আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ

Вакиъа

ছুৰাৰ উদ্দেশ্য:
بيان أحوال العباد يوم المعاد.
Кыямат күндөгү пенделердин абалы баяндалган info

external-link copy
1 : 56

إِذَا وَقَعَتِ ٱلۡوَاقِعَةُ

Кыямат анык келген кезде. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 56

لَيۡسَ لِوَقۡعَتِهَا كَاذِبَةٌ

Аны дүйнөдө жалганга чыгарган сыяктуу жалганга чыгара тургандай эч бир жан болбойт. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 56

خَافِضَةٞ رَّافِعَةٌ

Ал бузуку каапырларды тозокко киргизип басынтат, такыба ыймандууларды бейишке киргизип көтөрөт. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 56

إِذَا رُجَّتِ ٱلۡأَرۡضُ رَجّٗا

Жер катуу титиреген кезде. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 56

وَبُسَّتِ ٱلۡجِبَالُ بَسّٗا

Тоолор бытырап талкаланат. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 56

فَكَانَتۡ هَبَآءٗ مُّنۢبَثّٗا

Алар талкалангандан улам бырыксып жайылган чаңга айланат. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 56

وَكُنتُمۡ أَزۡوَٰجٗا ثَلَٰثَةٗ

Силер ал күндө үч топко бөлүнөсүңөр. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 56

فَأَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ

Амал китептерин оң тараптан алган оң тарап ээлери. Алардын даражасы кандай бийик жана улук! info
التفاسير:

external-link copy
9 : 56

وَأَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ

Амал китептерин сол тараптан алган сол тарап ээлери. Алардын даражасы кандай жаман жана төмөн! info
التفاسير:

external-link copy
10 : 56

وَٱلسَّٰبِقُونَ ٱلسَّٰبِقُونَ

Дүйнөдө жакшылыктарды кылууда алдыңкы болгондор, алар акыретте да бейишке кирүүдө алдыңкы болушат. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 56

أُوْلَٰٓئِكَ ٱلۡمُقَرَّبُونَ

Алар Аллахка жакын адамдар. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 56

فِي جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ

Алар жыргалчылык бейиштеринде түрдүү жылгалчылыктар менен ырахаттанышат. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 56

ثُلَّةٞ مِّنَ ٱلۡأَوَّلِينَ

Алар бул үммөттөн жана мурунку коомдордон болгон жамааттар. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 56

وَقَلِيلٞ مِّنَ ٱلۡأٓخِرِينَ

Алардын азыраагы акыр заман адамдары. Алар алдыңкы Аллахка жакын адамдар. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 56

عَلَىٰ سُرُرٖ مَّوۡضُونَةٖ

Алар алтын менен токулган сөрүлөрдө. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 56

مُّتَّكِـِٔينَ عَلَيۡهَا مُتَقَٰبِلِينَ

Алар ошол сөрүлөргө жөлөнүп, бири-бирине артын салбастан, бет маңдай олтурушат. info
التفاسير:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• دوام تذكر نعم الله وآياته سبحانه موجب لتعظيم الله وحسن طاعته.
Аллахтын жакшылыктарын жана аят-белгилерин дайым эстеп туруу – Аллахты улуктоого жана Ага жакшы деңгээлде моюн сунууга себеп болот. info

• انقطاع تكذيب الكفار بمعاينة مشاهد القيامة.
Кыяматтагы абалдарды көрүү менен каапырлардын жалганга чыгаруусу токтойт. info

• تفاوت درجات أهل الجنة بتفاوت أعمالهم.
Бейиш адамдарынын даражасындагы айырмачылык, алардын иш-аракетиндеги айырмачылыктарына жараша болот. info