قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى

بەت نومۇرى:close

external-link copy
6 : 46

وَإِذَا حُشِرَ ٱلنَّاسُ كَانُواْ لَهُمۡ أَعۡدَآءٗ وَكَانُواْ بِعِبَادَتِهِمۡ كَٰفِرِينَ

Аларга бул дүйнөдө пайда беришпегенине карабастан, кыяматта чогулганда сыйынуучуларына душман болушат, алардан баш тартышат жана алардын сыйынгандары тууралуу билбейбиз деп танып кетишет. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 46

وَإِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتُنَا بَيِّنَٰتٖ قَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لِلۡحَقِّ لَمَّا جَآءَهُمۡ هَٰذَا سِحۡرٞ مُّبِينٌ

Эгерде аларга пайгамбарыбызга түшкөн аяттар окулса, алардын пайгамбары өз колу менен алып келген Куранга каапырлык кылгандар: «Бул анык эле сыйкыр. Аллах тараптан келген вахий эмес» – деп айтышат. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 46

أَمۡ يَقُولُونَ ٱفۡتَرَىٰهُۖ قُلۡ إِنِ ٱفۡتَرَيۡتُهُۥ فَلَا تَمۡلِكُونَ لِي مِنَ ٱللَّهِ شَيۡـًٔاۖ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَا تُفِيضُونَ فِيهِۚ كَفَىٰ بِهِۦ شَهِيدَۢا بَيۡنِي وَبَيۡنَكُمۡۖ وَهُوَ ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ

Ал мушриктер: «Мухаммад бул Куранды өз оюнан чыгарып, аны Аллахка таандык кылып койду» – деп жатышабы? Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Эгерде мен аны өз оюмдан чыгарсам, анда силер Аллахтын мага каалаган азабынан куткаруунун айласын таба алмак эмессиңер. Мен Анын атынан оюмдан чыгарып өзүмдү-өзүм кантип азапка салмак элем? Силер Аллахтын Кураны тууралуу жаман сөздөрдү айтып жана мени жаманатты кылып жатканыңарды Ал жакшы билет. Ал силер менен менин ортобузда күбө болууга Өзү жетиштүү. Ал тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу». info
التفاسير:

external-link copy
9 : 46

قُلۡ مَا كُنتُ بِدۡعٗا مِّنَ ٱلرُّسُلِ وَمَآ أَدۡرِي مَا يُفۡعَلُ بِي وَلَا بِكُمۡۖ إِنۡ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَىٰٓ إِلَيَّ وَمَآ أَنَا۠ إِلَّا نَذِيرٞ مُّبِينٞ

Оо, пайгамбар! Пайгамбарлыгыңды жалганга чыгарган мушриктерге айт: «Силер кылган дааватыма таң кала тургандай, Аллах тараптан биринчи пайгамбар болуп келип жаткан жокмун. Менден мурун да көптөгөн пайгамбарлар келишкен. Бул дүйнөдө Аллах мени жана силерди эмне кыларын билбеймин. Мен Аллахтын вахий кылган нерсесине гана ээрчийм. Менин айткан ар бир сөзүм, ар бир ишим Анын вахийине туура келет. Мен болгону силерге Аллахтын азабын эскерткен ачык эскертүүчүмүн». info
التفاسير:

external-link copy
10 : 46

قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ إِن كَانَ مِنۡ عِندِ ٱللَّهِ وَكَفَرۡتُم بِهِۦ وَشَهِدَ شَاهِدٞ مِّنۢ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ عَلَىٰ مِثۡلِهِۦ فَـَٔامَنَ وَٱسۡتَكۡبَرۡتُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ

Оо, пайгамбар! Ал жалганчыларга айт: «Айткылачы, эгерде бул Куран Аллах тараптан болуп, бирок силер ага каапырлык кылсаңар жана Исраил урпактарынан бирөөсү ал тууралуу Тооратта келген нерсеге таянып, ал Аллах тараптан экенине күбөгө өтсө жана ага ыйман келтирсе, бирок силер ага ыйман келтирүүдөн текеберлик кылсаңар, мына ошондо силер зулум кылган болбойсуңарбы? Чындыгында Аллах акыйкатка зулумдук кылган коомго ийгилик бербейт». info
التفاسير:

external-link copy
11 : 46

وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لِلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَوۡ كَانَ خَيۡرٗا مَّا سَبَقُونَآ إِلَيۡهِۚ وَإِذۡ لَمۡ يَهۡتَدُواْ بِهِۦ فَسَيَقُولُونَ هَٰذَآ إِفۡكٞ قَدِيمٞ

Куранга жана аларга пайгамбары алып келген нерсеге каапырлык кылгандар ыймандууларга: «Эгерде Мухаммад алып келген нерсе чындап эле жакшылыкка багыттаган болсо, анда тигил кедейлер, кулдар жана алсыздар бизден ашып кетишпейт болчу» – дешет. Анткени алар пайгамбары алып келгенди жолдогон жок жана алар: «Анын бизге алып келген бул нерсеси эски жалгандардан. Биз жалганды ээрчибейбиз» – дешет. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 46

وَمِن قَبۡلِهِۦ كِتَٰبُ مُوسَىٰٓ إِمَامٗا وَرَحۡمَةٗۚ وَهَٰذَا كِتَٰبٞ مُّصَدِّقٞ لِّسَانًا عَرَبِيّٗا لِّيُنذِرَ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ وَبُشۡرَىٰ لِلۡمُحۡسِنِينَ

Бул Курандан мурун Аллах Мусага акыйкатта ээрчүүчү жол башчы болгон жана Исраил урпактарынан ага ыйман келтирип, ээрчигендерге ырайым болгон Тоорат китебин түшүрдү. Ал эми Мухаммадга түшкөн бул Куран Аллахка ширк жана күнөөлөрдү кылуу менен өздөрүнө зыян келтиргендерди эскертиш үчүн, ошондой эле Жаратуучусу жана макулуктар менен жакшы мамиледе болгон адамдарга сүйүнчү катары өзүнөн мурунку китептерди тастыктап араб тилинде түштү. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 46

إِنَّ ٱلَّذِينَ قَالُواْ رَبُّنَا ٱللَّهُ ثُمَّ ٱسۡتَقَٰمُواْ فَلَا خَوۡفٌ عَلَيۡهِمۡ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ

«Раббибиз – Аллах. Биз үчүн Андан башка Рабби жок» – деп айтып, андан соң ыйман жолуна түшүп, жакшылык иштерди кылгандарга келечекте келүүчү акыретте эч кандай коркунуч жок жана алар дүйнөдө өткөрүп жиберген жыргалчылыктарга жана артында таштаган нерселерге кайгырышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 46

أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَنَّةِ خَٰلِدِينَ فِيهَا جَزَآءَۢ بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ

Мына ушундай сыпаттагы адамдар – бейиш адамдары. Алар дүйнөдө кылган жакшылык иштеринин сыйлыгы катары ал жакта түбөлүк калышат. info
التفاسير:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• كل من عُبِد من دون الله ينكر على من عبده من الكافرين.
Аллахтан башка сыйынылган бардык нерселер аларга сыйынган каапырларды четке кагышат. info

• عدم معرفة النبي صلى الله عليه وسلم بالغيب إلا ما أطلعه الله عليه منه.
Пайгамбар кайыптан Аллах билдирген нерсени гана билет. info

• وجود ما يثبت نبوّة نبينا صلى الله عليه وسلم في الكتب السابقة.
Мурунку китептерде пайгамбарыбыздын пайгамбарлыгын тастыктаган нерселердин болуусу. info

• بيان فضل الاستقامة وجزاء أصحابها.
Туура жолду тутунуунун артыкчылыгын жана аны тутунгандардын сыйлыгын баяндоо. info