Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qırğız dilinə tərcümə - Şəmsuddin Həkimov.

Аьaла

external-link copy
1 : 87

سَبِّحِ ٱسۡمَ رَبِّكَ ٱلۡأَعۡلَى

Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 87

ٱلَّذِي خَلَقَ فَسَوَّىٰ

Ал (бүт ааламдарды) жараткан жана тең салмактуу кылган. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 87

وَٱلَّذِي قَدَّرَ فَهَدَىٰ

Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолуна) багыттаган. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 87

وَٱلَّذِيٓ أَخۡرَجَ ٱلۡمَرۡعَىٰ

Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып, info
التفاسير:

external-link copy
5 : 87

فَجَعَلَهُۥ غُثَآءً أَحۡوَىٰ

андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 87

سَنُقۡرِئُكَ فَلَا تَنسَىٰٓ

(Оо, Мухаммад), Биз сага (Куранды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 87

إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُۚ إِنَّهُۥ يَعۡلَمُ ٱلۡجَهۡرَ وَمَا يَخۡفَىٰ

Бирок, Аллах (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында, ашкере жана купуя нерселерди билет. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 87

وَنُيَسِّرُكَ لِلۡيُسۡرَىٰ

Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз.[1] info

[1] Аяттагы “оңой жол” – бул Ислам дини. Ислам дини диндердин арасындагы эң жеңил, эң оңой дин. Аны үйрөнүү да, үйрөтүү да, аны менен жашоо да жеңил. Анын ибадаттары да жеңил.

التفاسير:

external-link copy
9 : 87

فَذَكِّرۡ إِن نَّفَعَتِ ٱلذِّكۡرَىٰ

Эми, насаат пайда берсе (адамдарга Куран менен) насаат айткын. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 87

سَيَذَّكَّرُ مَن يَخۡشَىٰ

(Насаатты) Аллахтан корккон адамдар гана эсине алышат. info
التفاسير: