የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ

የገፅ ቁጥር:close

external-link copy
211 : 2

سَلۡ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ كَمۡ ءَاتَيۡنَٰهُم مِّنۡ ءَايَةِۭ بَيِّنَةٖۗ وَمَن يُبَدِّلۡ نِعۡمَةَ ٱللَّهِ مِنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَتۡهُ فَإِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ

Оо, пайгамбар! Исраил урпактарынан жеме катары сура: «Аллах силерге Өзүнүн элчилеринин чынчылдыгына далил болгон канчалаган аят-белгилерди баяндаган эле? Силер болсо аларды жалганга чыгарып, баш тарттыңар». Кимде-ким Аллахтын жакшылыгын билип, ал ачыкка чыккандан кийин аны каапырлыкка жана жалганга алмаштырса, Аллахтын жалганчы каапырларга жазасы катаал. info
التفاسير:

external-link copy
212 : 2

زُيِّنَ لِلَّذِينَ كَفَرُواْ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا وَيَسۡخَرُونَ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْۘ وَٱلَّذِينَ ٱتَّقَوۡاْ فَوۡقَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۗ وَٱللَّهُ يَرۡزُقُ مَن يَشَآءُ بِغَيۡرِ حِسَابٖ

Аллахка каапырлык кылгандарга бул дүйнө жашоосу жана андагы убактылуу ырахаттар менен жыргалчылыктар кооз көрсөтүлдү. Алар Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтиргендерди шылдыңдашат. Ал эми Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор акыретте ал каапырлардан жогору болушат. Анткени Аллах аларды Адн бейиштерине жайгаштырат. Аллах Өзү жараткандардын каалагандарына эсепсиз жана санаксыз берет. info
التفاسير:

external-link copy
213 : 2

كَانَ ٱلنَّاسُ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ فَبَعَثَ ٱللَّهُ ٱلنَّبِيِّـۧنَ مُبَشِّرِينَ وَمُنذِرِينَ وَأَنزَلَ مَعَهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ لِيَحۡكُمَ بَيۡنَ ٱلنَّاسِ فِيمَا ٱخۡتَلَفُواْ فِيهِۚ وَمَا ٱخۡتَلَفَ فِيهِ إِلَّا ٱلَّذِينَ أُوتُوهُ مِنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَتۡهُمُ ٱلۡبَيِّنَٰتُ بَغۡيَۢا بَيۡنَهُمۡۖ فَهَدَى ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لِمَا ٱخۡتَلَفُواْ فِيهِ مِنَ ٱلۡحَقِّ بِإِذۡنِهِۦۗ وَٱللَّهُ يَهۡدِي مَن يَشَآءُ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٍ

Адамдар түпкү атасы Адамдын динине ылайык туура жолдогу бирдиктүү үммөт болгон. Акыры шайтан аларды адаштырып, алардын ортосунда ыймандуу жана каапыр болуп пикир келишпестик жаралды. Мына ушул себептен Аллах ыймандуу жана моюн сунган адамдарга Өз ырайымы менен даярдап койгон нерселерди сүйүнчүлөш үчүн жана каапырларга убада кылган катаал азапты эскертиш үчүн элчилерди жиберди. Жана адамдар өз ара талашып-тартышкан нерселерде өкүм чыгаруулары үчүн Өзүнүн элчилери менен бирге эч кандай шек-күмөнү жок акыйкатты камтыган китептерди түшүрдү. Тоораттын илими берилген жөөттөр гана ал Аллах тараптан түшкөн акыйкат экендигине Анын далилдери келгенден кийин дагы зулумдуктан улам ал тууралуу талашып-тартышууну токтотушпады. Аллах Өзүнүн уруксаты жана каалоосу менен ыймандууларга туура жолду адашуудан айырмалап билүүгө ийгилик берди. Аллах кимди кааласа, эч кандай бурмалануусу жок туура жолго салат. Ал – ыйман жолу. info
التفاسير:

external-link copy
214 : 2

أَمۡ حَسِبۡتُمۡ أَن تَدۡخُلُواْ ٱلۡجَنَّةَ وَلَمَّا يَأۡتِكُم مَّثَلُ ٱلَّذِينَ خَلَوۡاْ مِن قَبۡلِكُمۖ مَّسَّتۡهُمُ ٱلۡبَأۡسَآءُ وَٱلضَّرَّآءُ وَزُلۡزِلُواْ حَتَّىٰ يَقُولَ ٱلرَّسُولُ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَعَهُۥ مَتَىٰ نَصۡرُ ٱللَّهِۗ أَلَآ إِنَّ نَصۡرَ ٱللَّهِ قَرِيبٞ

Оо, ыймандуулар! Же силер мурункулардын сыноолорундай сыноолорго кабылбастан эле бейишке киребиз деп ойлойсуңарбы? Анткени алар жакырчылыкты жана ооруларды баштарынан кечиришкен, аларды коркунучтар титиреткен, акыр аягы аларды сыноолор Аллахтын жардамын шаштырууга чейин жеткирип, элчи жана аны менен бирге болгон ыймандуулар: «Аллахтын жардамы качан келет?» – деп калышкан. Албетте Аллахтын жардамы Ага ыйман келтирип, тобокел кылгандарга жакын! info
التفاسير:

external-link copy
215 : 2

يَسۡـَٔلُونَكَ مَاذَا يُنفِقُونَۖ قُلۡ مَآ أَنفَقۡتُم مِّنۡ خَيۡرٖ فَلِلۡوَٰلِدَيۡنِ وَٱلۡأَقۡرَبِينَ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِۗ وَمَا تَفۡعَلُواْ مِنۡ خَيۡرٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ بِهِۦ عَلِيمٞ

Оо, пайгамбар! Сахабаларың сенден түрдүү мал-мүлктөрүн кайсы жолго сарптап, кайда жумшоо керектиги тууралуу сурашат. Аларга жооп катары айт: «Адал жана таза нерселерди кайрымдуулукка жумшасаңар, анда ата-энеңерге, муктаждыгына жараша жакын туугандарыңарга, муктаж жетимдерге, байлыгы жок кедей-кембагалдарга, үй-бүлөсүнөн жана мекенинен алыста жүргөн жолоочуларга сарптагыла». Оо, ыймандуулар! Кандай гана жакшылык кылбагыла, мейли аз болсун, мейли көп болсун, Аллах аны Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында силерге анын сыйлыгын берет. info
التفاسير:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• ترك شكر الله تعالى على نعمه وترك استعمالها في طاعته يعرضها للزوال ويحيلها بلاءً على صاحبها.
Аллах тааланын жакшылыктарына шүгүр кылбоо жана аларды Ага моюн сунуу үчүн пайдаланбоо аларды жок кылат жана ээси үчүн балээге айланат. info

• الأصل أن الله خلق عباده على فطرة التوحيد والإيمان به، وإبليس وأعوانه هم الذين صرفوهم عن هذه الفطرة إلى الشرك به.
Негизи Аллах пенделерин табияттан жалгыз кудайга сыйынуу жана Ага ыйман келтирүү ишениминде жараткан. Ал эми Иблис жана анын жан-жөкөрлөрү аларды бул түпкү табияттан ширк кылууга бурушат. info

• أعظم الخذلان الذي يؤدي للفشل أن تختلف الأمة في كتابها وشريعتها، فيكفّر بعضُها بعضًا، ويلعن بعضُها بعضًا.
Ийгиликсиздикке алып бара турган эң чоң жоготуу – үммөт өз китеби жана шарияты тууралуу пикир келишпестикте болуп, бири-бирин каапырга чыгаруусу жана бири-бирине каргыш айтуусу. info

• الهداية للحق الذي يختلف فيه الناس، ومعرفة وجه الصواب بيد الله، ويُطلب منه تعالى بالإيمان به والانقياد له.
Адамдардын арасында талаш-тартышты жараткан акыйкатка туура жол көрсөтүү жана туурасын билүү Аллахтын колунда жана аны Аллахка ыйман келтирип, Ага ээрчүү менен суроо керек. info

• الابتلاء سُنَّة الله تعالى في أوليائه، فيبتليهم بقدر ما في قلوبهم من الإيمان به والتوكل عليه.
Аллахтын Өзүнүн сүйүктүү пенделерин сыноосу – Анын тутунган жолу. Ал аларды жүрөктөрүндөгү Ага болгон ыйманга жана тобокелге жараша сынайт. info

• من أعظم ما يعين على الصبر عند نزول البلاء، الاقتداء بالصالحين وأخذ الأسوة منهم.
Сыноо келгенде сабыр кылууга жардам берген нерселердин эң чоңу – такыба адамдарды ээрчүү жана алардан үлгү алуу. info