Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - Қирғизча таржима

Рум

external-link copy
1 : 30

الٓمٓ

Алиф, Лаам, Миим.[1] info

[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

التفاسير:

external-link copy
2 : 30

غُلِبَتِ ٱلرُّومُ

Рум (Персиядан) жеңилди.[1] info

[1] Рум – бул 395-жылда Рим империясынын чыгыш бөлүгүндө пайда болгон өз алдынча империя. Бул мамлекет тарыхта Византия империясы деген ат менен белгилүү. Борбору Константинаполь (азыркы Стамбул) шаары болгон.

التفاسير:

external-link copy
3 : 30

فِيٓ أَدۡنَى ٱلۡأَرۡضِ وَهُم مِّنۢ بَعۡدِ غَلَبِهِمۡ سَيَغۡلِبُونَ

Эң жакын жерде. Жана алар (Румдук аскерлер) жеңилгенден соң тез арада дагы жеңишке жетет.[1] info

[1] Бул аят Курандын чоң муъжиза экенинин далили. Анткени Аллах бул аятта Румдуктардын жеңишин окуядан тогуз жыл мурун билдирди. Эгер Куранды Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам өзү жазса, муну кайдан билмек эле?

التفاسير:

external-link copy
4 : 30

فِي بِضۡعِ سِنِينَۗ لِلَّهِ ٱلۡأَمۡرُ مِن قَبۡلُ وَمِنۢ بَعۡدُۚ وَيَوۡمَئِذٖ يَفۡرَحُ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ

Бир нече жылдарда. Мындан мурун да, кийин да иш Аллахтын колунда. Ошол (Рум жеңген) күндө ыймандуулар сүйүнүшөт.[1] info

[1] Анткени, алар да өздөрү сыяктуу Китеп элдери, Аллахка сыйынышат. Ал эми, Персия (Фурс) жеңсе, мушриктер сүйүнүшкөн. Себеби фурстар да алар сыяктуу мушрик.

التفاسير:

external-link copy
5 : 30

بِنَصۡرِ ٱللَّهِۚ يَنصُرُ مَن يَشَآءُۖ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Аллах Өзүнүн жардамы менен каалаган пенделерине жеңиш берет. Ал Кудуреттүү, Ырайымдуу. info
التفاسير: