የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የኪርጊዘኛ ትርጉም - በሸምሰዲን ሐኪሞቭ

የገፅ ቁጥር:close

external-link copy
38 : 3

هُنَالِكَ دَعَا زَكَرِيَّا رَبَّهُۥۖ قَالَ رَبِّ هَبۡ لِي مِن لَّدُنكَ ذُرِّيَّةٗ طَيِّبَةًۖ إِنَّكَ سَمِيعُ ٱلدُّعَآءِ

Ошондо, Закария Раббисине дуба кылып: “О, Раббим! Мага да Өзүңдүн дар­гөйүңдөн пакиза бир урпак бере көр! Албетте, Сен дубаны Угуучусуң!” деди. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 3

فَنَادَتۡهُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَهُوَ قَآئِمٞ يُصَلِّي فِي ٱلۡمِحۡرَابِ أَنَّ ٱللَّهَ يُبَشِّرُكَ بِيَحۡيَىٰ مُصَدِّقَۢا بِكَلِمَةٖ مِّنَ ٱللَّهِ وَسَيِّدٗا وَحَصُورٗا وَنَبِيّٗا مِّنَ ٱلصَّٰلِحِينَ

Анан (күндөрдүн бир күнүндө) ал михрапта намаз окуп турганда периштелер ага: “(О, Закария!) Аллах сени Яхья (деген перзент) менен сүйүнтөт. (Ал бала) Аллахтын Сөзүн (Исаны) тастыктоочу, улукзаада, дене кумарларынан өзүн кармай билген жана (жогорку даражалуу) салих пайгамбарлардан бири болот!” деп добуш беришти. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 3

قَالَ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَٰمٞ وَقَدۡ بَلَغَنِيَ ٱلۡكِبَرُ وَٱمۡرَأَتِي عَاقِرٞۖ قَالَ كَذَٰلِكَ ٱللَّهُ يَفۡعَلُ مَا يَشَآءُ

(Закария) айтты: “О, Раббим! Мага кайдан бала болсун, өзүм картаң, аялым туубас болсо?!” (Аллах) айтты: “Ушундай. Аллах каалаган ишин аткарат». info
التفاسير:

external-link copy
41 : 3

قَالَ رَبِّ ٱجۡعَل لِّيٓ ءَايَةٗۖ قَالَ ءَايَتُكَ أَلَّا تُكَلِّمَ ٱلنَّاسَ ثَلَٰثَةَ أَيَّامٍ إِلَّا رَمۡزٗاۗ وَٱذۡكُر رَّبَّكَ كَثِيرٗا وَسَبِّحۡ بِٱلۡعَشِيِّ وَٱلۡإِبۡكَٰرِ

(Закария) айтты: “О, Раббим! (жүрөгүм тынчтанып, санаасыз болушум үчүн) мага (кемпиримдин боюнда болгонун билдирген) бир сыр - белги бере көр!” (Аллах) Айтты: “Сенин белгиң: (тилден калып) үч күн адамдарга ишаарат менен гана сүйлөп каласың.[1] Эми, Раббиңди көп зикир кыл жана эртели-кеч Аны даңктап, тасбих айт!”
(Кийинки аятта Аллах таала Имрандын кызы Марямдын окуясын улантат. Ошентип, Марям кыз чоңойгондо ибадатта, тазалык-такыбаада эң бир жогорку даражага жетет).
info

[1] Ошол аяндан соң Закария үч күн тилден калып, ишаарат менен гана сүйлөшө баштады. Бирок, адамдарга сүйлөгөнгө айланбаган тили Аллахты зикир кылганда, тасбих (даңктоо сөздөрү) айтканда кадимкидей эле сөзгө келе берди. Демек, Аллах ошондо Закарияга эки сыр-белги берген экен: биринчиси - үч күн тилден калуусу, экинчиси - сакоо (дудук) тилинин Аллахты эскергенде сүйлөп калышы.

التفاسير:

external-link copy
42 : 3

وَإِذۡ قَالَتِ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ يَٰمَرۡيَمُ إِنَّ ٱللَّهَ ٱصۡطَفَىٰكِ وَطَهَّرَكِ وَٱصۡطَفَىٰكِ عَلَىٰ نِسَآءِ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Ошондо периштелер: “Оо, Марям! Аллах сени тандап, (жаман пейил-сыпаттардан) тазалады жана ааламдагы бардык аялдардан абзел кылды. info
التفاسير:

external-link copy
43 : 3

يَٰمَرۡيَمُ ٱقۡنُتِي لِرَبِّكِ وَٱسۡجُدِي وَٱرۡكَعِي مَعَ ٱلرَّٰكِعِينَ

О, Марям! Раббиңе моюн сунуу менен (көп) ибадат кыл. Жана намаз окуучулар менен бирге сажда, үрүкү кыл” - дешти. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 3

ذَٰلِكَ مِنۡ أَنۢبَآءِ ٱلۡغَيۡبِ نُوحِيهِ إِلَيۡكَۚ وَمَا كُنتَ لَدَيۡهِمۡ إِذۡ يُلۡقُونَ أَقۡلَٰمَهُمۡ أَيُّهُمۡ يَكۡفُلُ مَرۡيَمَ وَمَا كُنتَ لَدَيۡهِمۡ إِذۡ يَخۡتَصِمُونَ

Бул окуялар[1] (о, Мухаммад, сен үчүн) кайып кабарлары. Биз ал кабарды сага (Жебирейил периште аркылуу) кабарлап жатабыз. Анткени, (Марям төрөлүп, апасы аны назир кылуу үчүн ибадатканага алып келгенде, ибадаткана кызматчылары) “Эми кимибиз Марямга кепил (камкор) болот”- деп, калемдерин (чүчүкулак катары) таштап жатышканда жана (Марямды талашып) жаңжалдашып турганда сен алардын арасында жок болчусуң. info

[1] Бул тарыхый окуяларды пайгамбарыбыз тарабынан окулуп берилүүсү, анын Аллахтан кабар (вахий) алган элчи экенине эң чоң далилдердин бири. Болбосо, эч кимден эч кандай илим-таалим албаган, жазууну билбеген Мухаммад (ага Аллахтын саламы болсун) өз заманынан 570 жыл мурун болуп өткөн бул окуяларды кайдан билмек эле?

التفاسير:

external-link copy
45 : 3

إِذۡ قَالَتِ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ يَٰمَرۡيَمُ إِنَّ ٱللَّهَ يُبَشِّرُكِ بِكَلِمَةٖ مِّنۡهُ ٱسۡمُهُ ٱلۡمَسِيحُ عِيسَى ٱبۡنُ مَرۡيَمَ وَجِيهٗا فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِ وَمِنَ ٱلۡمُقَرَّبِينَ

Бир кезде периштелер айтты: “Оо, Марям! Аллах сени, ысымы Иса Масих ибн Марям болгон Өзүнүн Сөзү менен сүйүнтөт. (Ал) Дүйнө-Акыретте мартабалуу жана Аллахка эң жакын адамдардан болот. info
التفاسير: