Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qırğız dilinə tərcümə - Şəmsuddin Həkimov.

external-link copy
148 : 7

وَٱتَّخَذَ قَوۡمُ مُوسَىٰ مِنۢ بَعۡدِهِۦ مِنۡ حُلِيِّهِمۡ عِجۡلٗا جَسَدٗا لَّهُۥ خُوَارٌۚ أَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّهُۥ لَا يُكَلِّمُهُمۡ وَلَا يَهۡدِيهِمۡ سَبِيلًاۘ ٱتَّخَذُوهُ وَكَانُواْ ظَٰلِمِينَ

Мусанын коому ал кеткенден кийин өздөрүнүн (алтын) жасалгаларынан (Самири деген бузуку адам жасап берген жана мөөрөгөн) добуш чыгара турган музоонун сөлөкөтүн (кудай кылып) алышты. Алар анын өздөрүнө сүйлөй албасын, (туура) жолго баштай албасын билишпейби?! (Ошого карабай) аны кудай тутушуп, залым (каапыр) болуп калышты! info
التفاسير: