قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى

بەت نومۇرى:close

external-link copy
154 : 3

ثُمَّ أَنزَلَ عَلَيۡكُم مِّنۢ بَعۡدِ ٱلۡغَمِّ أَمَنَةٗ نُّعَاسٗا يَغۡشَىٰ طَآئِفَةٗ مِّنكُمۡۖ وَطَآئِفَةٞ قَدۡ أَهَمَّتۡهُمۡ أَنفُسُهُمۡ يَظُنُّونَ بِٱللَّهِ غَيۡرَ ٱلۡحَقِّ ظَنَّ ٱلۡجَٰهِلِيَّةِۖ يَقُولُونَ هَل لَّنَا مِنَ ٱلۡأَمۡرِ مِن شَيۡءٖۗ قُلۡ إِنَّ ٱلۡأَمۡرَ كُلَّهُۥ لِلَّهِۗ يُخۡفُونَ فِيٓ أَنفُسِهِم مَّا لَا يُبۡدُونَ لَكَۖ يَقُولُونَ لَوۡ كَانَ لَنَا مِنَ ٱلۡأَمۡرِ شَيۡءٞ مَّا قُتِلۡنَا هَٰهُنَاۗ قُل لَّوۡ كُنتُمۡ فِي بُيُوتِكُمۡ لَبَرَزَ ٱلَّذِينَ كُتِبَ عَلَيۡهِمُ ٱلۡقَتۡلُ إِلَىٰ مَضَاجِعِهِمۡۖ وَلِيَبۡتَلِيَ ٱللَّهُ مَا فِي صُدُورِكُمۡ وَلِيُمَحِّصَ مَا فِي قُلُوبِكُمۡۚ وَٱللَّهُ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ

Кыйналып-кысталып, жабыркаганыңардан соң, Аллах силерге бейпилдик берди. Аллахтын убадасына ишенген адамдарды жеңил уйку басып, жүрөктөрүнө бейпилдик орноду. Ал эми керт башынын кызыкчылыгын ойлогон мунафыктарды уйку баспады, алардын жүрөгү да эс албады. Алар тынчсызданып, коркуп, Аллах Таала элчисине элчисине да, пенделерине да жардам бербейт деп, тиги жахилият доорунда Аллахтын кадырына шек келтиришкени сыяктуу мында да жаман күмөндө болушту. Алар Аллахты жакшы тааныбаганы себептүү: бизде бул согушка чыга турчу оюбуз да жок эле, эгер оюбузга койгондо, бул жерге келбейт элек дешти. Эй, пайгамбар, аларга жооп кылып, мындай де: "Иштин баары Аллахтын колунда, Ал каалагандай тагдыр кылат, каалаган өкүмүн жүргүзөт, силердин бул жакка чыгууңарды Ал тагдыр кылган". Мунафыктар жаман, шектүү күмөн санаганы үчүн коркуп сага ачыгын айтышпайт: эгер бул жакка чыгууга биздин оюбузга койгондо согушка чыкпайт элек дешет. Эй, пайгамбар, сен алардын айтканын жокко чыгарып: "Силер эгер согуш талаасынан, андагы өлүмдөн алыс өзүңөрдүн үйүңөрдө олтурсаңар да, Аллах жазып койгон өлүм маалы келсе, өлөсүңөр. Аллах Таала муну (согушту) силердин ниет, максатыңарды текшерүү жана ыймандуу менен мунафыкты ажыратуу үчүн жазды. Аллах Таала пенденин көкүрөгүндөгү сырды Билүүчү, Ага эч нерсе жарыруун калбайт info
التفاسير:

external-link copy
155 : 3

إِنَّ ٱلَّذِينَ تَوَلَّوۡاْ مِنكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡتَقَى ٱلۡجَمۡعَانِ إِنَّمَا ٱسۡتَزَلَّهُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ بِبَعۡضِ مَا كَسَبُواْۖ وَلَقَدۡ عَفَا ٱللَّهُ عَنۡهُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌ حَلِيمٞ

Оо, Мухаммад пайгамбардын сахабалары, Ухуд күнү бутпарастар менен мусулмандар беттешкенде силердин араңардагы артка качкандарды алардын кээ бир күнөөсү себептүү шайтан азгырды. Аллах аларды кечирди, ырайымы жана артыкчылыгы менен аларды жазалабады. Аллах Таала тобо кылуучулардын тобосун кабыл кылуучу, аларды жазалоого шашылбаган Жумшак пейил. info
التفاسير:

external-link copy
156 : 3

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَكُونُواْ كَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَقَالُواْ لِإِخۡوَٰنِهِمۡ إِذَا ضَرَبُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ أَوۡ كَانُواْ غُزّٗى لَّوۡ كَانُواْ عِندَنَا مَا مَاتُواْ وَمَا قُتِلُواْ لِيَجۡعَلَ ٱللَّهُ ذَٰلِكَ حَسۡرَةٗ فِي قُلُوبِهِمۡۗ وَٱللَّهُ يُحۡيِۦ وَيُمِيتُۗ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٞ

Оо, Аллахка ишенген, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, ырыскы издеп сапарга чыгып же, казатка аттанып ошондо өлгөн же өлтүрүлгөн бир туугандары тууралуу, эгер алар биздин жаныбыздан алыс чыкпаганда өлбөйт эле деп айткан мунафык каапырларга окшобогула. Аллах Таала алардын жүрөгүндөгү өкүнүч жана кайгыны көбөйтүү үчүн аларга ушундай туура эмесишенимди киргизип койгон. А чыны, Аллах Өз каалоосу менен өлтүрөт жана тирилтет. Анын тагдырындагы өлүмдү үйдө олтуруу токтотпойт, же согушка чыгуу тездетпейт. Аллах силердин кылганыңарды Көрүүчү, амалыңар Ага жашыруун эмес, ошол амалыңарга жараша сый көрөсүңөр же жазаланасыңар info
التفاسير:

external-link copy
157 : 3

وَلَئِن قُتِلۡتُمۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ أَوۡ مُتُّمۡ لَمَغۡفِرَةٞ مِّنَ ٱللَّهِ وَرَحۡمَةٌ خَيۡرٞ مِّمَّا يَجۡمَعُونَ

Оо, момундар, силер Аллах жолунда өлтүрүлсөңөр же өлсөңөр, Аллах силердин күнөөңөрдү кечирет жана ырайым кылат, мына ушул бул дүйнөдөн жана анда жыйылган эртеби-кечпи жок болуучу көр оокаттан жакшы info
التفاسير:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• الجهل بالله تعالى وصفاته يُورث سوء الاعتقاد وفساد الأعمال.
Аллахты жакшы тааныбоо, Анын сыпаттарын билбөө, жаман ишеним жана бузук амал кылууга түртөт info

• آجال العباد مضروبة محدودة، لا يُعجلها الإقدام والشجاعة، ولايؤخرها الجبن والحرص.
Пенденин жалы бир чекке жазылган, аны баатырлык же алдыда болуу, ылдамдатпайт жана коркоктук же жашоого кызыгуу кечиктирбейт info

• من سُنَّة الله تعالى الجارية ابتلاء عباده؛ ليميز الخبيث من الطيب.
Жакшыны жамандан ажыратуу үчүн сыноодон өткөрүү, бул, Аллахтын мыйзам жолу info

• من أعظم المنازل وأكرمها عند الله تعالى منازل الشهداء في سبيله.
Аллах Тааланын алдындагы эң сыйлуу жай Анын жолунда шейит болгондорго тиешелүү info