قرآن کریم کے معانی کا ترجمہ - المختصر فی تفسیر القرآن الکریم کا قیرغیزی ترجمہ

Музаммил

سورہ کے بعض مقاصد:
بيان الأسباب المعينة على القيام بأعباء الدعوة.
Динге үгүт кылуу жүгүн жеңилдетүүчү сбептерди баяндоо. info

external-link copy
1 : 73

يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمُزَّمِّلُ

Оо, кийимине оронуп алган (пайгамбар)! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 73

قُمِ ٱلَّيۡلَ إِلَّا قَلِيلٗا

Түндүн бир аз бөлүгүндө намаз оку. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 73

نِّصۡفَهُۥٓ أَوِ ٱنقُصۡ مِنۡهُ قَلِيلًا

Кааласаң, анын жарымын же үчтөн бирине жеткенчелик жарымынан азыраагын намаз оку. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 73

أَوۡ زِدۡ عَلَيۡهِ وَرَتِّلِ ٱلۡقُرۡءَانَ تَرۡتِيلًا

Же үчтөн экисине жеткенчилик кош жана Куранды окусаң ачык оку жана аны кыраат кылганда шашылба. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 73

إِنَّا سَنُلۡقِي عَلَيۡكَ قَوۡلٗا ثَقِيلًا

Оо, пайгамбар! Биз сага салмактуу сөз болгон Куранды түшүрөбүз. Анткени анда парздар, жаза өкүмдөрү, өкүм-буйруктар, адептер жана башка нерселер бар. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 73

إِنَّ نَاشِئَةَ ٱلَّيۡلِ هِيَ أَشَدُّ وَطۡـٔٗا وَأَقۡوَمُ قِيلًا

Чындыгында түнкү сааттар кыраат кылууда жүрөккө эң ылайыктуу жана сөздөрү эң туура. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 73

إِنَّ لَكَ فِي ٱلنَّهَارِ سَبۡحٗا طَوِيلٗا

Сен күндүзү жумуштарыңды кылып, Куран окуудан алаксыйсың. Андыктан түндөсү намаз оку. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 73

وَٱذۡكُرِ ٱسۡمَ رَبِّكَ وَتَبَتَّلۡ إِلَيۡهِ تَبۡتِيلٗا

Аллахты түрдүү зикирлер менен эскер жана чын ыкластан сыйынып өзүңдү Ага арна. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 73

رَّبُّ ٱلۡمَشۡرِقِ وَٱلۡمَغۡرِبِ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ فَٱتَّخِذۡهُ وَكِيلٗا

Ал Чыгыш менен Батыштын Раббиси. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Андыктан Аны бардык иштериңде таянган Колдоочу кылып ал. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 73

وَٱصۡبِرۡ عَلَىٰ مَا يَقُولُونَ وَٱهۡجُرۡهُمۡ هَجۡرٗا جَمِيلٗا

Жана жалганчылардын шылдың жана сөгүш сөздөрүнө сабыр кыл жана аларды эч кандай зыян келтирбестен ташта. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 73

وَذَرۡنِي وَٱلۡمُكَذِّبِينَ أُوْلِي ٱلنَّعۡمَةِ وَمَهِّلۡهُمۡ قَلِيلًا

Бул дүйнөнүн жыргалчылыгынан ырахат алган жалганчылардын абалына көңүл бурба, аларды Мага ташта жана алардын мөөнөтү келгенге чейин бир аз күт. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 73

إِنَّ لَدَيۡنَآ أَنكَالٗا وَجَحِيمٗا

Чындыгында акыретте Биздин алдыбызда оор кишендер жана алоолонгон от бар. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 73

وَطَعَامٗا ذَا غُصَّةٖ وَعَذَابًا أَلِيمٗا

Жана өтө ачуулугунан кекиртекке кептелген тамак-аш менен мурункудан да ашыкча кыйноочу азап бар. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 73

يَوۡمَ تَرۡجُفُ ٱلۡأَرۡضُ وَٱلۡجِبَالُ وَكَانَتِ ٱلۡجِبَالُ كَثِيبٗا مَّهِيلًا

Ал азап жер жана тоолор титиреген күнү жалганчыларга болот. Тоолор катуу коркунучтан улам бырыксыган жана агылган кумдай болуп калат. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 73

إِنَّآ أَرۡسَلۡنَآ إِلَيۡكُمۡ رَسُولٗا شَٰهِدًا عَلَيۡكُمۡ كَمَآ أَرۡسَلۡنَآ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ رَسُولٗا

Биз Фараонго Мусаны пайгамбар кылып жиберген сыяктуу кыямат күнү силердин иш-аракеттериңерге күбө болуучу пайгамбарды жибердик. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 73

فَعَصَىٰ فِرۡعَوۡنُ ٱلرَّسُولَ فَأَخَذۡنَٰهُ أَخۡذٗا وَبِيلٗا

Фараон Раббиси тараптан ага жиберилген пайгамбарга баш ийбестик кылды, анан Биз аны дүйнөдө сууга чөктүрүп катуу жазаладык жана акыретте тозок азабы менен жазалайбыз. Ошондуктан силер дагы пайгамбарыңарга баш ийбестик кылбагыла, болбосо анын башына түшкөн нерсе силерге да түшөт. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 73

فَكَيۡفَ تَتَّقُونَ إِن كَفَرۡتُمۡ يَوۡمٗا يَجۡعَلُ ٱلۡوِلۡدَٰنَ شِيبًا

Эгер силер Аллахка каапырлык кылып, Анын элчисин жалганга чыгарган болсоңор, анда катуу коркунучтан жана узактыгынан жаш балдардын да чачы агарган узак катаал күндө өзүңөрдү кантип коргойсуңар? info
التفاسير:

external-link copy
18 : 73

ٱلسَّمَآءُ مُنفَطِرُۢ بِهِۦۚ كَانَ وَعۡدُهُۥ مَفۡعُولًا

Асман коркунучтан бөлүнүп жарылат. Аллахтын убадасы сөзсүз аткарылды. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 73

إِنَّ هَٰذِهِۦ تَذۡكِرَةٞۖ فَمَن شَآءَ ٱتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ سَبِيلًا

Чындыгында кыямат күндөгү коркунуч жана катаалдык тууралуу баяндаманы камтыган бул насыйкат – ыймандуулар пайда алуучу эскертме. Кимде-ким Раббисине алып бара турган жолду кааласа, ошол жолго түшсүн. info
التفاسير:
حالیہ صفحہ میں آیات کے فوائد:
• أهمية قيام الليل وتلاوة القرآن وذكر الله والصبر للداعية إلى الله.
Аллахка чакырган адам үчүн түнкү намаздын, Куран окуунун, зикир кылуунун жана сабыр кылуунун маанилүүлүгү. info

• فراغ القلب في الليل له أثر في الحفظ والفهم.
Түн ичинде жүрөктүн бош болуусу жаттоого жана түшүнүүгө таасир этет. info

• تحمّل التكاليف يقتضي تربية صارمة.
Жоопкерчиликтерди моюнга алуу катуу тарбияны талап кылат. info

• الترف والتوسع في التنعم يصدّ عن سبيل الله.
Жыргал жашоо жана бакубатчылык Аллахтын жолунан тосот. info

external-link copy
20 : 73

۞ إِنَّ رَبَّكَ يَعۡلَمُ أَنَّكَ تَقُومُ أَدۡنَىٰ مِن ثُلُثَيِ ٱلَّيۡلِ وَنِصۡفَهُۥ وَثُلُثَهُۥ وَطَآئِفَةٞ مِّنَ ٱلَّذِينَ مَعَكَۚ وَٱللَّهُ يُقَدِّرُ ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَۚ عَلِمَ أَن لَّن تُحۡصُوهُ فَتَابَ عَلَيۡكُمۡۖ فَٱقۡرَءُواْ مَا تَيَسَّرَ مِنَ ٱلۡقُرۡءَانِۚ عَلِمَ أَن سَيَكُونُ مِنكُم مَّرۡضَىٰ وَءَاخَرُونَ يَضۡرِبُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ يَبۡتَغُونَ مِن فَضۡلِ ٱللَّهِ وَءَاخَرُونَ يُقَٰتِلُونَ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِۖ فَٱقۡرَءُواْ مَا تَيَسَّرَ مِنۡهُۚ وَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُواْ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَقۡرِضُواْ ٱللَّهَ قَرۡضًا حَسَنٗاۚ وَمَا تُقَدِّمُواْ لِأَنفُسِكُم مِّنۡ خَيۡرٖ تَجِدُوهُ عِندَ ٱللَّهِ هُوَ خَيۡرٗا وَأَعۡظَمَ أَجۡرٗاۚ وَٱسۡتَغۡفِرُواْ ٱللَّهَۖ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمُۢ

Оо, пайгамбар! Чындыгында Раббиң кээде сенин түндүн үчтөн экисинен азыраагын, кээде жарымын, кээде үчтөн бир бөлүгүн намаз окуганыңды билет жана ыймандуулардын тобу да сени менен бирге туруп намаз окушат. Аллах күн менен түндүн өлчөмүн белгилейт жана алардын сааттарын эсептейт. Ал силерди анын сааттарын тактык менен эсебин чыгара албай, ал себептүү силер көздөгөнүңөргө жетиш үчүн анын көпчүлүк бөлүгүн намаз окуп, кыйналып калууңар мүмкүн экенин билди. Ошол себептен Ал силердин тообоңорду кабыл кылды. Андыктан алыңар келишинче түндөсү намаз окугула. Оо, ыймандуулар! Аллах силердин араңарда оорудан чарчаган оорулуулар болушун, кээ бирөөлөр Аллахтын ырыскысын издеп жер кезип жүргөнүн, башкалары болсо Аллахтын сөзү бийик болсун деп Анын ыраазылыгы үчүн каапырлар менен согушуп жатканын билет. Мына ошолорго түнкү намазды окуш кыйын. Андыктан алыңардын келишинче түндөсү намаз окугула, парз намазды талаптагыдай толук аткаргыла, мал-мүлкүңөрдөн зекет бергиле жана Аллах жолуна мал-мүлкүңөрдөн сарптагыла. Өзүңөр үчүн кандай жакшылык кылбагыла, аны эң жакшы жана эң сооптуу абалда табасыңар. Жана Аллахтан кечирим сурагыла. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу. info
التفاسير:
حالیہ صفحہ میں آیات کے فوائد:
• المشقة تجلب التيسير.
Кыйынчылык жеңилдикти алып келет. info

• وجوب الطهارة من الخَبَث الظاهر والباطن.
Сырткы жана ички ыпластыктан тазалануунун милдеттүүлүгү. info

• الإنعام على الفاجر استدراج له وليس إكرامًا.
Бузуку адамга жакшылыктарды берүү – аны сыйлагандык эмес, аны акырындык менен жазалоо. info