የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የኪርጊዘኛ ትርጉም - በሸምሰዲን ሐኪሞቭ

Кoриа

external-link copy
1 : 101

ٱلۡقَارِعَةُ

Кориьа! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 101

مَا ٱلۡقَارِعَةُ

Кориьа эмне өзү?![1] info

[1] «Кориьа» - бул кыяматтын бир аталышы. Сөздүктөгү мааниси «жүрөктөрдү түшүүрүчү дүрбөлөң» дегенди билдирет.

التفاسير:

external-link copy
3 : 101

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡقَارِعَةُ

(Оо, Мухаммад!) Сен Кориьа эмне экенин билбейсиң! info
التفاسير:

external-link copy
4 : 101

يَوۡمَ يَكُونُ ٱلنَّاسُ كَٱلۡفَرَاشِ ٱلۡمَبۡثُوثِ

Ал күндө адамдар тозуп кеткен (түңкү) көпөлөктөр сыяктуу болуп (дүрбөлөңгө түшүп) калат.[1] info

[1] Тозуган түңкү көпөлөктөр эмне кылганын билбей, жабалактап өзүн отко ура берет. Демек, кыямат дүрбөлөңү башталганда инсандар эс-акылынан танып, бири-бирин басып-тебелеп туш-тушуна тозуп кетишет. Тозубай болобу?! Асман жарылып, жер титиреп, деңиздер өрттөнүп, жылдыздар төгүлүп турса!!!

التفاسير:

external-link copy
5 : 101

وَتَكُونُ ٱلۡجِبَالُ كَٱلۡعِهۡنِ ٱلۡمَنفُوشِ

Тоолор тытылган жүн сыяктуу болот! info
التفاسير:

external-link copy
6 : 101

فَأَمَّا مَن ثَقُلَتۡ مَوَٰزِينُهُۥ

Эми, (ал күндө) кимдин (сооп) таразасы оор келсе, info
التفاسير:

external-link copy
7 : 101

فَهُوَ فِي عِيشَةٖ رَّاضِيَةٖ

ыраазы боло турган жашоодо (бейиште) болот. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 101

وَأَمَّا مَنۡ خَفَّتۡ مَوَٰزِينُهُۥ

Ал эми, кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе, info
التفاسير:

external-link copy
9 : 101

فَأُمُّهُۥ هَاوِيَةٞ

анын энеси – «Хаавия!» info
التفاسير:

external-link copy
10 : 101

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا هِيَهۡ

(Оо, Мухаммад) сен «Хаавия» эмне экенин билбейсиң. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 101

نَارٌ حَامِيَةُۢ

Ал – катуу кызытылган тозок! info
التفاسير: