કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝ ભાષામાં અનુવાદ - શમસુદ્ દીન હકીમોફ

Шура

external-link copy
1 : 42

حمٓ

Хаа, Мийм. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 42

عٓسٓقٓ

Айн, Сийн, Кааф.[1] info

[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

التفاسير:

external-link copy
3 : 42

كَذَٰلِكَ يُوحِيٓ إِلَيۡكَ وَإِلَى ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِكَ ٱللَّهُ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ

Кудуреттүү, Даанышман Аллах сага жана сенден мурунку пайгамбарларга мына ушинтип вахий түшүрөт. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 42

لَهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۖ وَهُوَ ٱلۡعَلِيُّ ٱلۡعَظِيمُ

Асмандардагы жана жердегинин бардыгы Ага таандык. Ал-эң Жогорку, эң Улук! info
التفاسير:

external-link copy
5 : 42

تَكَادُ ٱلسَّمَٰوَٰتُ يَتَفَطَّرۡنَ مِن فَوۡقِهِنَّۚ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ يُسَبِّحُونَ بِحَمۡدِ رَبِّهِمۡ وَيَسۡتَغۡفِرُونَ لِمَن فِي ٱلۡأَرۡضِۗ أَلَآ إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ

Үстүндөгү асмандар жарылып кетчүдөй болууда! Периштелер Раббисин мактап, Ага тасбих айтышууда жана жердеги пенделердин күнөөсүн кечирүүнү сурап жалбарышууда! Көңүл бургула, чынында Аллах(тын) бир Өзү гана Кечиримдүү, Ырайымдуу! info
التفاسير:

external-link copy
6 : 42

وَٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَ ٱللَّهُ حَفِيظٌ عَلَيۡهِمۡ وَمَآ أَنتَ عَلَيۡهِم بِوَكِيلٖ

Аллахтан башка «кудайларды» өздөрүнө башчы кылып алган мушриктерди(н иштерин) Аллах сактоочу (жана Кыяматта ошого жараша жазалоочу). (Оо, Мухаммад), сен аларга өкүл-кароолчу эмессиң. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 42

وَكَذَٰلِكَ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ قُرۡءَانًا عَرَبِيّٗا لِّتُنذِرَ أُمَّ ٱلۡقُرَىٰ وَمَنۡ حَوۡلَهَا وَتُنذِرَ يَوۡمَ ٱلۡجَمۡعِ لَا رَيۡبَ فِيهِۚ فَرِيقٞ فِي ٱلۡجَنَّةِ وَفَرِيقٞ فِي ٱلسَّعِيرِ

Биз сага Уммул Курааны(н элин)[1] жана анын айланасындагы элдерди, шексиз келе турган Чогулуш Күндөн (Кыяматтан) эскертишиң үчүн араб тилиндеги Куранды вахий кылдык. (Ошол күнү адамдардын) бир бөлүгү бейиште, бир бөлүгү тозокто (болушат). info

[1] Уммул Кура – Мекке шаарынын бир аталышы. Мааниси «Эне шаар» же «шаарлардын энеси».

التفاسير:

external-link copy
8 : 42

وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ لَجَعَلَهُمۡ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ وَلَٰكِن يُدۡخِلُ مَن يَشَآءُ فِي رَحۡمَتِهِۦۚ وَٱلظَّٰلِمُونَ مَا لَهُم مِّن وَلِيّٖ وَلَا نَصِيرٍ

Эгер Аллах кааласа бардыгын бир (диндеги) эл кылып коймок. Бирок, (даанышмандыгы менен) каалаган пендесин Өз ырайымына (динине) киргизет. Залымдарга болсо, эч бир дос-башчы, эч бир жардамчы жок! info
التفاسير:

external-link copy
9 : 42

أَمِ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَۖ فَٱللَّهُ هُوَ ٱلۡوَلِيُّ وَهُوَ يُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ

Же алар Аллахтан башка «кудайларды» башчы кылышабы? (Адамга чыныгы) башчы бул Аллах! Ал өлүктөрдү тирилтет! Ал - бардык нерсеге Кудуреттүү! info
التفاسير:

external-link copy
10 : 42

وَمَا ٱخۡتَلَفۡتُمۡ فِيهِ مِن شَيۡءٖ فَحُكۡمُهُۥٓ إِلَى ٱللَّهِۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبِّي عَلَيۡهِ تَوَكَّلۡتُ وَإِلَيۡهِ أُنِيبُ

Эмнеде талашып калчу болсоңор, анын өкүмү – Аллахка! Ушул Аллах менин Раббим! Өзүнө гана тобокел кылып, Өзүнө гана кайрыламын! info
التفاسير: