قرآن کریم کے معانی کا ترجمہ - کرغیز ترجمہ - شمس الدین حکیموف

صفحہ نمبر:close

external-link copy
109 : 11

فَلَا تَكُ فِي مِرۡيَةٖ مِّمَّا يَعۡبُدُ هَٰٓؤُلَآءِۚ مَا يَعۡبُدُونَ إِلَّا كَمَا يَعۡبُدُ ءَابَآؤُهُم مِّن قَبۡلُۚ وَإِنَّا لَمُوَفُّوهُمۡ نَصِيبَهُمۡ غَيۡرَ مَنقُوصٖ

(Оо, Мухаммад) Тиги (мушрик) адамдар ибадат кылып жаткан нерселердин жалгандыгынан эч күмөн санаба. Алар мурунку ата-бабалары сыйынганы сыяктуу сыйынып жатышат. (Тозокко да ошолор киргендей киришет) Бирок, Биз алардын (бул дүйнөдөгү) насиптерин кыскартпай эле бердик. info
التفاسير:

external-link copy
110 : 11

وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ فَٱخۡتُلِفَ فِيهِۚ وَلَوۡلَا كَلِمَةٞ سَبَقَتۡ مِن رَّبِّكَ لَقُضِيَ بَيۡنَهُمۡۚ وَإِنَّهُمۡ لَفِي شَكّٖ مِّنۡهُ مُرِيبٖ

Биз Мусага Китепти (Тооратты) бердик эле, ал жөнүндө талаш пайда болду. Эгер Сенин Раббиң тарабынан (жаза Кыяматта болушу жөнүндөгү) Сөз(ү) болбогондо алардын арасында(гы залымдарына ошол замат азап берүү менен) өкүм кылынмак. Чынында алар андан (Курандан) да күмөн санашууда. info
التفاسير:

external-link copy
111 : 11

وَإِنَّ كُلّٗا لَّمَّا لَيُوَفِّيَنَّهُمۡ رَبُّكَ أَعۡمَٰلَهُمۡۚ إِنَّهُۥ بِمَا يَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ

Албетте, сенин Раббиң (Кыяматта) алардын ар бирине амалдарын(а жараша сыйлык же жазасын) толук берет. Ал (Аллах) алардын бардык иштеринен кабардар. info
التفاسير:

external-link copy
112 : 11

فَٱسۡتَقِمۡ كَمَآ أُمِرۡتَ وَمَن تَابَ مَعَكَ وَلَا تَطۡغَوۡاْۚ إِنَّهُۥ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٞ

(Оо, Мухаммад) сен жана сени менен болгон тообо кылгандар (дин-ишенимиңерде Куранда) буюрулгандай түз болгула! Чектен чыга көрбөгүлө! Ал (Аллах) эмне кылганыңарды Көрүүчү! info
التفاسير:

external-link copy
113 : 11

وَلَا تَرۡكَنُوٓاْ إِلَى ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ فَتَمَسَّكُمُ ٱلنَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِنۡ أَوۡلِيَآءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ

Залым (каапыр) адамдарга жан тартпагыла. (Эгер аларга болушсаңар) силерди тозок кармайт жана Аллахтан башка эч бир дос таппай, жардамсыз каласыңар. info
التفاسير:

external-link copy
114 : 11

وَأَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَ طَرَفَيِ ٱلنَّهَارِ وَزُلَفٗا مِّنَ ٱلَّيۡلِۚ إِنَّ ٱلۡحَسَنَٰتِ يُذۡهِبۡنَ ٱلسَّيِّـَٔاتِۚ ذَٰلِكَ ذِكۡرَىٰ لِلذَّٰكِرِينَ

(Оо, Мухаммад!) Күндүздүн эки тарабында (түшкө чейин жана түштөн кийин) жана түндүн бир бөлүгүндө намаз оку![1] Чынында жакшылыктар жамандыктарды (күнөөлөрдү) кетирет. Бул – эскерүүчү адамдар үчүн эскертүү. info

[1] Ушул аят беш убак намаздын парыз болгонуна далилдердин бири.

التفاسير:

external-link copy
115 : 11

وَٱصۡبِرۡ فَإِنَّ ٱللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجۡرَ ٱلۡمُحۡسِنِينَ

Сабыр кыл. Аллах жакшылык кылуучулардын сообун текке кетирбейт. info
التفاسير:

external-link copy
116 : 11

فَلَوۡلَا كَانَ مِنَ ٱلۡقُرُونِ مِن قَبۡلِكُمۡ أُوْلُواْ بَقِيَّةٖ يَنۡهَوۡنَ عَنِ ٱلۡفَسَادِ فِي ٱلۡأَرۡضِ إِلَّا قَلِيلٗا مِّمَّنۡ أَنجَيۡنَا مِنۡهُمۡۗ وَٱتَّبَعَ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ مَآ أُتۡرِفُواْ فِيهِ وَكَانُواْ مُجۡرِمِينَ

Эгер силерден мурунку (апааттан кырылган) муундардын арасында жерде бузукулук кылуудан кайтара турган жакшы кишилерден (бир аз) калган болсо, (алар башкаларды да даават кылмак жана жалпы апааттан кутулуп калышмак). Ал эми Биз (апааттан) куткаргандардын арасында андайлар өтө сейрек болду. Залымдар кумар-лаззаттарга берилип, күнөө-кылмыш жасоочулар(дан) болуп калышты (натыйжада баштарына Аллахтын азабы түштү). info
التفاسير:

external-link copy
117 : 11

وَمَا كَانَ رَبُّكَ لِيُهۡلِكَ ٱلۡقُرَىٰ بِظُلۡمٖ وَأَهۡلُهَا مُصۡلِحُونَ

Сенин Раббиң эч качан элдери агартуучу болгон шаарларды адилетсиздик менен кыйраткан эмес.[1] info

[1] Кайсы шаар же мамлекеттин эли жакшылыктарды жасоо менен бирге жамандыкка каршы күрөшө турган агартуучу эл болсо, Аллах алардын башына азап жибербейт.

التفاسير: