Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - Қирғизча таржима

Бет рақами:close

external-link copy
34 : 40

وَلَقَدۡ جَآءَكُمۡ يُوسُفُ مِن قَبۡلُ بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَمَا زِلۡتُمۡ فِي شَكّٖ مِّمَّا جَآءَكُم بِهِۦۖ حَتَّىٰٓ إِذَا هَلَكَ قُلۡتُمۡ لَن يَبۡعَثَ ٱللَّهُ مِنۢ بَعۡدِهِۦ رَسُولٗاۚ كَذَٰلِكَ يُضِلُّ ٱللَّهُ مَنۡ هُوَ مُسۡرِفٞ مُّرۡتَابٌ

Силерге мындан мурун Юсуф (пайгамбар) далил-баяндар алып келгенде да, ал алып келген динден такай шектенүүдө болгонсуңар. (Ал эми) качан ал өлгөндө «Аллах андан кийин эч качан пайгамбар жибербейт» – дедиңер. Аллах чектен чыккан, шекчил адамдарды ушинтип адаштырат! info
التفاسير:

external-link copy
35 : 40

ٱلَّذِينَ يُجَٰدِلُونَ فِيٓ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ بِغَيۡرِ سُلۡطَٰنٍ أَتَىٰهُمۡۖ كَبُرَ مَقۡتًا عِندَ ٱللَّهِ وَعِندَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْۚ كَذَٰلِكَ يَطۡبَعُ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ قَلۡبِ مُتَكَبِّرٖ جَبَّارٖ

Өздөрүнө (Аллах тарабынан эч кандай) далил келбесе деле, Аллахтын аяттары жөнүндө талашып-тартышкандар, Аллахтын алдында жана ыймандуу кишилердин алдында эң жек көрүндү болгон адамдар! Аллах ар бир текебер, зордукчул адамдын жүрөгүнө ушинтип мөөр басат!» info
التفاسير:

external-link copy
36 : 40

وَقَالَ فِرۡعَوۡنُ يَٰهَٰمَٰنُ ٱبۡنِ لِي صَرۡحٗا لَّعَلِّيٓ أَبۡلُغُ ٱلۡأَسۡبَٰبَ

Анда Фараон айтты: «Оо, Хаман! Мага (бийик) мунара кургунуң! Ажеп эмес мен жолдорго жетип барсам! info
التفاسير:

external-link copy
37 : 40

أَسۡبَٰبَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ فَأَطَّلِعَ إِلَىٰٓ إِلَٰهِ مُوسَىٰ وَإِنِّي لَأَظُنُّهُۥ كَٰذِبٗاۚ وَكَذَٰلِكَ زُيِّنَ لِفِرۡعَوۡنَ سُوٓءُ عَمَلِهِۦ وَصُدَّ عَنِ ٱلسَّبِيلِۚ وَمَا كَيۡدُ فِرۡعَوۡنَ إِلَّا فِي تَبَابٖ

Асмандардын жолдоруна! Анан Мусанын кудайын (өз көзүм менен) көрөйүн. Мен ойлойм, ал (Муса) жалганчы болуш керек». Ошентип Фараонго (шайтан тарабынан) өз ишинин жамандыгы кооз көргөзүлдү жана (туура) жолдон тосуп коюлду. Фараондун (бул) амалкөйлүгү чынында пайда бербеди. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 40

وَقَالَ ٱلَّذِيٓ ءَامَنَ يَٰقَوۡمِ ٱتَّبِعُونِ أَهۡدِكُمۡ سَبِيلَ ٱلرَّشَادِ

Ыйман келтирген адам айтты: «Оо, коомум! Мени ээрчигиле! Мен силерди (Мусанын дини менен) туура жолго баштайын! info
التفاسير:

external-link copy
39 : 40

يَٰقَوۡمِ إِنَّمَا هَٰذِهِ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا مَتَٰعٞ وَإِنَّ ٱلۡأٓخِرَةَ هِيَ دَارُ ٱلۡقَرَارِ

Оо, коомум! Чынында бул дүйнө жашоосу (убактылуу гана) пайдалануу! Чыныгы (түбөлүк жашоочу) орун – бул Акырет! info
التفاسير:

external-link copy
40 : 40

مَنۡ عَمِلَ سَيِّئَةٗ فَلَا يُجۡزَىٰٓ إِلَّا مِثۡلَهَاۖ وَمَنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا مِّن ذَكَرٍ أَوۡ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَأُوْلَٰٓئِكَ يَدۡخُلُونَ ٱلۡجَنَّةَ يُرۡزَقُونَ فِيهَا بِغَيۡرِ حِسَابٖ

Ким бир күнөө иш жасаса, ошол ишине жараша гана жаза алат. Ал эми, эркек же болбосо аялдардан кимиси ыймандуу болуп, жакшы иш жасаса бейишке кирет (жана) анда (ага) эсепсиз ырыскы берилет. info
التفاسير: