылардын Раббиси. Ошондой эле Ал жыл бою чыккан жана баткан Күндүн Раббиси. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 37

إِنَّا زَيَّنَّا ٱلسَّمَآءَ ٱلدُّنۡيَا بِزِينَةٍ ٱلۡكَوَاكِبِ

Чындыгында Биз Жерге жакын асманды кооз зыйнат болгон жыздыздар менен кооздоп койдук. Аларды бир караганда жаркыраган асыл таштардай көрүнөт. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 37

وَحِفۡظٗا مِّن كُلِّ شَيۡطَٰنٖ مَّارِدٖ

Жана Биз дүйнө асманын баш ийбес бардык шайтандарга атылган жылдыздар менен сактап койдук. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 37

لَّا يَسَّمَّعُونَ إِلَى ٱلۡمَلَإِ ٱلۡأَعۡلَىٰ وَيُقۡذَفُونَ مِن كُلِّ جَانِبٖ

Ал шайтандар асмандагы периштелерге Раббиси тараптан вахий кылынган шарияты жана тагдыры тууралуу сөздөрүн уга алышпайт. Аларга бүт тараптан кызыган чок жылдыздар атылат. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 37

دُحُورٗاۖ وَلَهُمۡ عَذَابٞ وَاصِبٌ

Аларды угуудан кууп алыстатыш үчүн! Алар үчүн акыретте түбөлүк кыйноочу азап бар. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 37

إِلَّا مَنۡ خَطِفَ ٱلۡخَطۡفَةَ فَأَتۡبَعَهُۥ شِهَابٞ ثَاقِبٞ

Бирок шайтандардан кимиси периштелердин ортосунда болгон жер бетиндеги адамдарга илими жете элек нерсе тууралуу бир эле сөздү кулак чалып калса, анда аны жалындаган чок жылдыз кууп жетип күйгүзүп салат. Балким ал уккан сөзүн аны чок жылдыз күйгүзүп жибергенге чейин жан-жөкөрлөрүнө айтканга үлгүрүп, ал сөз көзү ачыктарга жетиши мүмкүн. Анан алар ага кошуп жүз жалганды кошо айтышат. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 37

فَٱسۡتَفۡتِهِمۡ أَهُمۡ أَشَدُّ خَلۡقًا أَم مَّنۡ خَلَقۡنَآۚ إِنَّا خَلَقۡنَٰهُم مِّن طِينٖ لَّازِبِۭ

Оо, Мухаммад! Кайра тирилүүнү четке каккан мушриктерден сурачы: «Алар жаралыш жактан Биз жараткан асмандардан, Жерден жана периштелерден да оорбу, түзүлүшү жактан күчтүүбү, мүчөлүү жактан чоңбу?». Чындыгында Биз аларды жабышчаак ылайдан жараттык. Алар кайра тирилүүнү кантип жокко чыгарып жатышат, алар жабышчаак ылай болгон алсыз нерседен жаралышты го? info
التفاسير:

external-link copy
12 : 37

بَلۡ عَجِبۡتَ وَيَسۡخَرُونَ

Оо, Мухаммад! Сен Аллахтын кудуретине, жараткандарынын иштерин башкаруусуна таң каласың жана кайра тирилүүнү жалганга чыгарган мушриктерге да таң каласың. Ал мушриктер кайра тирилүүнү ашыкча жалганга чыгаргандары себептүү ал тууралуу сенин айткан сөздөрүңдү мазактап күлүшөт. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 37

وَإِذَا ذُكِّرُواْ لَا يَذۡكُرُونَ

Эгерде ал мушриктерге кандайдыр бир насаат айтылса, алар андан пайда алышпайт. Анткени алардын жүрөктөрү мерез болуп калган. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 37

وَإِذَا رَأَوۡاْ ءَايَةٗ يَسۡتَسۡخِرُونَ

Эгерде аларга пайгамбардын чынчыл экендигине далил болгон анын аят-белгилеринен бир аят-белгини көрүшсө, аны аябай шылдыңдашат жана ага таң калышат. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 37

وَقَالُوٓاْ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ مُّبِينٌ

Алар: «Мухаммад алып келген бул нерсе анык эле сыйкыр» – дешет. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 37

أَءِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ

Биз өлүп топуракка жана чирип үбөлөнгөн сөөккө айлангандан кийин кайрадан тирилебизби? Мындай болуусу мүмкүн эмес (деп ойлошот). info
التفاسير:

external-link copy
17 : 37

أَوَءَابَآؤُنَا ٱلۡأَوَّلُونَ

Бизден мурунку өткөн ата-бабаларыбыз да кайра тирилишеби? info
التفاسير:

external-link copy
18 : 37

قُلۡ نَعَمۡ وَأَنتُمۡ دَٰخِرُونَ

Оо, Мухаммад! Аларга жооп бер: «Ооба. Силер топуракка жана чириген сөөктөргө айландан кийин кайра тирилесиңер жана силердин мурунку ата-бабаларыңар да тирилишет. Баарыңар кор болгон абалда тирилесиңер». info
التفاسير:

external-link copy
19 : 37

فَإِنَّمَا هِيَ زَجۡرَةٞ وَٰحِدَةٞ فَإِذَا هُمۡ يَنظُرُونَ

Сурнай (экинчи жолу) бир тартылганда баарысы Аллах аларга эмне кыларын күтүшүп кыяматтын коркунучтарын карап калышат. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 37

وَقَالُواْ يَٰوَيۡلَنَا هَٰذَا يَوۡمُ ٱلدِّينِ

Кайра тирилүүнү жалганга чыгарган мушриктер айтышты: «Шорубуз кургур ай! Бул күн Аллах пенделери дүйнө жашоосунда кылган иш-аракеттеринин сыйлыгын же жазасын бере турган сурак күн го!». info
التفاسير:

external-link copy
21 : 37

هَٰذَا يَوۡمُ ٱلۡفَصۡلِ ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ

Ошондо аларга айтылат: «Бул күн пенделердин ортосунда өкүм кылына турган күн. Силер аны дүйнөдө четке каккансыңар жана аны жалганга чыгаргансыңар». info
التفاسير:

external-link copy
22 : 37

۞ ٱحۡشُرُواْ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ وَأَزۡوَٰجَهُمۡ وَمَا كَانُواْ يَعۡبُدُونَ

Ошол күнү периштелерге айтылат: «Ширк кылган залым мушриктерди, аларга окшоп ширк кылгандарды, аларды жалганда колдогондорду жана ошондой эле алар Аллахтан башка сыйынышкан айкелдерин чогулткула да, аларга тозокко карай жолду көргөзгүлө жана ал жакка айдап баргыла. Чындыгында ал алардын бара турган жайы. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 37

مِن دُونِ ٱللَّهِ فَٱهۡدُوهُمۡ إِلَىٰ صِرَٰطِ ٱلۡجَحِيمِ

Ошол күнү периштелерге айтылат: «Ширк кылган залым мушриктерди, аларга окшоп ширк кылгандарды, аларды жалганда колдогондорду жана ошондой эле алар Аллахтан башка сыйынышкан айкелдерин чогулткула да, аларга тозокко карай жолду көргөзгүлө жана ал жакка айдап баргыла. Чындыгында ал алардын бара турган жайы. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 37

وَقِفُوهُمۡۖ إِنَّهُم مَّسۡـُٔولُونَ

Аларды тозокко киргизерден алдын сурак берүү үчүн кармап тургула. Алар сурак беришет. Анан ошондон кийин гана аларды тозокко алып баргыла». info
التفاسير:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• تزيين السماء الدنيا بالكواكب لمنافع؛ منها: تحصيل الزينة، والحفظ من الشيطان المارد.
Дүйнө асманын жыздыздар менен кооздоодо пайдалар бар: кооздук жана баш ийбес жин-шайтандардан коргоо. info

• إثبات الصراط؛ وهو جسر ممدود على متن جهنم يعبره أهل الجنة، وتزل به أقدام أهل النار.
Сыраттын бар экенин тастыктоо. Ал тозоктүн үстүнө узатасынан тартылган көпүрө, бейиш ээлери ал аркылуу өтүшөт, ал эми тозокко түшө тургандар тайып кулашат. info