[1] Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышат. Башкача айтканда өздөрүн Аллахка тапшырышат. Эмесе, алардын каршысында түгөлү менен каапыр коом турган. Алар жалгыз! Ошентсе да, Аллахтын кудуретине, жардамына ишенип Нух пайгамбар айткандай: "Ишиңерди жана шерик-кудайыңарды чогулта бергиле!" - дешти. Худ пайгамбар дагы каапырларга карап: "Бардыгың мага каршы айла-амалыңды баштай бергиле!" - деген болчу. Аллахка тобокел кылуунун мааниси - ушул.
[1] "Каапырлардын иштери" - бул алардын динге каршы аракеттери, же болбосо бул дүйнөдө жасаган "соопчулук" иштери. Биринчиси бул дүйнөдө текке кетсе, экинчисине кыпындай да сооп болбойт.