Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагы нерселерди акыйкат менен жана белгилүү мөөнөткө гана жараттык. Каапырлар эскертилген нерседен жүз үйрүп кетишти.
(Оо, Мухаммад, сен аларга) айт: «Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайыңар» жөнүндө эмне дейсиңер? Мага көргөзгүлөчү, алар жерден эмнени жаратты? Же болбосо асмандар(ды жаратуу)да алардын (Аллахка) шерикчилиги барбы? Эгер сөзүңөр чын болсо, мындан (Курандан) мурунку (ыйык) китепти же болбосо (өткөн пайгамбарлардын сөзүнөн турган) илимий мурас (далил) келтиргилечи.[1]
[1] Мушриктердин ширк ибадаттары не бир ыйык китепке, не бир пайгамбардын сөздөрүнө негизделбеген, тек гана ойдон чыгарылган адашуучулук.
Аллахтан башка, Кыяматка чейин дуба-суранычына жооп бербей турган «кудайларга» дуба кылган адамдан көбүрөөк адашкан ким бар?! Булардын дубаларын алар (кудайлары) тап-такыр укпайт!