Көрбөйсүңбү, Аллах асмандан суу түшүрдү. Анан Биз аны менен (түсү, даамы) ар түрдүү мөмөлөрдү чыгардык. Тоолордун да ак-ала, кызыл-ала жана чым каралар(ын чыгардык).[1]
[1] Асмандан жааган жамгыр-кардын натыйжасында пайда болгон бир түрдүү сууну ичип, бир турдүү топурактан азыктанган дарактардын мөмөлөрү ар түрдүү болушу, тоо-таштардын түркүн-түстүү болушу, албетте, акыл жүргүзгөн адамга Аллахтын кудуретинен дарек.