የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የኪርጊዘኛ ትርጉም - በሸምሰዲን ሐኪሞቭ

external-link copy
87 : 2

وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ وَقَفَّيۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِۦ بِٱلرُّسُلِۖ وَءَاتَيۡنَا عِيسَى ٱبۡنَ مَرۡيَمَ ٱلۡبَيِّنَٰتِ وَأَيَّدۡنَٰهُ بِرُوحِ ٱلۡقُدُسِۗ أَفَكُلَّمَا جَآءَكُمۡ رَسُولُۢ بِمَا لَا تَهۡوَىٰٓ أَنفُسُكُمُ ٱسۡتَكۡبَرۡتُمۡ فَفَرِيقٗا كَذَّبۡتُمۡ وَفَرِيقٗا تَقۡتُلُونَ

Биз Мусага Китепти (Тооратты) бердик жана анын артынан (Тоорат менен өкүм кылуучу) пайгамбарларды жибердик. Биз Марямдын уулу Исага да Өзүбүздүн анык моожизаларыбызды берип, аны Ыйык Рух[1] менен колдодук. Ар качан бир пайгамбар силердин каалооңорго жакпаган нерсени (динди) алып келсе, силер (ыйманга келүүдөн) текеберленип жана ал пайгамбарлардан бир бөлүгүн жалганчы деп, айрымдарын өлтүрө бересиңерби?! info

[1] Аяттагы «Ыйык Рухту» кээ бир тафсирчи аалымдар Жебирейил периште десе, кээ бирөөлөрү «Аллах тарабынан пендесин кубаттоо үчүн берилген ыйман» деп түшүндүрүшөт.

التفاسير: