Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - Қирғизча таржима

external-link copy
142 : 7

۞ وَوَٰعَدۡنَا مُوسَىٰ ثَلَٰثِينَ لَيۡلَةٗ وَأَتۡمَمۡنَٰهَا بِعَشۡرٖ فَتَمَّ مِيقَٰتُ رَبِّهِۦٓ أَرۡبَعِينَ لَيۡلَةٗۚ وَقَالَ مُوسَىٰ لِأَخِيهِ هَٰرُونَ ٱخۡلُفۡنِي فِي قَوۡمِي وَأَصۡلِحۡ وَلَا تَتَّبِعۡ سَبِيلَ ٱلۡمُفۡسِدِينَ

Биз Муса менен (ага Китеп – Шарият түшүрүп берүү үчүн) отуз кечеге убадалашып, дагы аны он (кече) менен толуктадык. Ошентип, Раббисинин (убадалашкан) убактысы толук кырк кече болду. Муса бир тууганы Харунга: “(Мен кеткенде) коомумдун арасында менин орунбасарым болуп, аларды түзөп жана бузукулардын жолуна ээрчибей тургун!” - деди. info
التفاسير: