Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qurani Kərimin müxtəsər tərfsiri - kitabının Qırğız dilinə tərcüməsi.

Səhifənin rəqəmi:close

external-link copy
16 : 30

وَأَمَّا ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا وَلِقَآيِٕ ٱلۡأٓخِرَةِ فَأُوْلَٰٓئِكَ فِي ٱلۡعَذَابِ مُحۡضَرُونَ

Ал эми Аллахка каапырлык кылгандар, пайгамбарыбызга түшкөн аяттарыбызды жалганга чыгаргандар жана кайра тирилүүнү, сурак берүүнү жалган дегендер — мына ошолор азапка алып келинет, алар анда калуучулар. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 30

فَسُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ حِينَ تُمۡسُونَ وَحِينَ تُصۡبِحُونَ

Кеч киргенде шам менен куптан намазынын убагында Аллахты аруулагыла жана таңга маал багымдат намазынын убагында Аллахты аруулагыла. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 30

وَلَهُ ٱلۡحَمۡدُ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَعَشِيّٗا وَحِينَ تُظۡهِرُونَ

Мактоолор жалгыз Аллахка гана таандык. Асмандагы периштелер Ага мактоо айтышат жана жердеги жан-жаратылыш да Ага мактоо айтышат. Кечке маал асыр намазынын убагында Аны аруулагыла. Ошондой эле бешим убагында Аны аруулагыла. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 30

يُخۡرِجُ ٱلۡحَيَّ مِنَ ٱلۡمَيِّتِ وَيُخۡرِجُ ٱلۡمَيِّتَ مِنَ ٱلۡحَيِّ وَيُحۡيِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَاۚ وَكَذَٰلِكَ تُخۡرَجُونَ

Ал бел суудан инсанды, жумурткадан жөжөнү чыгарган сыяктуу өлүктөн тирүүнү чыгарат жана инсандан бел сууну, тооктон жумуртканы чыгарган сыяктуу тирүүдөн өлүктү чыгарат. Ошондой эле жерди кургап калгандан кийин жамгыр жаадырып жана аны өндүрүп тирилтет. Жерди өндүрүп тирилткен сыяктуу силер дагы сурак берүү үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн кабырларыңардан чыгарыласыңар. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 30

وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦٓ أَنۡ خَلَقَكُم مِّن تُرَابٖ ثُمَّ إِذَآ أَنتُم بَشَرٞ تَنتَشِرُونَ

Эй, адамдар! Аллах Тааланын түпкү атаңар Адамды топурактан жаратканы, андан соң силердин тукум улап көбөйгөнүңөр, жердин батыш-чыгышына таркооңор — Анын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын даңазалаган улуу аят-белгилерден. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 30

وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦٓ أَنۡ خَلَقَ لَكُم مِّنۡ أَنفُسِكُمۡ أَزۡوَٰجٗا لِّتَسۡكُنُوٓاْ إِلَيۡهَا وَجَعَلَ بَيۡنَكُم مَّوَدَّةٗ وَرَحۡمَةًۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَتَفَكَّرُونَ

Эй, эркектер! Ошондой эле силер бейпил-тынч болууңар үчүн өз ара окшоштук себептүү өзүңөрдөн жуптарды жаратуусу жана ортоңордо сүйүү менен мээримди пайда кылуусу — Анын жалгыздыгын жана кудуреттүүлүгүн билдирген аят-белгилерден. Чындыгында бул айтылгандарда акыл жүгүрткөн коом үчүн ачык-айкын далилдер бар. Анткени алар акыл жүгүртүүдөн пайда алышат. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 30

وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦ خَلۡقُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَٱخۡتِلَٰفُ أَلۡسِنَتِكُمۡ وَأَلۡوَٰنِكُمۡۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّلۡعَٰلِمِينَ

Жана Аллах асмандар менен жерди жаратуусу, тилдердин жана түстөрдүн ар түрдүү болуусу – Анын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген улуу аят-белгилерден. Чындыгында бул айтылгандарда илим жана көрөгөч ээлери үчүн далилдер бар. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 30

وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦ مَنَامُكُم بِٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِ وَٱبۡتِغَآؤُكُم مِّن فَضۡلِهِۦٓۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَسۡمَعُونَ

Жана силер түндөсү жана күндүзү иштен чарчаганыңардан эс алууңар үчүн укташыңар – Анын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген аят-белгилерден. Ошондой эле силер ар тарапка таркап Раббиңерден ырыскы издешиңер үчүн күндүздү кылуусу да Анын аят-белгилеринен. Чындыгында бул айтылгандарда ой жүгүртүп, кабыл алуу менен уккан коом үчүн далилдер бар. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 30

وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦ يُرِيكُمُ ٱلۡبَرۡقَ خَوۡفٗا وَطَمَعٗا وَيُنَزِّلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَيُحۡيِۦ بِهِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَآۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ

Жана силерге асмандан чагылганды көргөзүүсү, силер анын соккусунан коркуу менен бирге андан жамгырды үмүт кылууңар, силерге асмандан жамгыр суусун түшүрүүсү жана жерди кургап калгандан кийин өсүмдүктөрдү өстүрүп аны тирилтүүсү – Анын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген улуу аят-белгилерден. Чындыгында бул нерселерде акыл жүгүрткөн коом үчүн ачык-айкын далилдер бар. Алар бул нерселерди өлүмдөн кийин сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн кайра тирилүүгө далил кылышат. info
التفاسير:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• إعمار العبد أوقاته بالصلاة والتسبيح علامة على حسن العاقبة.
Пенде өз убактыларын намаз окуу, Аллахты аруулоо менен өткөрүүсү – анын жакшы акыбетке жетүүсүнүн белгиси. info

• الاستدلال على البعث بتجدد الحياة، حيث يخلق الله الحي من الميت والميت من الحي.
Жашоонун кайталанып жаңылануусун кайра тирилүүгө далил кылуу. Анткени Аллах тирүүдөн өлүктү жана өлүктөн тирүүнү жаратат. info

• آيات الله في الأنفس والآفاق لا يستفيد منها إلا من يُعمِل وسائل إدراكه الحسية والمعنوية التي أنعم الله بها عليه.
Аллахтын аят-белгилери адамдын өзүндө жана ааламдарда бар. Аллахтын берген ички жана сырткы аңдап билүү каражаттарын иштеткен адам гана алардан пайда алат. info