[1] Бул аяттын маанисинен көрүнүп тургандай, амалга сооп берилишинин шарты - адамдын ыймандуу болушу экен. Ыйманы болбой туруп, ар канча адамгерчиликтүү (гумандуу) иштерди жасабасын аларга акыреттик сооп болбойт.
[1] Куранды окуп, түшүнүп, аны менен амал кылуу жашоодогу оңолуунун шарты болгону себептүү, адам баласы эми Куран окуйун десе эле, Шайтан оюна ар нерселерди келтирип, азгыра берет. Ошондуктан, Куран окуу алдынан "Аузу биллахи минаш-шайтаанир-ражийм" деп, аны айдап жибериш керек. Бул дубанын мааниси: "Аллахтын ырайымынан куулган шайтандан (анын жамандыгынан) коргоо тилеп, Аллахка сыйынамын" дегенди билдирет.
[1] Курандагы кээ бир аяттарды Аллах таала Өз илим, даанышмандыгы менен башка аяттарга (өкүмдөргө) алмаштырганда мушриктер ушул сөздү айтышкан. Чынында, Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын милдети Жебирейил периште Раббисинен алып келген аяттарды сахабаларына окуп берүүден башка эмес болчу. Кайсы аятты өзгөртүш Аллахтын Өз иши. Пенделер ага кирише да албайт. "Эмнеге?" деп сураганга да акысы жок.