আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ

পৃষ্ঠা নং:close

external-link copy
77 : 56

إِنَّهُۥ لَقُرۡءَانٞ كَرِيمٞ

Оо, адамдар! Силерге окулуп жаткан Куран – ыйык Куран. Анткени анда көптөгөн пайдалар бар. info
التفاسير:

external-link copy
78 : 56

فِي كِتَٰبٖ مَّكۡنُونٖ

Ал адамдардын көзүнөн жашырылган китеп болгон Сакталган Тактада (Лаухуль Махфуз). info
التفاسير:

external-link copy
79 : 56

لَّا يَمَسُّهُۥٓ إِلَّا ٱلۡمُطَهَّرُونَ

Аны күнөөдөн жана айып-кемчиликтерден таза периштелер гана кармашат. info
التفاسير:

external-link copy
80 : 56

تَنزِيلٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Ал макулуктардын Раббиси тараптан пайгамбарга түшүрүлгөн. info
التفاسير:

external-link copy
81 : 56

أَفَبِهَٰذَا ٱلۡحَدِيثِ أَنتُم مُّدۡهِنُونَ

Эй, мушриктер! Силер бул сөзгө ишенбей, жалганга чыгарып жатасыңарбы? info
التفاسير:

external-link copy
82 : 56

وَتَجۡعَلُونَ رِزۡقَكُمۡ أَنَّكُمۡ تُكَذِّبُونَ

Силер Аллахтын ырыскы кылган жакшылыктарына шүгүр кылуунун ордуна Аны жалганга чыгарасыңарбы жана жамгырдын жаашын жылдызга байланыштырып: «Баланча жылдыз же түкүнчө жылдыз себептүү бизге жамгыр жаады» – дейсиңерби? info
التفاسير:

external-link copy
83 : 56

فَلَوۡلَآ إِذَا بَلَغَتِ ٱلۡحُلۡقُومَ

Жан кекиртекке жеткенде. info
التفاسير:

external-link copy
84 : 56

وَأَنتُمۡ حِينَئِذٖ تَنظُرُونَ

Ошол учурда силер алдыңардагы жаны чыгып жаткан адамды карап турасыңар. info
التفاسير:

external-link copy
85 : 56

وَنَحۡنُ أَقۡرَبُ إِلَيۡهِ مِنكُمۡ وَلَٰكِن لَّا تُبۡصِرُونَ

Биз ал өлүккө илимибиз, кудуретибиз жана периштелерибиз менен силерден да жакынбыз. Бирок силер ал периштелерди көрбөйсүңөр. info
التفاسير:

external-link copy
86 : 56

فَلَوۡلَآ إِن كُنتُمۡ غَيۡرَ مَدِينِينَ

Эгерде силер ойлогондой, кылган иш-аракеттериңердин жазасын алуу үчүн кайра тирилбегениңерде. info
التفاسير:

external-link copy
87 : 56

تَرۡجِعُونَهَآ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ

Өлүгүңөрдөн чыгып жаткан жанды кайтаргылачы, эгер чынчыл болсоңор?! Силер муну кыла албайсыңар. info
التفاسير:

external-link copy
88 : 56

فَأَمَّآ إِن كَانَ مِنَ ٱلۡمُقَرَّبِينَ

Эгерде өлүк жакшылыктарга карай алдыңкылардан болсо. info
التفاسير:

external-link copy
89 : 56

فَرَوۡحٞ وَرَيۡحَانٞ وَجَنَّتُ نَعِيمٖ

Ага мындан кийин чарчоо болбогон ырахат, таза ырыскы, ырайымдуулук болот жана ал үчүн көңүлү каалагандай ырахаттарга бата турган бейиш бар. info
التفاسير:

external-link copy
90 : 56

وَأَمَّآ إِن كَانَ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ

Эгерде өлүк оң тарап ээлеринен болсо, анда анын абалы тууралуу кам жебе. Анткени алар үчүн бейпилдик жана тынчтык бар. info
التفاسير:

external-link copy
91 : 56

فَسَلَٰمٞ لَّكَ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ

Эгерде өлүк оң тарап ээлеринен болсо, анда анын абалы тууралуу кам жебе. Анткени алар үчүн бейпилдик жана тынчтык бар. info
التفاسير:

external-link copy
92 : 56

وَأَمَّآ إِن كَانَ مِنَ ٱلۡمُكَذِّبِينَ ٱلضَّآلِّينَ

Эгерде өлүк пайгамбар алып келген нерсени жалганга чыгаргандардан, туура жолдон адашкандардан болсо, info
التفاسير:

external-link copy
93 : 56

فَنُزُلٞ مِّنۡ حَمِيمٖ

Аны тосуп алгандагы сый тамагы – өтө ысык суу болот. info
التفاسير:

external-link copy
94 : 56

وَتَصۡلِيَةُ جَحِيمٍ

Ал тозок отуна күйөт. info
التفاسير:

external-link copy
95 : 56

إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ حَقُّ ٱلۡيَقِينِ

Оо, пайгамбар! Биз сага айтып берген бул нерселер шек-күмөнсүз акыйкат. info
التفاسير:

external-link copy
96 : 56

فَسَبِّحۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلۡعَظِيمِ

Андыктан Улуу Раббиңдин ысымын улукта жана Аны айып-кемчиликтерден аруула. info
التفاسير:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• شدة سكرات الموت وعجز الإنسان عن دفعها.
Өлүм алдындагы жан алекетке түшүүнүн оордугу жана адамдын андан кутула албастыгы. info

• الأصل أن البشر لا يرون الملائكة إلا إن أراد الله لحكمة.
Негизинде адамзат периштелерди көрбөйт. Бирок Аллах кандайдыр бир даанышмандыкты кааласа көрөт. info

• أسماء الله (الأول، الآخر، الظاهر، الباطن) تقتضي تعظيم الله ومراقبته في الأعمال الظاهرة والباطنة.
Аллахтын «Абалкы», «Акыркы», «Жогорку», «Жакын» деген ысымдары Аллахты улуктоону, сырткы жана ички иш-аракеттерди көзөмөлдөөнү талап кылат. info