قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى

external-link copy
154 : 2

وَلَا تَقُولُواْ لِمَن يُقۡتَلُ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ أَمۡوَٰتُۢۚ بَلۡ أَحۡيَآءٞ وَلَٰكِن لَّا تَشۡعُرُونَ

Оо, ыймандуулар! Аллах жолундагы согушта өлтүрүлгөндөр жөнүндө: «Алар башкалар сыяктуу эле өлгөндөр» – деп айтпагыла. Алар Раббисинин алдында тирүү, бирок силер алардын тирүүлүгүн түшүнө албайсыңар. Ал өзгөчө жашоо болгондуктан, аны Аллахтын вахийи аркылуу билүүдөн башка жолу жок. info
التفاسير:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• الابتلاء سُنَّة الله تعالى في عباده، وقد وعد الصابرين على ذلك بأعظم الجزاء وأكرم المنازل.
Сыноо – Аллахтын пенделерине карата тутунган жолу. Ошондуктан сабырлууларга эң чоң сыйлыктарды жана эң улуу орундарды убада кылган. info

• مشروعية السعي بين الصفا والمروة لمن حج البيت أو اعتمر.
Каабага ажылык жана умра кылгандар үчүн Сафа менен Марванын ортосунда чуркоо шариятта уруксат. info

• من أعظم الآثام وأشدها عقوبة كتمان الحق الذي أنزله الله، والتلبيس على الناس، وإضلالهم عن الهدى الذي جاءت به الرسل.
Эң чоң жана жазасы катаал күнөөлөрдөн – Аллах түшүргөн акыйкатты жаап-жашыруу, адамдарды алдоо жана аларды пайгамбарлар алып келген туура жолдон адаштыруу. info