የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ

የገፅ ቁጥር:close

external-link copy
4 : 59

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ شَآقُّواْ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥۖ وَمَن يُشَآقِّ ٱللَّهَ فَإِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ

Алардын башына түшкөн бул нерсенин себеби, алар каапырлыктары жана келишимди бузуулары менен Аллахка жана Анын элчисине душмандык кылышты. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 59

مَا قَطَعۡتُم مِّن لِّينَةٍ أَوۡ تَرَكۡتُمُوهَا قَآئِمَةً عَلَىٰٓ أُصُولِهَا فَبِإِذۡنِ ٱللَّهِ وَلِيُخۡزِيَ ٱلۡفَٰسِقِينَ

Оо, ыймандуулар жамааты! Эгерде силер Бану Надир согушунда Аллахтын душмандарынын кыжырын келтириш үчүн курмаларды кыйсаңар же өзүңөр пайдалануу үчүн аны тамырында турган бойдон калтырсаңар, демек, Аллахтын буйругу менен болду. Бул алар ойлошкондой жер бетинде бузукулукту жаюуга жатпайт. Ошондой эле Аллах муну менен Ага баш ийбестик кылып келишимди бузган жана ишеним жолун таштап, кыянат жолун тандаган жөөттөрдү кордойт. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 59

وَمَآ أَفَآءَ ٱللَّهُ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ مِنۡهُمۡ فَمَآ أَوۡجَفۡتُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ خَيۡلٖ وَلَا رِكَابٖ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يُسَلِّطُ رُسُلَهُۥ عَلَىٰ مَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ

Аллах Өз элчисине кайтарып берген Бану Надирдин мал-мүлктөрүнө жетиш үчүн силер ат чаап же төө жортуп шашылып барбадыңар жана силер кыйынчылык да тарткан жоксуңар. Бирок Аллах Өзү каалаганын элчилерине баш ийдирет. Бану Надирди да Өз элчисине баш ийдирип, алардын мекенин согушсуз багынтып берди. Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, Аны эч бир нерсе алсыратпайт. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 59

مَّآ أَفَآءَ ٱللَّهُ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ مِنۡ أَهۡلِ ٱلۡقُرَىٰ فَلِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ وَلِذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِ كَيۡ لَا يَكُونَ دُولَةَۢ بَيۡنَ ٱلۡأَغۡنِيَآءِ مِنكُمۡۚ وَمَآ ءَاتَىٰكُمُ ٱلرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَىٰكُمۡ عَنۡهُ فَٱنتَهُواْۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۖ إِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ

Аллах Өз элчисине согушсуз тартуу кылган айыл элинин мал-мүлкү Аллахка таандык, Ал аны Өзү каалагандарга жана пайгамбарга мүлк кылды, ошондой эле анын жакын туугандары болгон Хашим менен Абдулмутталибдин урпактарына, алар садака албагандыгынын ордуна кылды, ошондой эле жетимдерге, кедей-кембагалдарга, каражаты түгөнгөн бөтөн жердиктерге кылды. Ал муну мал-мүлк кедейлерге тийбей, байлардын гана ортосунда айланып калбашы үчүн кылды. Оо, ыймандуулар! Пайгамбар силерге олжодон кандай мал-мүлк берсе, ошону алгыла, кайсыдан тыйса, аны таштагыла! Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула! Чындыгында Аллахтын жазасы катаал. Анын жазасынан сак болгула. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 59

لِلۡفُقَرَآءِ ٱلۡمُهَٰجِرِينَ ٱلَّذِينَ أُخۡرِجُواْ مِن دِيَٰرِهِمۡ وَأَمۡوَٰلِهِمۡ يَبۡتَغُونَ فَضۡلٗا مِّنَ ٱللَّهِ وَرِضۡوَٰنٗا وَيَنصُرُونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓۚ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلصَّٰدِقُونَ

Бул мал-мүлктүн бир бөлүгү Аллах жолунда көчкөн кедей мухажирлерге сарпталат. Алар мал-мүлкүн жана бала-чакасын таштоого аргасыз болушкан. Алар Аллахтан дүйнөдө мол ырыскыны жана акыретте ыраазылыкты тартуу кылат деп үмүттөнүшөт жана алар Аллах жолунда согушуу менен Ага жана Анын элчисине жардам беришет. Бул сыпаттарга ээ болгондор, чыныгы ыйманга бекем адамдар. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 59

وَٱلَّذِينَ تَبَوَّءُو ٱلدَّارَ وَٱلۡإِيمَٰنَ مِن قَبۡلِهِمۡ يُحِبُّونَ مَنۡ هَاجَرَ إِلَيۡهِمۡ وَلَا يَجِدُونَ فِي صُدُورِهِمۡ حَاجَةٗ مِّمَّآ أُوتُواْ وَيُؤۡثِرُونَ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمۡ وَلَوۡ كَانَ بِهِمۡ خَصَاصَةٞۚ وَمَن يُوقَ شُحَّ نَفۡسِهِۦ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ

Мухажирлерден мурун Мединада турукташкан ансарлар Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиришти. Алар Меккеден көчүп келгендерди жакшы көрүшөт жана аларга берилбей, Аллах жолундагы мухажирлерге берилген олжо себептүү көкүрөктөрүндө аларга карата кыжырланууну жана көрө албастыкты сезбейт. Өздөрү кедей жана муктаж болуп турса да, дүйнө жакшылыктарын өздөрүнөн мурун мухажирлерге ыраа көрүшөт. Аллах кимди байлыкка болгон напси сугалактыгынан сактап, ал аны Аллах жолуна сарптаса, мына ошолор өздөрү каалаганына жетип жана корккон нерселеринен аман калуу менен жеңишке жетишет. info
التفاسير:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• فعل ما يُظنُّ أنه مفسدة لتحقيق مصلحة عظمى لا يدخل في باب الفساد في الأرض.
Чоң пайданы ишке ашыруу үчүн зыяндуу деп ойлогон нерсени кылуу – жер бетинде бузукулук кылууга кирбейт. info

• من محاسن الإسلام مراعاة ذي الحاجة للمال، فَصَرَفَ الفيء لهم دون الأغنياء المكتفين بما عندهم.
Исламдын жакшылыктарынын бири акчага муктаж болгондорду эсепке алуу. Ошондуктан олжо колунда бар байларга эмес, ошолорго сарпталды. info

• الإيثار منقبة عظيمة من مناقب الإسلام ظهرت في الأنصار أحسن ظهور.
Башкага ыраа көрүү – Исламдагы улуу артыкчылыкка ээ болгон сыпаттардан. Ал ансарларда эң жакшы көрүнүштө байкалган. info