আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ

পৃষ্ঠা নং:close

external-link copy
51 : 56

ثُمَّ إِنَّكُمۡ أَيُّهَا ٱلضَّآلُّونَ ٱلۡمُكَذِّبُونَ

Кийин, эй, кайра тирилүүгө ишенбеген, туура жолдон адашкандар, Кыямат күнү жаман, жагымсыз мөмөлүү "Заккум" дарагынын мөмөсүн жейсиңер. info
التفاسير:

external-link copy
52 : 56

لَأٓكِلُونَ مِن شَجَرٖ مِّن زَقُّومٖ

Кийин, эй, кайра тирилүүгө ишенбеген, туура жолдон адашкандар, Кыямат күнү жаман, жагымсыз мөмөлүү "Заккум" дарагынын мөмөсүн жейсиңер. info
التفاسير:

external-link copy
53 : 56

فَمَالِـُٔونَ مِنۡهَا ٱلۡبُطُونَ

Ач курсагыңарды ошол ачуу дарак менен толтурасыңар. info
التفاسير:

external-link copy
54 : 56

فَشَٰرِبُونَ عَلَيۡهِ مِنَ ٱلۡحَمِيمِ

Анын артынан кайнаган ысык суу ичесиңер. info
التفاسير:

external-link copy
55 : 56

فَشَٰرِبُونَ شُرۡبَ ٱلۡهِيمِ

Төө акактап ооруган себептүү сууну көп ичкендей, силер дагы аны көп ичесиңер». info
التفاسير:

external-link copy
56 : 56

هَٰذَا نُزُلُهُمۡ يَوۡمَ ٱلدِّينِ

Бул айтылган ачуу тамак жана ысык суу – аларды жаза күнү тосуп алганда көрсөтүлүүчү сый-урмат. info
التفاسير:

external-link copy
57 : 56

نَحۡنُ خَلَقۡنَٰكُمۡ فَلَوۡلَا تُصَدِّقُونَ

Эй, жалганчылар! Биз силерди жоктон жараттык. Эми силерди өлгөнүңөрдөн кийин кайра тирилтебиз дегенге эмнеге ишенбей жатасыңар? info
التفاسير:

external-link copy
58 : 56

أَفَرَءَيۡتُم مَّا تُمۡنُونَ

Оо, адамдар! Силер аялдарыңардын жатынына таштаган уруктукту көрбөйсүңөрбү? info
التفاسير:

external-link copy
59 : 56

ءَأَنتُمۡ تَخۡلُقُونَهُۥٓ أَمۡ نَحۡنُ ٱلۡخَٰلِقُونَ

Ал уруктукту силер жаратасыңарбы же Биз жаратабызбы? info
التفاسير:

external-link copy
60 : 56

نَحۡنُ قَدَّرۡنَا بَيۡنَكُمُ ٱلۡمَوۡتَ وَمَا نَحۡنُ بِمَسۡبُوقِينَ

Биз силердин араңарда өлүмдү белгилеп койгонбуз. Ар бириңердин ажалыңар бар, ал алдыга да, артка да жылдырылбайт. Биз алсыз эмеспиз. info
التفاسير:

external-link copy
61 : 56

عَلَىٰٓ أَن نُّبَدِّلَ أَمۡثَٰلَكُمۡ وَنُنشِئَكُمۡ فِي مَا لَا تَعۡلَمُونَ

Биз силерди өзүңөргө белгилүү болгондой жаратылышыңарды жана келбетиңерди өзгөртүп, силерди өзүңөр билбегендей жаратылышта жана келбетте жаратабыз. info
التفاسير:

external-link copy
62 : 56

وَلَقَدۡ عَلِمۡتُمُ ٱلنَّشۡأَةَ ٱلۡأُولَىٰ فَلَوۡلَا تَذَكَّرُونَ

Биз силерди абалкы жолу жаратканыбызды билдиңер. Силерди абалкы жолу жараткан Аллах, силерди өлгөндөн кийин кайрадан тирилтүүгө кудуреттүү экендигин ойлонбойсуңарбы жана билбейсиңерби? info
التفاسير:

external-link copy
63 : 56

أَفَرَءَيۡتُم مَّا تَحۡرُثُونَ

Силер жерге сепкен үрөөндү көрбөйсүңөрбү? info
التفاسير:

external-link copy
64 : 56

ءَأَنتُمۡ تَزۡرَعُونَهُۥٓ أَمۡ نَحۡنُ ٱلزَّٰرِعُونَ

Ал үрөөндү силер өстүрөсүңөрбү же Биз өстүрөбүзбү? info
التفاسير:

external-link copy
65 : 56

لَوۡ نَشَآءُ لَجَعَلۡنَٰهُ حُطَٰمٗا فَظَلۡتُمۡ تَفَكَّهُونَ

Эгерде Биз ал үрөөндү тыпынга айлантууну кааласак, анда аны бышайын деп калганда тыпынга айлантып коймокпуз. Ошондон кийин силер анын эмне болгонуна таң калмаксыңар. info
التفاسير:

external-link copy
66 : 56

إِنَّا لَمُغۡرَمُونَ

Силер айтасыңар: «Биз сарптаган нерсебизден зыянга учурап азап тарттык. info
التفاسير:

external-link copy
67 : 56

بَلۡ نَحۡنُ مَحۡرُومُونَ

Атүгүл ырыскыдан да куру калдык». info
التفاسير:

external-link copy
68 : 56

أَفَرَءَيۡتُمُ ٱلۡمَآءَ ٱلَّذِي تَشۡرَبُونَ

Силер суусаганда ичкен сууну көрбөйсүңөрбү? info
التفاسير:

external-link copy
69 : 56

ءَأَنتُمۡ أَنزَلۡتُمُوهُ مِنَ ٱلۡمُزۡنِ أَمۡ نَحۡنُ ٱلۡمُنزِلُونَ

Силер аны асмандагы булуттардан түшүрөсүңөрбү же Биз түшүрөбүзбү? info
التفاسير:

external-link copy
70 : 56

لَوۡ نَشَآءُ جَعَلۡنَٰهُ أُجَاجٗا فَلَوۡلَا تَشۡكُرُونَ

Эгерде Биз ал сууну ичкенге жана сугарганга жарабай тургандай өтө туздуу кылууну каалаганыбызда, анда Биз аны өтө туздуу кылып коймокпуз. Силерге ырайым кылып таза сууну түшүргөн Аллахка шүгүр кылбайсыңарбы? info
التفاسير:

external-link copy
71 : 56

أَفَرَءَيۡتُمُ ٱلنَّارَ ٱلَّتِي تُورُونَ

Силер пайдалануу үчүн жагып жаткан отту көрбөйсүңөрбү? info
التفاسير:

external-link copy
72 : 56

ءَأَنتُمۡ أَنشَأۡتُمۡ شَجَرَتَهَآ أَمۡ نَحۡنُ ٱلۡمُنشِـُٔونَ

Отту тутанткан даракты силер жараттыңарбы же аны силерге ырайым кылып Биз жараттыкпы? info
التفاسير:

external-link copy
73 : 56

نَحۡنُ جَعَلۡنَٰهَا تَذۡكِرَةٗ وَمَتَٰعٗا لِّلۡمُقۡوِينَ

Биз бул отту силерге акырет отун эстетүү үчүн жана силердеги мусапырлар пайдаланыш үчүн кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
74 : 56

فَسَبِّحۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلۡعَظِيمِ

Оо, пайгамбар! Улуу Раббиңди Ага ылайык келбеген нерселерден аруула! info
التفاسير:

external-link copy
75 : 56

۞ فَلَآ أُقۡسِمُ بِمَوَٰقِعِ ٱلنُّجُومِ

Аллах жылдыздардын жайгашкан орундары менен ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
76 : 56

وَإِنَّهُۥ لَقَسَمٞ لَّوۡ تَعۡلَمُونَ عَظِيمٌ

Эгер билсеңер, бул орундар менен ант берүү өтө улук. Анткени анда эсепсиз аят-белгилер жана үлгү-насааттар бар. info
التفاسير:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• دلالة الخلق الأول على سهولة البعث ظاهرة.
Абалкы жаратуунун кайра тирилүүгө карата далил болушу ачык-айкын. info

• إنزال الماء وإنبات الأرض والنار التي ينتفع بها الناس نعم تقتضي من الناس شكرها لله، فالله قادر على سلبها متى شاء.
Суунун түшүүсү, жерде өсүмдүктөрдүн өсүүсү жана адамдар пайдаланган от – алардан Аллахка шүгүр кылууну талап кылган жакшылыктардан. Аллах аны каалаган убакта алып коюуга кудуреттүү. info

• الاعتقاد بأن للكواكب أثرًا في نزول المطر كُفْرٌ، وهو من عادات الجاهلية.
Жамгырдын жаашына жылдыздар таасир берет дегендей ишенимде болуу каапырлык жана ал караңгы доордун адаттарынан. info