Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - Қуръон Карим мухтасар тафсирининг қирғизча таржимаси

Бет рақами:close

external-link copy
15 : 4

وَٱلَّٰتِي يَأۡتِينَ ٱلۡفَٰحِشَةَ مِن نِّسَآئِكُمۡ فَٱسۡتَشۡهِدُواْ عَلَيۡهِنَّ أَرۡبَعَةٗ مِّنكُمۡۖ فَإِن شَهِدُواْ فَأَمۡسِكُوهُنَّ فِي ٱلۡبُيُوتِ حَتَّىٰ يَتَوَفَّىٰهُنَّ ٱلۡمَوۡتُ أَوۡ يَجۡعَلَ ٱللَّهُ لَهُنَّ سَبِيلٗا

Аялдарыңардан зинага барып күнөөгө батканы болсо, ага адыл төрт мусулман эркек киши күбөго тарткыла, эгер алар аялдын ушул күнөөгө барганына күбө болушса, аялдын жазасы катары аны үйгө камап койгула. Ал өлгөнгө чейин же Аллах Таала ага камактан башка бир жазаны сунуштаганга чейин үйдө камалып турсун. Кийин Аллах Таала аларга башка жазаны шарият кылды, тагыраагы, эгер зына кылган аял турмушка чыга элек болсо ага жүз балак урулат, ал эми турмушка чыккан жубан болсо таш бараңга алынат. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 4

وَٱلَّذَانِ يَأۡتِيَٰنِهَا مِنكُمۡ فَـَٔاذُوهُمَاۖ فَإِن تَابَا وَأَصۡلَحَا فَأَعۡرِضُواْ عَنۡهُمَآۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ تَوَّابٗا رَّحِيمًا

Зына кылган эркек менен аялды тилиңер жана колуңар менен жазалап кордогула. А эгер күнөөлөрүн моюндап, андан баш тартып, жакшы амалдарды жасаса, ыза берүүнү токтоткула. Анткени, тообо кылуучу күнөөсү жок адамдай болуп калат. Аллах Таала пенделеринен ким тообо кылса, ага ырайым кылып тообосун кабылдайт. Жазанын мындай түрү исламдын алгачкы күндөрүндө болчу, кийин бул өкүм күчүн жоготуп, турмуш кура электерге жүз балак, турмуш кургандарга таш бараң өкүмү чыкты info
التفاسير:

external-link copy
17 : 4

إِنَّمَا ٱلتَّوۡبَةُ عَلَى ٱللَّهِ لِلَّذِينَ يَعۡمَلُونَ ٱلسُّوٓءَ بِجَهَٰلَةٖ ثُمَّ يَتُوبُونَ مِن قَرِيبٖ فَأُوْلَٰٓئِكَ يَتُوبُ ٱللَّهُ عَلَيۡهِمۡۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمٗا

Күнөөнүн акыбетин жана зыянын билбестен бут коюп алган адам, мейли ал күнөөнү билбестен жасасын, мейли атайын жасасын, кийин дароо Жаратуучусуна кайтып, өлүму келе электе тообо кылса, мындай адамдардын тообосун Аллах кабыл кылат, күнөөсүн кечирет. Аллах Таала Өзү жараткан макулуктарынын абалын Билүүчү, аларга тагдыр кылууда жана шарият кылууда Даанышман info
التفاسير:

external-link copy
18 : 4

وَلَيۡسَتِ ٱلتَّوۡبَةُ لِلَّذِينَ يَعۡمَلُونَ ٱلسَّيِّـَٔاتِ حَتَّىٰٓ إِذَا حَضَرَ أَحَدَهُمُ ٱلۡمَوۡتُ قَالَ إِنِّي تُبۡتُ ٱلۡـَٰٔنَ وَلَا ٱلَّذِينَ يَمُوتُونَ وَهُمۡ كُفَّارٌۚ أُوْلَٰٓئِكَ أَعۡتَدۡنَا لَهُمۡ عَذَابًا أَلِيمٗا

Күнөө артынан күнөө жасап, кекиртегине ажалы келгенче тообо кылбай, анан ошол кезде: күнөөмө тообо кылдым деп жан үрөгөндөрдүн тобосун Аллах кабыл кылбайт. Ошол учурда алардын бири: мына азыр кылган күнөөлөрүмө тообо кылдым - деп айтат. Ошондой эле каапыр боюнча жүрүп өтүп кеткендердин тобосун да кабыл кылбайт. Ушинтип күнөө үстүнө күнөө кылгандарга жана каапыр тейде өтүп кеткендерге жан кейитүүчү азап даярдап койгонбуз. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 4

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا يَحِلُّ لَكُمۡ أَن تَرِثُواْ ٱلنِّسَآءَ كَرۡهٗاۖ وَلَا تَعۡضُلُوهُنَّ لِتَذۡهَبُواْ بِبَعۡضِ مَآ ءَاتَيۡتُمُوهُنَّ إِلَّآ أَن يَأۡتِينَ بِفَٰحِشَةٖ مُّبَيِّنَةٖۚ وَعَاشِرُوهُنَّ بِٱلۡمَعۡرُوفِۚ فَإِن كَرِهۡتُمُوهُنَّ فَعَسَىٰٓ أَن تَكۡرَهُواْ شَيۡـٔٗا وَيَجۡعَلَ ٱللَّهُ فِيهِ خَيۡرٗا كَثِيرٗا

Оо, Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, атаңардан жана жакындарыңардан калган жесир аялдарды малды мураска алгандай мурастап алганыңар, аларды никеге алганыңар, каалаганыңарга никелегениңер жана аларды башка бирөөгө турмушка чыгуудан тыйып койгонуңар туура эмес жорук. Силер өзүңөргө жакпаган аялыңарды, эгер ал махыр акысынын бир бөлүгүн же башка нерсени силерге төлөп, ажырашууну талап кылса, аны жазалайын деп кетирбей койбогула. Эгерде ал аял зына сыяктуу жаман ишке бут койсо, анда махыр акысын кайтарып алуу үчүн аны кетирбей турсаңар болот. Аялыңарга зыян азар бербей, напаканы жакшы берип жылуу-жумшак болгула. Кайсы бир кемчилиги үчүн жаман көрсөңөр, ага сабыр кылгыла; ошол силерге жакпаган нерсе аркылуу бул дүйнөдө да, акыретте да жакшылык табышыңар толук мүмкүн info
التفاسير:
Ушбу саҳифадаги оят фойдаларидан:
• ارتكاب فاحشة الزنى من أكثر المعاصي خطرًا على الفرد والمجتمع؛ ولهذا جاءت العقوبات عليها شديدة.
Зынага берилүү жеке адамга да, коомго да олуттуу зыянын тийгизет, ошон үчүн анын азабы да катуу info

• لطف الله ورحمته بعباده حيث فتح باب التوبة لكل مذنب، ويسر له أسبابها، وأعانه على سلوك سبيلها.
Бардык күнөөкөрлөргө тообо эшигинин ачыктыгы, тообонун жеңилдиги жана тообо кылуу жолуна түшүүгө жардам берүүсү, мунун баары Аллахтын пенделерине болгон ырайымдуулугу жана жумшактыгы info

• كل من عصى الله تعالى بعمد أو بغير عمد فهو جاهل بقدر من عصاه جل وعلا، وجاهل بآثار المعاصي وشؤمها عليه.
Аллах Таалага атайын же кокустан күнөө кылган адам күнөөнүн зыянын, акыбетин билбесе да баары бир күнөө кылган болот info

• من أسباب استمرار الحياة الزوجية أن يكون نظر الزوج متوازنًا، فلا يحصر نظره فيما يكره، بل ينظر أيضا إلى ما فيه من خير، وقد يجعل الله فيه خيرًا كثيرًا.
Үй-бүлөлүк жашоо ынтымактуу улануусу үчүн күйөө аялына тең салмактуулук менен кароого тийиш, анын жаман жактарын гана карабай, жакшы жактарына да көңүл буруусу кажет, мына ошондо Аллах ага көп жакшылык берет info