قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى

external-link copy
36 : 22

وَٱلۡبُدۡنَ جَعَلۡنَٰهَا لَكُم مِّن شَعَٰٓئِرِ ٱللَّهِ لَكُمۡ فِيهَا خَيۡرٞۖ فَٱذۡكُرُواْ ٱسۡمَ ٱللَّهِ عَلَيۡهَا صَوَآفَّۖ فَإِذَا وَجَبَتۡ جُنُوبُهَا فَكُلُواْ مِنۡهَا وَأَطۡعِمُواْ ٱلۡقَانِعَ وَٱلۡمُعۡتَرَّۚ كَذَٰلِكَ سَخَّرۡنَٰهَا لَكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ

Биз Ыйык Үйгө курмандыкка союлган төөлөр менен уйларды силер үчүн диний жөрөлгө жана белги кылдык. Аларда силер үчүн дүйнөлүк жана диний пайдалар бар. Эй, курмандык чалуучулар! Аларды сойордо “Бисмиллах (Аллахтын ысымы менен)” деп айткыла! Ага чейин буттарын түздөп, ал качпаш үчүн тике турган абалында бир бутуна тушоо салгыла. Сойгондон кийин ал капталына жыгылат, андан өзүңөр жегиле, ошондой эле сураган кедейлерге жана суроодон уяттуулугунан тыйылган кембагалдарга бергиле! Ошол сыяктуу эле алар менен жүк ташуу үчүн жана аларды миниш үчүн силерге моюн сундурдук. Жана Аллахка жакындаш үчүн аларды кай жерде сойсоңор да баш бере турган кылып силерге моюн сундуруп койдук. Балким Аллах силерге аларды баш ийдирген жакшылыгына шүгүр кыларсыңар. info
التفاسير:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• ضَرْب المثل لتقريب الصور المعنوية بجعلها في ثوب حسي، مقصد تربوي عظيم.
Абстрактуу элестерди конкреттүү элестерге жакындатып бериш үчүн мисал келтирүү – тарбиянын бийик максаттарынан. info

• فضل التواضع.
Кичипейилдиктин артыкчылыгы. info

• الإحسان سبب للسعادة.
Жакшылык кылуу – бактылуулукка жетүүнүн себеби. info

• الإيمان سبب لدفاع الله عن العبد ورعايته له.
Ыйман – Аллахтын пендесине болгон коргоосунун жана камкордугунун себеби. info