அல்குர்ஆன் மொழிபெயர்ப்பு - அல்முக்தஸர் பீ தப்ஸீரில் குர்ஆனில் கரீமுக்கான கிர்கிஸ் மொழிபெயர்ப்பு

Хужурат

சூராவின் இலக்குகளில் சில:
معالجة اللسان وبيان أثره على إيمان الفرد وأخلاق المجتمع.
Тилди даарылоо жана анын жеке адамдын ыйманына жана коомчулуктун ахлагына тийгизген таасирин баяндоо. info

external-link copy
1 : 49

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تُقَدِّمُواْ بَيۡنَ يَدَيِ ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦۖ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٞ

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын ээрчигендер! Сөз же иш-аракет менен Аллах жана Анын элчисинен озбогула жана Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула. Чындыгында Аллах силердин сөздөрүңөрдү Угуучу, иш-аракеттериңерди Билүүчү. Ал алардын эч бирин өткөрүп жибербейт. Жакында алардын сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 49

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَرۡفَعُوٓاْ أَصۡوَٰتَكُمۡ فَوۡقَ صَوۡتِ ٱلنَّبِيِّ وَلَا تَجۡهَرُواْ لَهُۥ بِٱلۡقَوۡلِ كَجَهۡرِ بَعۡضِكُمۡ لِبَعۡضٍ أَن تَحۡبَطَ أَعۡمَٰلُكُمۡ وَأَنتُمۡ لَا تَشۡعُرُونَ

Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын ээрчигендер! Анын элчиси менен болгон мамиледе адепти кармангыла. Ага кайрылганда үнүңөрдү анын үнүнөн бийик көтөрбөгүлө жана бири-бириңерди чакыргандай аны атынан атап чакырбагыла. Бул себептүү иш-аракетиңердин сообу силер билбеген абалда күйүп кетпеш үчүн аны сылыктык менен пайгамбар же элчи деп чакыргыла. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 49

إِنَّ ٱلَّذِينَ يَغُضُّونَ أَصۡوَٰتَهُمۡ عِندَ رَسُولِ ٱللَّهِ أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ ٱمۡتَحَنَ ٱللَّهُ قُلُوبَهُمۡ لِلتَّقۡوَىٰۚ لَهُم مَّغۡفِرَةٞ وَأَجۡرٌ عَظِيمٌ

Чындыгында Аллах Анын элчисинин алдында үнүн жай чыгаргандардын жүрөгүндөгү такыбалыкты жана ыкластуулукту сынады. Мына ошолордун күнөөлөрүнө жазасыз кечирим жана кыяматта Аллах аларды бейишке киргизген улуу сооптор бар. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 49

إِنَّ ٱلَّذِينَ يُنَادُونَكَ مِن وَرَآءِ ٱلۡحُجُرَٰتِ أَكۡثَرُهُمۡ لَا يَعۡقِلُونَ

Оо, пайгамбар! Сага аялдарыңдын бөлмөлөрүнүн сыртынан сени чакырып кыйкырган арабдардын көпчүлүгү акыл жүгүртүшпөйт. info
التفاسير:
இப்பக்கத்தின் வசனங்களிலுள்ள பயன்கள்:
• تشرع الرحمة مع المؤمن، والشدة مع الكافر المحارب.
Шарият боюнча ыймандууларга мээримдүү, согушчан каапырларга катаал болуу керек. info

• التماسك والتعاون من أخلاق أصحابه صلى الله عليه وسلم.
Биримдүү болуу жана өз ара жардам берүү сахабалардын сыпаттарынан. info

• من يجد في قلبه كرهًا للصحابة الكرام يُخْشى عليه من الكفر.
Жүрөгүндө улуу сахабаларга карата жек көрүү сезими болгон адамдын каапыр болуу коркунучу бар. info

• وجوب التأدب مع رسول الله صلى الله عليه وسلم، ومع سُنَّته، ومع ورثته (العلماء).
Пайгамбар, анын сүннөтү жана мураскорлору болгон аалымдар менен адептүүлүктү кармануунун милдеттүүлүгү. info