ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم

رقم الصفحة:close

external-link copy
75 : 4

وَمَا لَكُمۡ لَا تُقَٰتِلُونَ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱلۡمُسۡتَضۡعَفِينَ مِنَ ٱلرِّجَالِ وَٱلنِّسَآءِ وَٱلۡوِلۡدَٰنِ ٱلَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَآ أَخۡرِجۡنَا مِنۡ هَٰذِهِ ٱلۡقَرۡيَةِ ٱلظَّالِمِ أَهۡلُهَا وَٱجۡعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ وَلِيّٗا وَٱجۡعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ نَصِيرًا

Оо, момундар, Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн жана Аллахка кайрылып: О, Жаратуучубуз, бизди тургундары Аллахка ширк кылуу жана пенделерге душмандык кылуу менен залым кылып жаткан Меккеден чыгар, бизге Өзүңдөн бизди сактап, жардам берип калакалап ала турган дос-жардамчы жибер деп дуба кылган алсыз аял-эркек, жаш балдардын азаттыгы үчүн казатка чыгуудан силерди эмне тыйып жатат? info
التفاسير:

external-link copy
76 : 4

ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ يُقَٰتِلُونَ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِۖ وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يُقَٰتِلُونَ فِي سَبِيلِ ٱلطَّٰغُوتِ فَقَٰتِلُوٓاْ أَوۡلِيَآءَ ٱلشَّيۡطَٰنِۖ إِنَّ كَيۡدَ ٱلشَّيۡطَٰنِ كَانَ ضَعِيفًا

Чыныгы ыарймандуулар Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн согушат, каапырлар болсо, өздөрүнүн "кудайларынын" жолунда согушат. Шайтандын жардамчыларына каршы согушкула, эгер согушсаңар аларга үстөмдүк кыласыңар; анткени шайтандын айла-амалы алсыз, ал Аллахка тобокел кылгандарга зыянын тийгизе албайт info
التفاسير:

external-link copy
77 : 4

أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ قِيلَ لَهُمۡ كُفُّوٓاْ أَيۡدِيَكُمۡ وَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُواْ ٱلزَّكَوٰةَ فَلَمَّا كُتِبَ عَلَيۡهِمُ ٱلۡقِتَالُ إِذَا فَرِيقٞ مِّنۡهُمۡ يَخۡشَوۡنَ ٱلنَّاسَ كَخَشۡيَةِ ٱللَّهِ أَوۡ أَشَدَّ خَشۡيَةٗۚ وَقَالُواْ رَبَّنَا لِمَ كَتَبۡتَ عَلَيۡنَا ٱلۡقِتَالَ لَوۡلَآ أَخَّرۡتَنَآ إِلَىٰٓ أَجَلٖ قَرِيبٖۗ قُلۡ مَتَٰعُ ٱلدُّنۡيَا قَلِيلٞ وَٱلۡأٓخِرَةُ خَيۡرٞ لِّمَنِ ٱتَّقَىٰ وَلَا تُظۡلَمُونَ فَتِيلًا

Оо, элчи, аларга жихад парз болсо деп сурап жүргөн кээ бир сахаба-жолдошторуңду билесиңби? Аларга: согушка кол сунбай тура тургула, намаз окуп, зекет берип жүрө бергиле деп айтылган болчу, (бул учурда жихад парз боло элек эле). Кийин алар Мадинага көчүп барып, Ислам күч алганда жихад парз кылынды. Бул алардын кээсине оор сезилди. Адамдардан Аллахтан корккондон да катуу коркуп: Оо, Жаратуучубуз, бизге эмне үчүн жихадды парз кылдың? Биз дүйнө ырахатын татып алганча бир аз кечиктирип турсаң жакшы болмок дешти. Эй, элчи, аларга: дүйнө ырахаты канчалык көп болбосун баары бир жок боло турган аз нерсе, ал эми акырет түгөнгүс жакшылыктарга ээ болуу үчүн Аллахка такыбалык кылган адамдарга жакшы жай, анда силердин жакшы иштериңерден курма данегинин чел кабыгындай да кемитилбейт. info
التفاسير:

external-link copy
78 : 4

أَيۡنَمَا تَكُونُواْ يُدۡرِككُّمُ ٱلۡمَوۡتُ وَلَوۡ كُنتُمۡ فِي بُرُوجٖ مُّشَيَّدَةٖۗ وَإِن تُصِبۡهُمۡ حَسَنَةٞ يَقُولُواْ هَٰذِهِۦ مِنۡ عِندِ ٱللَّهِۖ وَإِن تُصِبۡهُمۡ سَيِّئَةٞ يَقُولُواْ هَٰذِهِۦ مِنۡ عِندِكَۚ قُلۡ كُلّٞ مِّنۡ عِندِ ٱللَّهِۖ فَمَالِ هَٰٓؤُلَآءِ ٱلۡقَوۡمِ لَا يَكَادُونَ يَفۡقَهُونَ حَدِيثٗا

Эгер ажалыңар жетсе, кайсы жерде болсоңор да, согуш талаасынан алыстагы бекем курулган ак сарайыңардын ичинде болсо да өлүм келет. Тиги каапырлар бала-чакасы, ырыскысы мол болуп калса: бул Аллахтын бергени дешет. А эгер бала-чакасында же ырыскысында тарчылык болуп, кыйынчылыкка кабылса, муну дароо пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) шылтап ырымдап: бул жамандык сенин айыңдан болду дешет. Эй, элчи, алардын сөзүн кайтарып: бардык жакшылык жана жамандык Аллахтын өлчөм, тагдыры менен болот деп айт. Мына ушундай сөздөр айтылса да ага түшүнбөгөн бул адамдарга эмне болгон?! info
التفاسير:

external-link copy
79 : 4

مَّآ أَصَابَكَ مِنۡ حَسَنَةٖ فَمِنَ ٱللَّهِۖ وَمَآ أَصَابَكَ مِن سَيِّئَةٖ فَمِن نَّفۡسِكَۚ وَأَرۡسَلۡنَٰكَ لِلنَّاسِ رَسُولٗاۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ شَهِيدٗا

Оо, Адам баласы, сени кубандыра турган бала-чака, ырыскы ж.б. көп болуусу бул Аллахтан, муну сага Аллах артыкча кылды. Ал эми сени кайгырта турган бала-чака, ырыскы ж.б. нерседеги жамандыктар сенин өзүңдөн, сенин күнөөгө кириптер болгондугуңдан. Эй, пайгамбар, биз сени бардык адам баласына Аллахтын элчиси кылып, Жаратуучуңдун динин жеткирүү үчүн жибергенбиз. Сага берген далилдер менен динди жеткиргениңеАллах Өзү жетиштүү күбө. info
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• وجوب القتال لإعلاء كلمة الله ونصرة المستضعفين، وذم الخوف والجبن والاعتراض على أحكام الله.
Алсыздарга жардам берүү жана Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн жихад милдет. Коркоктук, алсыздык жана Аллахтын өкүмдөрүнөн баш тартуу жаман иш info

• الدار الآخرة خير من الدنيا وما فيها من متاع وشهوات لمن اتقى الله تعالى وعمل بطاعته.
Акырет жашоосу дүйнө жашоосунан артык, анда Аллахка такыбалык кылып, таат-ибадат кылганда үчүн түгөнгүс ырахат, жыргал бар info

• الخير والشر كله بقدر الله، وقد يبتلي الله عباده ببعض السوء في الدنيا لأسباب، منها: ذنوبهم ومعاصيهم.
Жакшылык да, жамандык да, баары Аллахтын тагдыры менен болот. Аллах Таала пенделерин кээ бир жамандыктар менен сынайт, бул да анын күнөө, каталары себептүү болот. info