የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የኪርጊዘኛ ትርጉም - በሸምሰዲን ሐኪሞቭ

የገፅ ቁጥር:close

external-link copy
85 : 28

إِنَّ ٱلَّذِي فَرَضَ عَلَيۡكَ ٱلۡقُرۡءَانَ لَرَآدُّكَ إِلَىٰ مَعَادٖۚ قُل رَّبِّيٓ أَعۡلَمُ مَن جَآءَ بِٱلۡهُدَىٰ وَمَنۡ هُوَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ

(Оо, Мухаммад!) Чынында, сага Куранды түшүрүп, (аны жеткирүүнү, буйруктарын аткарууну парз кылган Зат сени эч шексиз кайтчу жерге (дүйнөдө Меккеге жеңиш менен, акыретте бейишке) кайтарат. Айткын: «Менин Раббим ким туура жол алып келгенин жана ким анык адашуучулукта болгонун эң жакшы билет». info
التفاسير:

external-link copy
86 : 28

وَمَا كُنتَ تَرۡجُوٓاْ أَن يُلۡقَىٰٓ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبُ إِلَّا رَحۡمَةٗ مِّن رَّبِّكَۖ فَلَا تَكُونَنَّ ظَهِيرٗا لِّلۡكَٰفِرِينَ

Сен (оо, Мухаммад), өзүңө Китеп түшүрүлүүсүн оюңа да келтирген эмес болчусуң. Бирок, (бул) Раббиңден Ырайым болду. Эми сен каапырларга жардамчы болбо! info
التفاسير:

external-link copy
87 : 28

وَلَا يَصُدُّنَّكَ عَنۡ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ بَعۡدَ إِذۡ أُنزِلَتۡ إِلَيۡكَۖ وَٱدۡعُ إِلَىٰ رَبِّكَۖ وَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ

Сага (бекем, өзгөргүс болуп) түшүрүлгөндөн кийин Аллахтын аяттарынан (каапырлар) сени тосуп койбосун![1] Жана Раббиңе (Ага ыйман келтирүүгө) чакыр. Эч качан мушриктерден болбогун! info

[1] Жер бетинде текеберлик кылууну каалагандар сага келип «Аллахтын өкүм-аяттарын кое тур. Мына бул биздин ойлорубузду ишке ашыралы» деп, сени Аллахтын аяттарынан тосуп койбосун! Сен алардын каалоолоруна ээрчип, аяттарды өзгөртүп же сатып койбогун!

التفاسير:

external-link copy
88 : 28

وَلَا تَدۡعُ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَۘ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۚ كُلُّ شَيۡءٍ هَالِكٌ إِلَّا وَجۡهَهُۥۚ لَهُ ٱلۡحُكۡمُ وَإِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ

Аллахка шерик кылып башка «кудайга» сыйынба! Андан башка (сыйынууга татыктуу) кудай жок. (Себеби) бардык нерсе жок болот, Бир Жүзү (Өзү) гана (түбөлүк) калат! Өкүм жалгыз Өзүнө таандык! Жана бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар! info
التفاسير: