Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - Қуръон Карим мухтасар тафсирининг қирғизча таржимаси

Бет рақами:close

external-link copy
46 : 3

وَيُكَلِّمُ ٱلنَّاسَ فِي ٱلۡمَهۡدِ وَكَهۡلٗا وَمِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ

Ал тили чыга турган убакка чейинки ымыркай бала кезинде эле адамдарга сүйлөйт, ал эми күч-кубатка толуп, эр жетилип чоңойгондо аларга кайрылып дин жана дүйнө иштеринде пайдалуу нерселерди сүйлөйт. Ал сөздөрүндө жана иш-аракеттеринде такыба адамдардан болот. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 3

قَالَتۡ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي وَلَدٞ وَلَمۡ يَمۡسَسۡنِي بَشَرٞۖ قَالَ كَذَٰلِكِ ٱللَّهُ يَخۡلُقُ مَا يَشَآءُۚ إِذَا قَضَىٰٓ أَمۡرٗا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ

Күйөөгө чыкпай туруп эле балалуу болууга таң калган Мариям: «Мага бир дагы киши адал жолдо да, арам жолдо да жолобосо, мен кантип балалуу болмок элем?!» – деди. Периште ага айтты: «Аллах сага атасыз уул жаратканы сыяктуу адатка каршы келген нерселерден Өзү каалаганын жаратат. Эгер бир ишти кааласа, ага «бол» дейт, ал ошол замат ишке ашат. Аны эч бир нерсе алсыз калтыра албайт. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 3

وَيُعَلِّمُهُ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡحِكۡمَةَ وَٱلتَّوۡرَىٰةَ وَٱلۡإِنجِيلَ

Ал ага жазууну, тууралыкты, сөз менен иш-аракетте ийгиликке жетүүнү үйрөтөт, ага Мусага түшүргөн Тооратты үйрөтөт жана ага жакында түшүрө турган Инжилди үйрөтөт. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 3

وَرَسُولًا إِلَىٰ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ أَنِّي قَدۡ جِئۡتُكُم بِـَٔايَةٖ مِّن رَّبِّكُمۡ أَنِّيٓ أَخۡلُقُ لَكُم مِّنَ ٱلطِّينِ كَهَيۡـَٔةِ ٱلطَّيۡرِ فَأَنفُخُ فِيهِ فَيَكُونُ طَيۡرَۢا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۖ وَأُبۡرِئُ ٱلۡأَكۡمَهَ وَٱلۡأَبۡرَصَ وَأُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰ بِإِذۡنِ ٱللَّهِۖ وَأُنَبِّئُكُم بِمَا تَأۡكُلُونَ وَمَا تَدَّخِرُونَ فِي بُيُوتِكُمۡۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لَّكُمۡ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ

Ошондой эле аны Исраил урпактарына элчи кылат, ал аларга айтат: «Мен силерге жиберилген Аллахтын элчисимин жана силерге пайгамбарлыгымдын чындыгын билдирген белгилер менен келдим, алар: мен силерге ылайдан куш жасап, ага үйлөсөм, ал Аллахтын уруксаты менен тирүү кушка айланат, тубаса сокурду айыктырам, ал көрүп калат, ала оорусуна чалдыккандардын терисин калыбына келтирем, өлгөн адамды тирилтем. Ушулардын баарысы Аллахтын уруксаты менен болот. Силерге тамак-аштардан эмнени жеп, эмнени үйүңөрдө катып жатканыңарды айтып берем. Мен силерге айткан адам баласынын кудурети жетпеген мындай улуу иштер, эгер силер ыйманды кааласаңар жана далилдерге ишенсеңер, анда менин силерге Аллахтын элчиси экендигиме ачык белги болот. info
التفاسير:

external-link copy
50 : 3

وَمُصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيَّ مِنَ ٱلتَّوۡرَىٰةِ وَلِأُحِلَّ لَكُم بَعۡضَ ٱلَّذِي حُرِّمَ عَلَيۡكُمۡۚ وَجِئۡتُكُم بِـَٔايَةٖ مِّن رَّبِّكُمۡ فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ

Ошондой эле силерге мага чейин түшүрүлгөн Тооратты тастыктоо үчүн келдим, силерге жеңил болсун үчүн буга чейин арам кылынган кээ бир нерселерди адал кылуу үчүн келдим жана силерге айткандарым чындык экендигин көрсөткөн ачык далилдер менен келдим. Андыктан Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоо менен Андан корккула жана мен силерди чакырган нерседе мага баш ийгиле. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 3

إِنَّ ٱللَّهَ رَبِّي وَرَبُّكُمۡ فَٱعۡبُدُوهُۚ هَٰذَا صِرَٰطٞ مُّسۡتَقِيمٞ

Анткени Аллах менин да Раббим, силердин да Раббиңер. Ал жалгыз Өзү гана баш ийдирүүгө жана коркууга татыктуу. Андыктан Ага гана сыйынгыла. Мен силерди Аллахка сыйынгыла жана Андан корккула деп чакырган нерсе – эч кандай бурмалануусу жок туура жол». info
التفاسير:

external-link copy
52 : 3

۞ فَلَمَّآ أَحَسَّ عِيسَىٰ مِنۡهُمُ ٱلۡكُفۡرَ قَالَ مَنۡ أَنصَارِيٓ إِلَى ٱللَّهِۖ قَالَ ٱلۡحَوَارِيُّونَ نَحۡنُ أَنصَارُ ٱللَّهِ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَٱشۡهَدۡ بِأَنَّا مُسۡلِمُونَ

Иса алардын каапырлыктан кайтпастыгын билгенде, Исраил урпактарына кайрылып: «Аллахка даават кылууда ким мага жардамчы болот?» – деди. Аны ээрчигендерден такыбалары: «Биз Аллахтын динине жардам беребиз. Биз Аллахка ыйман келтирдик жана сени ээрчидик. Оо, Иса! Күбө бол, биз Аллахты жалгыздап, Ага моюн сунуу менен Аны ээрчийбиз» – дешти. info
التفاسير:
Ушбу саҳифадаги оят фойдаларидан:
• شرف الكتابة والخط وعلو منزلتهما، حيث بدأ الله تعالى بذكرهما قبل غيرهما.
Жазуу жана кат таануунун артыкчылыгы жана алардын ордунун бийиктиги. Анткени Аллах таала башкалардан мурун экөөсүн эскерди. info

• من سنن الله تعالى أن يؤيد رسله بالآيات الدالة على صدقهم، مما لا يقدر عليه البشر.
Пайгамбарлардын чынчылдыгын көрсөткөн жана аларды адам баласынын кудурети жетпеген аят-белгилер менен колдоо – Аллах тааланын жолдорунан. info

• جاء عيسى بالتخفيف على بني إسرائيل فيما شُدِّد عليهم في بعض شرائع التوراة، وفي هذا دلالة على وقوع النسخ بين الشرائع.
Иса пайгамбар Исраил урпактарына Тоораттагы кээ бир оор шарият өкүмдөрүнө карата жеңилдикти алып келген. Мында шарияттардын ортосунда кээ бир өкүмдөрдү жокко чыгаруу бар экендигине далил бар. info