የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የኪርጊዘኛ ትርጉም - በሸምሰዲን ሐኪሞቭ

የገፅ ቁጥር:close

external-link copy
41 : 40

۞ وَيَٰقَوۡمِ مَا لِيٓ أَدۡعُوكُمۡ إِلَى ٱلنَّجَوٰةِ وَتَدۡعُونَنِيٓ إِلَى ٱلنَّارِ

Оо, коомум! Эмне үчүн мен силерди (тозоктон) кутулууга чакырсам, мени тозокко чакырып жатасыңар?!»[1] info

[1] «Мусага ээрчисек - тозоктон кутулабыз, Фараонго ээрчисек тозокко тутулабыз» демекчи болууда.

التفاسير:

external-link copy
42 : 40

تَدۡعُونَنِي لِأَكۡفُرَ بِٱللَّهِ وَأُشۡرِكَ بِهِۦ مَا لَيۡسَ لِي بِهِۦ عِلۡمٞ وَأَنَا۠ أَدۡعُوكُمۡ إِلَى ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡغَفَّٰرِ

Силер мени Аллахка каапыр болуп, өзүм (кудай экенин) билбеген нерселерди Ага шерик кылууга чакырып жатасыңар. А мен болсо силерди кудуреттүү, кечиримдүү Кудайга (Аллахка) чакырып жатамын. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 40

لَا جَرَمَ أَنَّمَا تَدۡعُونَنِيٓ إِلَيۡهِ لَيۡسَ لَهُۥ دَعۡوَةٞ فِي ٱلدُّنۡيَا وَلَا فِي ٱلۡأٓخِرَةِ وَأَنَّ مَرَدَّنَآ إِلَى ٱللَّهِ وَأَنَّ ٱلۡمُسۡرِفِينَ هُمۡ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِ

Силер мени ага чакырып жаткан «кудайыңар» дүйнөдө да, Акыретте да чакырууга арзыбайт (дубаларды укпайт). Бардыгыбыз Аллахка гана кайтабыз. Жана (Аллахка душмандык менен) чектен чыккандар, дал ошолор тозок элдери! info
التفاسير:

external-link copy
44 : 40

فَسَتَذۡكُرُونَ مَآ أَقُولُ لَكُمۡۚ وَأُفَوِّضُ أَمۡرِيٓ إِلَى ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ بَصِيرُۢ بِٱلۡعِبَادِ

Мен силерге айткан (бул) сөздөрдү тез аранын ичинде (Кыяматта) эскерип калаарсыңар. Мен ишимди Аллахка тапшырамын. Чынында Аллах пенделерди(н ар бир кыймыл аракетин) көрүп туруучу!» (Фараон аны өлтүртмөк болду). info
التفاسير:

external-link copy
45 : 40

فَوَقَىٰهُ ٱللَّهُ سَيِّـَٔاتِ مَا مَكَرُواْۖ وَحَاقَ بِـَٔالِ فِرۡعَوۡنَ سُوٓءُ ٱلۡعَذَابِ

(Бирок), Аллах алардын айла – амалдарынан аны сактап калды. Ал эми, Фараон менен анын элин коркунучтуу азап ороду.[1] info

[1] Фараон Исраил урпактарын бир түндүн ичинде Мисирден чыгарып кеткен Мусанын артынан куугун салып, бүт Мисир элин ээрчитип, Кызыл деңиз жээгинде аларды кууп жетет. Аллах Муса менен анын элине деңизден он эки катар жол ачып аман-эсен өткөрүп, артынан Фараон эл-аскерин ээрчитип киргенде, деңиз кайра кошулуп, аларды коркунучтуу азап ороп алат.

التفاسير:

external-link copy
46 : 40

ٱلنَّارُ يُعۡرَضُونَ عَلَيۡهَا غُدُوّٗا وَعَشِيّٗاۚ وَيَوۡمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ أَدۡخِلُوٓاْ ءَالَ فِرۡعَوۡنَ أَشَدَّ ٱلۡعَذَابِ

Аларга (Фараон менен элине) эртели-кеч тозок көргөзүлүп турулат.[1] Ал эми, Кыямат болгондо, (бир добуш): «Фараон элин эң катуу азапка киргизгиле!» (дейт.) info

[1] Аларга тозоктун көргөзүп турулуусу мүрзөдө боло турган азап. Бул аят Барзах (кабыр) азабынын бар экенине далил болот.

التفاسير:

external-link copy
47 : 40

وَإِذۡ يَتَحَآجُّونَ فِي ٱلنَّارِ فَيَقُولُ ٱلضُّعَفَٰٓؤُاْ لِلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُوٓاْ إِنَّا كُنَّا لَكُمۡ تَبَعٗا فَهَلۡ أَنتُم مُّغۡنُونَ عَنَّا نَصِيبٗا مِّنَ ٱلنَّارِ

Ошондо алар тозокто туруп бири-бирине (күнөө тагып) далил айтышат. Алсыз (ээрчиген) мушриктер текеберленген (жетекчи) мушриктерге: «Биз силерге ээрчиген элек. Эми (бүгүн) силер бизден тозоктун бир үлүшүн болсо да арылта аласыңарбы!» – дешет. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 40

قَالَ ٱلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُوٓاْ إِنَّا كُلّٞ فِيهَآ إِنَّ ٱللَّهَ قَدۡ حَكَمَ بَيۡنَ ٱلۡعِبَادِ

(Анда) жетекчи мушриктер айтышат: «Бул жерде бардыгыбыз (алсызбыз). Пенделердин арасында Бир Аллахтын Өзү гана өкүм кылат». info
التفاسير:

external-link copy
49 : 40

وَقَالَ ٱلَّذِينَ فِي ٱلنَّارِ لِخَزَنَةِ جَهَنَّمَ ٱدۡعُواْ رَبَّكُمۡ يُخَفِّفۡ عَنَّا يَوۡمٗا مِّنَ ٱلۡعَذَابِ

Анан тозоктогулар тозок кароолчусуна: «Раббиңерден сурагыла, бизден бир күн (болсо да) азапты жеңилдетсин?!» дешти. info
التفاسير: