[1] Курани Карим жер бетиндеги эки салмактуу элдер – инсандар жана жиндер үчүн түшүрүлгөн. Мунун мааниси Куран өкүмдөрү инсандарга кандай парыз болсо, жиндерге да ошондой парыз.
[1] Аллах таалага шерик кылуунун эң чоңу “Аллахтын аялы жана баласы” бар деп ишенүү. Бул аятта жиндер дагы Аллах тааланы аял жана балага муктаж болуудан аруулап жатканы баяндалууда. Бирок, “Аллахтын аялы жана баласы” бар деген сыяктуу акылга сыйбаган (жалган) сөздү айтуучулар биздин арабызда да бар – дешет жиндер.
[1] Чынында, көпчүлүк адамдар бир коркунучтуу жерге барып калса “ал жердин жиндерден болгон ээси бар” деп, алардан коргоо тилешет. Муну менен алардын коркуусу андан бетер көбөйөт.
[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга чейин жиндер асманга учуп чыгып периштелердин сөздөрүн жашыруун угуп, кээ бир кайып кабарларын билип түшчү экен. Пайгамбарыбызга Куран түшүрүлгөндөн кийин Аллах таала асманга периштелерден жана учар жылдыздардан турган корукчуларды дайындады.
[1] Демек, Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам жиберилгенден бери жиндер тайпасына асман кабарларын угууга катуу тюу салыныптыр. Анда ар кайсы замандагы “асман менен кабарлаштым” деген көзү ачыктардын сөзүн кандай түшүнөбүз? Бул маселени жиндердин кийинки сөздөрү чечип берет.
[1] Жиндердин арасында инсандар менен байланыш жасагандары бар. Эгер кайсы адамдын байланыштагы жини ыймандуу болсо, ага ар кандай нерселерди айтып башын оорутпайт. Эгер сураса учурдагы кээ бир сырларды дароо билип келип, кабарлашы мүмкүн. Себеби Аллах таала аларга биз элестете албай турган ылдамдуулукту берген. Ал эми кимдин байланышкан жини каапыр болсо анын кулагына жалгандан “кайып кабарларын” шыбырап, ал аркылуу адамдарды шылдыңдап, маскара кылышат. Ошондуктан мусулмандар билиши керек: арабыздагы “эртең андай болот, мындай болот”, “мага кайыптан, космостон кабар келет” деп “кайыптан” сүйлөгөндөр ошол каапыр жиндердин адамдардын башы айлантуучу өнөктөштөрү
[1] Жиндер пайгамбарыбыздан Куранды уга электе "биз жердеги эң күчтүү кожоюндарбыз" деп жүрүшкөн. Эми алардын ыймандуулары Аллах тааланын чексиз бийлигине моюн сунушту.
[1] Бул Аллах тааланын адилети! Ким кандай жакшы иш жасаган болсо, андан кемитилбейт, жамандык, күнөө иштерине кошуп, көбөйтүлбөйт. Болгону болгондой жазылат жана кыяматта эч кимге зулум кылынбаган абалда эсеп-китеп кылынат.
[1] Суунун мол болушу – бул кененчиликтин, төгүн-чачын ырыскынын, бай-бардарлыктын белгиси. Бул оор сыноо. Кайсы элге ушундай абал келгенде, каалаган жыргалына жеткен напси эркелеп, каалоолорун көбөйтүп, шайтандар дагы тузагын кененирээк жайып калат.
[1] Демек, мечиттерде Аллах таалага кошуп башка кудайларга дуба (ибадат) кылбаш керек. Маселен, христиандардын Аллах таалага сыйынуучу ибадаткана деп эсептелген чиркөөлөрүндө Исанын, Бүбү Марямдын айкел-сүрөттөрү илинип турат жана алар Аллахка шерик кылып ошол иконаларга да сыйынышат.
[1] Азыркы учурда кайсы бир чала молдого же көзү ачыкка адамдар же жиндер жабалактап келсе, дароо Аллах тааланы унутуп “Силердин жолуңарды мен ачам, зыяныңарды мен арылтам” деп жөөлүп калышат. Аллах тааланын пайгамбары дүйнөдөгү эң улук жана дубасы кабыл болуучу адам болушуна карабай “Силер үчүн не зыян, не пайда жеткерүү менин колумда эмес” деп жатат. Демек, бардык пайда жана бардык зыян Аллах таланын гана колунда.
[1] Бул сөздөр пайгамбардын тилинен учкандан кийин андан башкалар өздөрүнө тиешелүү жыйынтык чыгарып алуулары кажет. Башкача айтканда адампенде ким болушуна карабастан, кимдин урпагы болушуна карабастан эгер бир күнөө кылып, ал күнөөсүн Аллах таала кечирбесе, аны Аллахтын азабынан эч ким сактап кала албайт. Ал эми күнөө кылган адам азаптан кутулуу үчүн Аллах таалага гана жалбарышы, андан гана коргоо, кечирим тилеши керек. Анткени, күнөөлүү адамга Аллах тааладан башка коргоочу жок!
[1] Адамдын тозокто түбөлүк калуусуна себеп болуучу күнөөлөр – бул илхад (атеизм), ширк (ибадатта Аллах таалага шерик кошуу) жана пайгамбарды, Куранды жалганга чыгаруу. Булардан башка чоң күнөөлөр пенденин тозокко түшүүсүнө себеп болсо да ал жерде түбөлүк калуусуна себеп болбойт.
[1] Аллах таала Куранда убада кылган акырет эсеп-китебине ишенбеген мушриктер мусулмандарды колдоочусу жок деп кодулап, “Биздин кудайлар бизди колдойт” деп мактанышкан. Бирок, ошол күн келгенде ишенген кудайлары оор абалдарына жардам бере албай, алардан качып, чанып кетет. Ал эми мусулмандардын оор күнүндө Аллах тааланын Өзү жардам берет, пайгамбарлары боор тартып, Аллах тааладан кечирим сурап берет. Периштелер дагы аларга жумшак, сылык мамиле кылышат. Бирок, убада кылынган ошол Күн (Кыямат) качан болушун эч ким: Аллахка жакын периштелер дагы, пайгамбарлар дагы билбейт.
[1] Жиндер кайып кабарларын уурдап, адамдардан болгон достору – бакшыларга шыбырап койбосун деп ушул периштелер Аллахтан пайгамбарларга жиберилген кайып кабарларын коргоп келишет.