قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى

external-link copy
62 : 17

قَالَ أَرَءَيۡتَكَ هَٰذَا ٱلَّذِي كَرَّمۡتَ عَلَيَّ لَئِنۡ أَخَّرۡتَنِ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ لَأَحۡتَنِكَنَّ ذُرِّيَّتَهُۥٓ إِلَّا قَلِيلٗا

Иблис Раббисине айтты: «Айтчы, мени ага сажда кыл деп буйруп менден артык көрүп жараткан макулук ушулбу?! Бул дүйнө бүткөнгө чейин мени тирүү калтыра турган болсоң, мен мунун урпактарын Сенин туура жолуңдан сөзсүз адаштырам, аларды азгырам. Бирок Өзүң коргогон аз сандагы ыкластуу пенделериңди гана азгыра албайм». info
التفاسير:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• من رحمة الله بالناس عدم إنزاله الآيات التي يطلبها المكذبون حتى لا يعاجلهم بالعقاب إذا كذبوا بها.
Жалганчылар талап кылган кереметтерди түшүрбөө – Аллахтын адамдарга болгон ырайымдуулугунан. Себеби аларды жалганга чыгара турган болсо, аларга тезинен азап келиши ыктымал. info

• ابتلى الله العباد بالشيطان الداعي لهم إلى معصية الله بأقواله وأفعاله.
Аллах пенделерди шайтан аркылуу сынайт. Ал аларды сөзү жана иштери менен Аллахка моюн сунбоого чакырат. info

• من صور مشاركة الشيطان للإنسان في الأموال والأولاد: ترك التسمية عند الطعام والشراب والجماع، وعدم تأديب الأولاد.
Адамдын мал-мүлкүнө, бала-чакасына шайтандын шерик болгонунун кээ бир көрүнүштөрүнөн – тамактануудан, суусундук ичүүдөн жана жыныстык мамиледен алдын «бисмиллах» деп айтпоо жана балдарга туура эмес адеп берүү. info