ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية - شمس الدين حكيموف

رقم الصفحة:close

external-link copy
29 : 46

وَإِذۡ صَرَفۡنَآ إِلَيۡكَ نَفَرٗا مِّنَ ٱلۡجِنِّ يَسۡتَمِعُونَ ٱلۡقُرۡءَانَ فَلَمَّا حَضَرُوهُ قَالُوٓاْ أَنصِتُواْۖ فَلَمَّا قُضِيَ وَلَّوۡاْ إِلَىٰ قَوۡمِهِم مُّنذِرِينَ

Бир кезде, (оо, Мухаммад) Биз сага бир жамаат жиндерди Куран угуу үчүн жибердик. Анан, качан алар Куран(ды уккан)га даяр болгондо (бири-бирине) «Тынч тургула» - деп айтышты. Куран окулуп бүткөндө (бардыгы) өздөрүнүн коомуна эскертүүчү болуп кетишти. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 46

قَالُواْ يَٰقَوۡمَنَآ إِنَّا سَمِعۡنَا كِتَٰبًا أُنزِلَ مِنۢ بَعۡدِ مُوسَىٰ مُصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيۡهِ يَهۡدِيٓ إِلَى ٱلۡحَقِّ وَإِلَىٰ طَرِيقٖ مُّسۡتَقِيمٖ

Алар (коомуна барып мындай) дешти: «Оо, коомубуз! Биз Муса пайгамбардан кийин түшүрүлгөн, Өзүнөн мурунку ыйык китептерди тастыктаган, Акыйкатка жана туура жолго баштай турган Китепти уктук. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 46

يَٰقَوۡمَنَآ أَجِيبُواْ دَاعِيَ ٱللَّهِ وَءَامِنُواْ بِهِۦ يَغۡفِرۡ لَكُم مِّن ذُنُوبِكُمۡ وَيُجِرۡكُم مِّنۡ عَذَابٍ أَلِيمٖ

Оо, коомубуз! Аллахтын дааватчысына (Мухаммадга) жооп бергиле жана ыйман келтиргиле! (Ошондо Аллах) силердин күнөөңөрдү кечирип, жан ооруткан азаптан сактайт. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 46

وَمَن لَّا يُجِبۡ دَاعِيَ ٱللَّهِ فَلَيۡسَ بِمُعۡجِزٖ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَيۡسَ لَهُۥ مِن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءُۚ أُوْلَٰٓئِكَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٍ

Ал эми, кимде-ким Аллахтын дааватчысына жооп бербесе, жер бетинде (Аллахтан) кутулуп кете албайт жана ал үчүн Андан (Аллахтан) башка достор (жардамчылар) да болбойт. Алар – анык адашууда болушат!»[1] info

[1] Ушул аяттардан улам, Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам инсаниятка гана эмес, жиндер ааламына да эскертүүчү-пайгамбар болуп жиберилгени белгилүү болот.

التفاسير:

external-link copy
33 : 46

أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّ ٱللَّهَ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَلَمۡ يَعۡيَ بِخَلۡقِهِنَّ بِقَٰدِرٍ عَلَىٰٓ أَن يُحۡـِۧيَ ٱلۡمَوۡتَىٰۚ بَلَىٰٓۚ إِنَّهُۥ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ

Алар ойлоп көрүшпөйбү, асмандарды жана жерди жараткан жана ошолорду жаратууга алсыздык кылбаган Аллах, өлүк денелерге жан киргизүүгө кудуреттүү эмеспи?! Ооба! Ал - бардык нерсеге кудуреттүү! info
التفاسير:

external-link copy
34 : 46

وَيَوۡمَ يُعۡرَضُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ عَلَى ٱلنَّارِ أَلَيۡسَ هَٰذَا بِٱلۡحَقِّۖ قَالُواْ بَلَىٰ وَرَبِّنَاۚ قَالَ فَذُوقُواْ ٱلۡعَذَابَ بِمَا كُنتُمۡ تَكۡفُرُونَ

Каапырлар тозокко алып келинген күндө (аларга): «Бул чындык эмес бекен?» (деп айтылат. Ошондо) алар: «Ооба. Раббибизге ант, (чындык экен)» дешет. Анда Аллах айтат: «Эми каапыр болгонуңар себептүү азап тарта бергиле!». info
التفاسير:

external-link copy
35 : 46

فَٱصۡبِرۡ كَمَا صَبَرَ أُوْلُواْ ٱلۡعَزۡمِ مِنَ ٱلرُّسُلِ وَلَا تَسۡتَعۡجِل لَّهُمۡۚ كَأَنَّهُمۡ يَوۡمَ يَرَوۡنَ مَا يُوعَدُونَ لَمۡ يَلۡبَثُوٓاْ إِلَّا سَاعَةٗ مِّن نَّهَارِۭۚ بَلَٰغٞۚ فَهَلۡ يُهۡلَكُ إِلَّا ٱلۡقَوۡمُ ٱلۡفَٰسِقُونَ

(Оо, Мухаммад, мушриктердин зыян-запкыларына, мурунку) пайгамбарлардын чыдамкайлыгы, сабыр кылганы сыяктуу сабыр кыл. Сен аларга (мушриктерге азапты) шаштырба.[1] Алар өздөрүнө убада кылынган (Кыямат) Күндү көргөндө, (Дүйнөдө) күндүздөн бир эле саат (жашап) тургандай болушат. Бул - (чындыкты) жеткирүү! (Аны укпаган) бузуку коомдон башка дагы ким азапка дуушар болмок эле?! info

[1] «О, Аллахым, ушулардын башына тезирээк азап түшүр» деп дуба кылба.

التفاسير: