[1] Бул каапыр Назр бин Хаарис деген киши эле. Ал пайгамбарыбызды шылдыңдап: “Бизге азап качан келет?” деп сурады жана «Эй Аллах! Эгер ушул Куранды Мухаммадга Өзүң түшүргөнүң чын болсо, биздин үстүбүзгө таш жаадырып жибер!» деп дуба кылды. (Ибн Касир)
[1] Бул аяттагы Рух менен периштелердин Аллах таалага көтөрүлүшү дагы Аллах тааланын бийикте экенине далил.
[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Куран окуганда каапырлар топурап келишип, “Мухаммад дагы эмне дээр экен” деп аңдып турушчу. Анан сахабаларды мыскылдап, “Биз ак сөөкпүз. Силерден өйдө таптагы адамдарбыз. Ошондуктан, биз силерден мурун бейишке киребиз” дешчү.
[1] Эгер кааласа Аллах таала көз ирмемде жер менен жексен кылууга жана алардын ордуна башка, ыймандуу адамдарды жашатып коюуга кудуреттүү. Бирок, Аллах таала аларга тозок отуна дагы да ылайыктуурак болуш үчүн мөөнөт берди.