የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የኪርጊዘኛ ትርጉም - በሸምሰዲን ሐኪሞቭ

external-link copy
128 : 3

لَيۡسَ لَكَ مِنَ ٱلۡأَمۡرِ شَيۡءٌ أَوۡ يَتُوبَ عَلَيۡهِمۡ أَوۡ يُعَذِّبَهُمۡ فَإِنَّهُمۡ ظَٰلِمُونَ

(О, Мухаммад!) эч бир иш сенин колуңда эмес.[1] (Бардыгы Аллахтын колунда) Ал кааласа (каапырларды Исламга киргизип) тооболорун кабыл алат, кааласа заалым болгондору себептүү азаптайт. info

[1] Бул аяттан алчу дагы бир сабак - пенде канчалык улук даражалуу болсо да, анын колунан эч бир пайда-зыян келбейт. Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдан улук даражалуу адам жок. Аллах таала ушул затка да «эч бир иш сенин колуңда эмес», Аллахтын гана каалаганы болот деп жатат. Пайгамбарыбыз өз алдынча эч кандай пайда-зыян жеткире албагандан кийин бер жактагы олуя-эшендердин арбактарына жалбарып, алардан колдоо, жардам сураш - накта ширктин өзү эмеспи!

التفاسير: