[1] Бул жерде мушриктер билбей калган акыйкат төмөндөгүчө: Эгер Аллах мушриктер тилегендей, өз пайгамбарынын колу же сөзү менен какыр чөлдөн булактарды чыгарып, дарыяларды агызып, көз ачып-жумгуча бак-бостондорду жаратып койсо деле болот. Ал буга Кудуреттүү. Бирок, ошондо да жүрөгү өлүк мушриктер, Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын пайгамбарчылыгына моюн сунбаш үчүн дагы бир шоона эшпеген шылтоону табышат болчу. Анан көзгө көрүнүп турган далил - моожизаны тан албай койгону себептүү Аллах аларды ошол эле жеринде жок кылмак. Даанышман, Ырйымдуу Аллах, андан көрө аларга Куран аяттарынын үстүндө пикир кылууну жана ааламдардагы Аллахтын кудуретине далил болгон нерселерге акылдуу адамдын көзү менен кароону сунуш кылат.
[1] Бул аяттагы «Китеп» ааламдар жаралаардан илгери, Аллах таала жазган “Лаухул-Махфуз” деген Үлкөн Китеп. Аллах таала ал китепке баардык нерселердин тагдырын алдын ала жазган. Лаухул Махфуз - «Аль Казаау вал Кадар» деп аталган Аллах тааланын тагдыр-эрежесиндеги төрт баскычтын экинчиси. Ошентип, Аллах тааланын тагдыр эрежеси төмөндөгү төрт баскычтан турат: 1- Илим. Башкача айтканда, Аллах тааланын ар бир нерсени алдын ала билиши. 2 - Жазуу. Бул Аллах тааланын алдын ала билип, белгилеген тагдырларын, чечимдерин Лаухул Махфузга жазышы. 3 - Каалоо жана Кудурет. Бул Аллах тааланын ар нерсеге өтүүчү каалоосу жана кудурети. 4 - Жаратуу. Бул Аллах тааланын бардык макулуктарды, жадагалса, пенделердин пейилдерине чейин Лаухул Махфузда жазылгандай жаратышы. Бул аяттагы Китептен максат Курани Карим болушу да мүмкүн. Анда маани төмөндөгүчө болот: "Биз китепте (Куранда) эч нерсени калтырган эмеспиз (бардыгын жазганбыз)". Албетте, Куранда бардык нерселердин баяны жазылган. Дагы башка бир аятта Аллах Өзүнүн китебин: "Ар бир нерсеге баян" деп сыпаттаган.
[1] Алар байлыкта, илимде, жыргал жашоо себептеринде деги эле дүйнөдө жогорку жетишкендикке жетишти.