Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan

Nomor Halaman:close

external-link copy
98 : 18

قَالَ هَٰذَا رَحۡمَةٞ مِّن رَّبِّيۖ فَإِذَا جَآءَ وَعۡدُ رَبِّي جَعَلَهُۥ دَكَّآءَۖ وَكَانَ وَعۡدُ رَبِّي حَقّٗا

Зулкарнайн айтты: «Бул тосмо – Раббимдин ырайымдуулугу. Ал Яжуж-Мажуж менен жер бетинде бузукулук кылуунун ортосун тосуп турат, аларга бузулук кылууга жол бербейт. Кыямат кайымдын алдында Аллах аларды чыгара турган убактысы келгенде аны жер менен бирдей кылып тегиздеп коёт. Яжуж-Мажуждун чыгуусу жөнүндө тосмонун жер менен бирдей кылып тегиздөөсүнө берген Аллахтын убадасы сөзсүз аткарылары анык». info
التفاسير:

external-link copy
99 : 18

۞ وَتَرَكۡنَا بَعۡضَهُمۡ يَوۡمَئِذٖ يَمُوجُ فِي بَعۡضٖۖ وَنُفِخَ فِي ٱلصُّورِ فَجَمَعۡنَٰهُمۡ جَمۡعٗا

Акыр заманда Биз кээ бир адамдарды бири-бирине аралаштырып, башаламан таштап коёбуз жана сурнай-керней тартылганда сурак алыш үчүн, сыйлык-жазаларын бериш үчүн жаратылган нерселердин баарын чогултабыз. info
التفاسير:

external-link copy
100 : 18

وَعَرَضۡنَا جَهَنَّمَ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡكَٰفِرِينَ عَرۡضًا

Биз каапырларга өз көзү менен тозокту ачык көрсөтөбүз. info
التفاسير:

external-link copy
101 : 18

ٱلَّذِينَ كَانَتۡ أَعۡيُنُهُمۡ فِي غِطَآءٍ عَن ذِكۡرِي وَكَانُواْ لَا يَسۡتَطِيعُونَ سَمۡعًا

Биз тозокту бул дүйнөдө Аллахтын эскертмесине көздөрү көр болгон каапырларга көрсөтөбүз. Анткени алардын көздөрүндө ал эскертмелерден тоскон тосмо болгон. Ошондуктан алар Аллахтын аяттарын кабыл алуу менен уга алышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
102 : 18

أَفَحَسِبَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَن يَتَّخِذُواْ عِبَادِي مِن دُونِيٓ أَوۡلِيَآءَۚ إِنَّآ أَعۡتَدۡنَا جَهَنَّمَ لِلۡكَٰفِرِينَ نُزُلٗا

Аллахка каапырлык кылгандар Менден башка периштелерден, пайгамбарлардан жана шайтандардан болгон кулдарымды кудай кылайын деп ойлоп жатышабы?! Чындыгында Биз каапырларга тозокту турак-жай кылып даярдап койдук. info
التفاسير:

external-link copy
103 : 18

قُلۡ هَلۡ نُنَبِّئُكُم بِٱلۡأَخۡسَرِينَ أَعۡمَٰلًا

Оо, пайгамбар! Айткын: «Оо, адамдар! Иштеринде эң чоң зыян тарткан адамдар тууралуу айтайынбы?». info
التفاسير:

external-link copy
104 : 18

ٱلَّذِينَ ضَلَّ سَعۡيُهُمۡ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَهُمۡ يَحۡسَبُونَ أَنَّهُمۡ يُحۡسِنُونَ صُنۡعًا

Алар бул дүйнөдө кылган аракеттери кыямат күнү жокко чыкканын көрүшөт. Бирок алар жакшы аракеттерди кылып жатабыз, келечекте бул иш-аракеттерибиздин пайдасын көрөбүз деп ойлошкон. Аныгында анын тескериси болду. info
التفاسير:

external-link copy
105 : 18

أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِ رَبِّهِمۡ وَلِقَآئِهِۦ فَحَبِطَتۡ أَعۡمَٰلُهُمۡ فَلَا نُقِيمُ لَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ وَزۡنٗا

Алар Раббисинин жалгыздыгын билдирген аяттарга, Ага жолугууга каапыр болушкандар. Алар каапырлык кылышканы себептүү кылган иш-аракеттери күйүп кетти. Кыяматта Аллахтын алдында алардын эч кандай кадыры болбойт. info
التفاسير:

external-link copy
106 : 18

ذَٰلِكَ جَزَآؤُهُمۡ جَهَنَّمُ بِمَا كَفَرُواْ وَٱتَّخَذُوٓاْ ءَايَٰتِي وَرُسُلِي هُزُوًا

Алар Аллахка каапырлык кылышканы үчүн, пайгамбарларымды жана түшкөн аяттарымды шылдың кылышканы үчүн тозокко кирүү – алар үчүн даярдалган жаза. info
التفاسير:

external-link copy
107 : 18

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ كَانَتۡ لَهُمۡ جَنَّٰتُ ٱلۡفِرۡدَوۡسِ نُزُلًا

Ал эми Аллахка ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандарга сый-урмат катары бейиштердин эң бийик жери турак жай болот. info
التفاسير:

external-link copy
108 : 18

خَٰلِدِينَ فِيهَا لَا يَبۡغُونَ عَنۡهَا حِوَلٗا

Ал жерде түбөлүк калышат, ал жактан көчүүнү каалашпайт. Анткени ага эч бир сыйлык тең келбейт. info
التفاسير:

external-link copy
109 : 18

قُل لَّوۡ كَانَ ٱلۡبَحۡرُ مِدَادٗا لِّكَلِمَٰتِ رَبِّي لَنَفِدَ ٱلۡبَحۡرُ قَبۡلَ أَن تَنفَدَ كَلِمَٰتُ رَبِّي وَلَوۡ جِئۡنَا بِمِثۡلِهِۦ مَدَدٗا

Оо, пайгамбар! Айткын: «Чындыгында Раббимдин сөздөрү чексиз көп. Эгерде аны жазууда деңиз сыя катары колдонулса, анда Аллахтын сөздөрдү түгөнгүчө эле деңиздин суусу түгөнүп калмак. Эгер башка деңиздерди да алып келсек, алар дагы түгөнмөк». info
التفاسير:

external-link copy
110 : 18

قُلۡ إِنَّمَآ أَنَا۠ بَشَرٞ مِّثۡلُكُمۡ يُوحَىٰٓ إِلَيَّ أَنَّمَآ إِلَٰهُكُمۡ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞۖ فَمَن كَانَ يَرۡجُواْ لِقَآءَ رَبِّهِۦ فَلۡيَعۡمَلۡ عَمَلٗا صَٰلِحٗا وَلَا يُشۡرِكۡ بِعِبَادَةِ رَبِّهِۦٓ أَحَدَۢا

Оо, пайгамбар! Айткын: «Мен силер сыяктуу эле адаммын. Мага “чыныгы кудайыңар жалгыз Кудай. Анын шериги жок. Ал – Аллах” деп вахий түштү. Кимде-ким Раббисине жолугуудан корксо, анда Анын шариятына ылайык иш-аракет кылсын, аны Аллах үчүн чын ыкластан аткарсын жана сыйынууда Ага эч кимди шерик кылбасын». info
التفاسير:
Beberapa Faedah Ayat-ayat di Halaman Ini:
• إثبات البعث والحشر بجمع الجن والإنس في ساحات القيامة بالنفخة الثانية في الصور.
Экинчи жолу сур кернейи тартылганда кайра тирилүү болорун жана кыямат майданында жиндер менен адамдар чогултуларын тастыктоо. info

• أن أشد الناس خسارة يوم القيامة هم الذين ضل سعيهم في الدنيا، وهم يظنون أنهم يحسنون صنعًا في عبادة من سوى الله.
Кыямат күнү эң чоң жоготууга учураган адамдар – бул дүйнөдө адашып жүргөндөр. Бирок алар Аллахтан башкага сыйынып жакшы иштерди кылып жүрөбүз деп ойлошот. info

• لا يمكن حصر كلمات الله تعالى وعلمه وحكمته وأسراره، ولو كانت البحار والمحيطات وأمثالها دون تحديد حبرًا يكتب به.
Аллах тааланын сөздөрүн, илимин, даанышмандуулугун жана сырларын санаш мүмкүн эмес, жада калса деңиздер, океандар жана башка эмне болбосун, аларды жазуу үчүн сыя катары колдонулса дагы. info