Үстүндөгү асмандар жарылып кетчүдөй болууда! Периштелер Раббисин мактап, Ага тасбих айтышууда жана жердеги пенделердин күнөөсүн кечирүүнү сурап жалбарышууда! Көңүл бургула, чынында Аллах(тын) бир Өзү гана Кечиримдүү, Ырайымдуу!
Аллахтан башка «кудайларды» өздөрүнө башчы кылып алган мушриктерди(н иштерин) Аллах сактоочу (жана Кыяматта ошого жараша жазалоочу). (Оо, Мухаммад), сен аларга өкүл-кароолчу эмессиң.
Биз сага Уммул Курааны(н элин)[1] жана анын айланасындагы элдерди, шексиз келе турган Чогулуш Күндөн (Кыяматтан) эскертишиң үчүн араб тилиндеги Куранды вахий кылдык. (Ошол күнү адамдардын) бир бөлүгү бейиште, бир бөлүгү тозокто (болушат).
[1] Уммул Кура – Мекке шаарынын бир аталышы. Мааниси «Эне шаар» же «шаарлардын энеси».
Эгер Аллах кааласа бардыгын бир (диндеги) эл кылып коймок. Бирок, (даанышмандыгы менен) каалаган пендесин Өз ырайымына (динине) киргизет. Залымдарга болсо, эч бир дос-башчы, эч бир жардамчы жок!