Зулкарнайн айтты: «Бул тосмо – Раббимдин ырайымдуулугу. Ал Яжуж-Мажуж менен жер бетинде бузукулук кылуунун ортосун тосуп турат, аларга бузулук кылууга жол бербейт. Кыямат кайымдын алдында Аллах аларды чыгара турган убактысы келгенде аны жер менен бирдей кылып тегиздеп коёт. Яжуж-Мажуждун чыгуусу жөнүндө тосмонун жер менен бирдей кылып тегиздөөсүнө берген Аллахтын убадасы сөзсүз аткарылары анык».
Акыр заманда Биз кээ бир адамдарды бири-бирине аралаштырып, башаламан таштап коёбуз жана сурнай-керней тартылганда сурак алыш үчүн, сыйлык-жазаларын бериш үчүн жаратылган нерселердин баарын чогултабыз.
Биз тозокту бул дүйнөдө Аллахтын эскертмесине көздөрү көр болгон каапырларга көрсөтөбүз. Анткени алардын көздөрүндө ал эскертмелерден тоскон тосмо болгон. Ошондуктан алар Аллахтын аяттарын кабыл алуу менен уга алышпайт.
Аллахка каапырлык кылгандар Менден башка периштелерден, пайгамбарлардан жана шайтандардан болгон кулдарымды кудай кылайын деп ойлоп жатышабы?! Чындыгында Биз каапырларга тозокту турак-жай кылып даярдап койдук.
Алар бул дүйнөдө кылган аракеттери кыямат күнү жокко чыкканын көрүшөт. Бирок алар жакшы аракеттерди кылып жатабыз, келечекте бул иш-аракеттерибиздин пайдасын көрөбүз деп ойлошкон. Аныгында анын тескериси болду.
Алар Раббисинин жалгыздыгын билдирген аяттарга, Ага жолугууга каапыр болушкандар. Алар каапырлык кылышканы себептүү кылган иш-аракеттери күйүп кетти. Кыяматта Аллахтын алдында алардын эч кандай кадыры болбойт.
Оо, пайгамбар! Айткын: «Чындыгында Раббимдин сөздөрү чексиз көп. Эгерде аны жазууда деңиз сыя катары колдонулса, анда Аллахтын сөздөрдү түгөнгүчө эле деңиздин суусу түгөнүп калмак. Эгер башка деңиздерди да алып келсек, алар дагы түгөнмөк».
Оо, пайгамбар! Айткын: «Мен силер сыяктуу эле адаммын. Мага “чыныгы кудайыңар жалгыз Кудай. Анын шериги жок. Ал – Аллах” деп вахий түштү. Кимде-ким Раббисине жолугуудан корксо, анда Анын шариятына ылайык иш-аракет кылсын, аны Аллах үчүн чын ыкластан аткарсын жана сыйынууда Ага эч кимди шерик кылбасын».
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• إثبات البعث والحشر بجمع الجن والإنس في ساحات القيامة بالنفخة الثانية في الصور.
Экинчи жолу сур кернейи тартылганда кайра тирилүү болорун жана кыямат майданында жиндер менен адамдар чогултуларын тастыктоо.
• أن أشد الناس خسارة يوم القيامة هم الذين ضل سعيهم في الدنيا، وهم يظنون أنهم يحسنون صنعًا في عبادة من سوى الله.
Кыямат күнү эң чоң жоготууга учураган адамдар – бул дүйнөдө адашып жүргөндөр. Бирок алар Аллахтан башкага сыйынып жакшы иштерди кылып жүрөбүз деп ойлошот.
• لا يمكن حصر كلمات الله تعالى وعلمه وحكمته وأسراره، ولو كانت البحار والمحيطات وأمثالها دون تحديد حبرًا يكتب به.
Аллах тааланын сөздөрүн, илимин, даанышмандуулугун жана сырларын санаш мүмкүн эмес, жада калса деңиздер, океандар жана башка эмне болбосун, аларды жазуу үчүн сыя катары колдонулса дагы.