Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын ээрчигендер! Сөз же иш-аракет менен Аллах жана Анын элчисинен озбогула жана Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула. Чындыгында Аллах силердин сөздөрүңөрдү Угуучу, иш-аракеттериңерди Билүүчү. Ал алардын эч бирин өткөрүп жибербейт. Жакында алардын сыйлыгын же жазасын берет.
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын ээрчигендер! Анын элчиси менен болгон мамиледе адепти кармангыла. Ага кайрылганда үнүңөрдү анын үнүнөн бийик көтөрбөгүлө жана бири-бириңерди чакыргандай аны атынан атап чакырбагыла. Бул себептүү иш-аракетиңердин сообу силер билбеген абалда күйүп кетпеш үчүн аны сылыктык менен пайгамбар же элчи деп чакыргыла.
Чындыгында Аллах Анын элчисинин алдында үнүн жай чыгаргандардын жүрөгүндөгү такыбалыкты жана ыкластуулукту сынады. Мына ошолордун күнөөлөрүнө жазасыз кечирим жана кыяматта Аллах аларды бейишке киргизген улуу сооптор бар.