Пайгамбардын буйругун аткарып, тыйганынан тыйылып ага баш ийсе; демек ал Аллахка баш ийген болот. Ал эми, эй, элчи, ким сага баш ийбесе, сен ага кайгырба, Биз сени анын ар бир ишин көзөмөлдөөчү кароол кылып жиберген эмеспиз, Биз анын ишин эсептеп, эсеп-кысап кылабыз.
Эки жүздүүлөр сага тили менен: сага баш ийебиз жана айтканыңды кылабыз дешет. Сенден чыккандан кийин алардын бир жамааты сага айтканынан жашыруун кайтып кетет. Аллах алардын өзгөргөнүн жакшы билет жана ушул куулуктары себептүү аларды жакында жазалайт. Сен аларга караба; алар сага эч зыянын тийгизе албайт. Ишиңде Аллахка гана тапшырып Ага таян, сага таяныч болууга Аллах Таала жетиштүү (Өкүл).
Алар эмне үчүн Куранда бир да карама-каршылык же талаш жок экенине ой жүгүртүшпөйт?! Ошондо сен алып келген нерсенин чындыгына ишенишмек. Эгер Куран Аллахтан башканын сөзү болсо, анын өкүмдөрүндө бир канча талаштарды, маанисинде карама-каршылыктарды табышмак.
Ал эки жүздүүлөргө мусулмандардын амандыгы, кубанычы же тескерисинче, коркунучу, кайгысы тууралуу кабар угулса, аны дароо жайып, таратып жиберишет. Эгер антпестен, кабарды Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) же илимдүү, акылдуу, кеңеш берүүчү адамдарына айтып барышса, алар бул кабарды жаюу же жашырып коюу тууралуу жакшы билмек. Оо, ыймандуулар, эгер силерге Аллах пазилети менен Исламга киргизип, ырайым кылып Куран түшүрүп, эки жүздүүлөрдү сынаган сыяктуу сыноодон куткарбаганда, силердин да көбүңөр шайтандын азгырыгын ээрчип кетмексиңер.
Оо, элчи, Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн согуш, башкалардан суралбайсың жана бул зарыл эмес. Сен өзүңдү гана согушка буйру. Ыймандууларды ага шыктандыр жана кызыктыр. Силердин согушууңар себептүү, Аллах Таала каапырлардын күч-кубатын алып коюусу мүмкүн, Аллах Таала өтө кубаттуу жана Анын азыбы да катуу
Ким башкаларга жакшылык алып келүүгө аракет кылса, ага ошол жакшылыгынан сооп берилет. Ким башкаларга жамандык алып келүүгө тырышса, ага ошол жамандыгынан кунөө берилет. Аллах Таала пенденин ар бир кылган ишине күбө, кийин ошол ишине жараша жазалайт же сыйлайт. Силердин кимиңер жакшылыкка себепкер болсо, ага ошондон үлүш берилет. Ал эми ким жамандыкка себепкер болсо, ага ошондон берилет
Эгер силерге бирөө салам айтса, анын саламынан ашыкчараак кылып, же саламынын өзүндөй жооп кайтарып алик алгыла. Анын саламынан ашыкча жооп берүү жакшы. Аллах Таала чынында силердин кылган ишиңерди сактоочу, кийин ар бириңди ошол ишиңерге жараша сыйлайт же жазалайт
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• تدبر القرآن الكريم يورث اليقين بأنه تنزيل من الله؛ لسلامته من الاضطراب، ويظهر عظيم ما تضمنه من الأحكام.
Касиеттүү Куранга ой жүгүртүү анын чындап Аллахтын сөзү экенине ишенимди чыңдайт, анткени ал катадан таза жана камтыган өкүмдөрү даана
• لا يجوز نشر الأخبار التي تنشأ عنها زعزعة أمن المؤمنين، أو دبُّ الرعب بين صفوفهم.
Момундардын тынчтыгын буза турган, алардын катарына коркунуч киргизе турган кабарларды жайылтууга болбойт.
• التحدث بقضايا المسلمين والشؤون العامة المتصلة بهم يجب أن يصدر من أهل العلم وأولي الأمر منهم.
Мусулмандардын көйгөйлөрү, аларга байланыштуу маанилүү иштер тууралуу сөздөр, алардын илимдүү жана башчы чоңдорунун ортосунда гана болууга тийиш
• مشروعية الشفاعة الحسنة التي لا إثم فيها ولا اعتداء على حقوق الناس، وتحريم كل شفاعة فيها إثم أو اعتداء.
Адамдардын акысына тиешеси жок, күнөөсүз жакшылыктар ээсин колдоп, шапаат кылары, ал эми күнөө же адам акысы аралашкан иштин ээси колдоодон куру калары шариятта айтылган