قرآن کریم کے معانی کا ترجمہ - کرغیز ترجمہ - شمس الدین حکیموف

صفحہ نمبر:close

external-link copy
103 : 16

وَلَقَدۡ نَعۡلَمُ أَنَّهُمۡ يَقُولُونَ إِنَّمَا يُعَلِّمُهُۥ بَشَرٞۗ لِّسَانُ ٱلَّذِي يُلۡحِدُونَ إِلَيۡهِ أَعۡجَمِيّٞ وَهَٰذَا لِسَانٌ عَرَبِيّٞ مُّبِينٌ

Биз билебиз, алар (мушриктер): “Чынында, Куранды Мухаммадга (бир) адам үйрөткөн» деп жатышат. Алар (пайгамбардын устаты деп) көргөзүп жаткан адамдын тили арабча эмес. Ал эми, бул (Куран) анык-таза араб тилинде! info
التفاسير:

external-link copy
104 : 16

إِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ لَا يَهۡدِيهِمُ ٱللَّهُ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Албетге, (ар нерсени шылтоолоп) Аллахтын аяттарына ыйман келтирбей жүргөн адамдарды Аллах туура жолто баштабайт жана аларга жан сыздаткан азап бар. info
التفاسير:

external-link copy
105 : 16

إِنَّمَا يَفۡتَرِي ٱلۡكَذِبَ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡكَٰذِبُونَ

Чынында, Аллахтын аяттарына ыйман келтирбегендер гана (ушундай) жалгандарды ойлоп табышат. Алар - жалганчылар! info
التفاسير:

external-link copy
106 : 16

مَن كَفَرَ بِٱللَّهِ مِنۢ بَعۡدِ إِيمَٰنِهِۦٓ إِلَّا مَنۡ أُكۡرِهَ وَقَلۡبُهُۥ مُطۡمَئِنُّۢ بِٱلۡإِيمَٰنِ وَلَٰكِن مَّن شَرَحَ بِٱلۡكُفۡرِ صَدۡرٗا فَعَلَيۡهِمۡ غَضَبٞ مِّنَ ٱللَّهِ وَلَهُمۡ عَذَابٌ عَظِيمٞ

Кимде-ким ыйманга келгенден кийин Аллахка каапыр болуп, көкүрөгүн каапырчылыктарга кенен ачып койсо, аларга Аллахтын каары жана улук азап бар. Ал эми, жүрөгү ыйман менен (толуп) бейпил турган абалда (тили менен гана “Динден кайттым” деген сөздү айтууга) мажбур кылынган адамдар (га азап-күнөө жок). info
التفاسير:

external-link copy
107 : 16

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمُ ٱسۡتَحَبُّواْ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا عَلَى ٱلۡأٓخِرَةِ وَأَنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡكَٰفِرِينَ

Мунун себеби, алар (көкүрөгүн капырчылыкка ачкандар) Акыретке караганда (опосуз) дүйнө жашоосун көбүрөөк сүйүштү. Албетте, Аллах каапыр коомдорду туура жолго баштабайт. info
التفاسير:

external-link copy
108 : 16

أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ طَبَعَ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ وَسَمۡعِهِمۡ وَأَبۡصَٰرِهِمۡۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡغَٰفِلُونَ

Аллах алардын жүрөгүнө, кулактарына жана көздөрүнө мөөр басып (акыйкатты кабыл алалбай турган кылып) койгон. Эми, алар капилеттеги (аңкоо) адамдар. info
التفاسير:

external-link copy
109 : 16

لَا جَرَمَ أَنَّهُمۡ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ

Эч шексиз, алар Акыретте зыян тартуучулардан болушат.[1] info

[1] Зыян тартуу" бул нээматты жоготуу дегени. Алар Акыретте, эң кымбат адамдарынан ажырап, аздектеген жандарынын жыргалчылыгын жоготушат жана жан ооруткан азапка киргизилет. Бирок, жүрөгү ыйманга толуп турса да, денесине жеткирилген (бул дүйнөдөгү) азапка чыдабай "каапыр болдум" деген адамдарга акыретте азап жок. Ислам шариятында дегеле, аргасыздыктан улам жасалган нерсеге күнөө болбойт.

التفاسير:

external-link copy
110 : 16

ثُمَّ إِنَّ رَبَّكَ لِلَّذِينَ هَاجَرُواْ مِنۢ بَعۡدِ مَا فُتِنُواْ ثُمَّ جَٰهَدُواْ وَصَبَرُوٓاْ إِنَّ رَبَّكَ مِنۢ بَعۡدِهَا لَغَفُورٞ رَّحِيمٞ

Андан соң, албетте, сенин Раббиң, (көп) каршылыктарга учурагандан кийин (өз диндерин сактап калуу үчүп) хижрат кылган, жихадга чыккан жана (дин жолундагы кыйынчылыктарга) сабырдуулук көргөзгөн адамдарды - ушулардан кийин - албетте, Кечирүүчү жана Өз Ырайымына алуучу. info
التفاسير: