قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى

بەت نومۇرى:close

external-link copy
67 : 17

وَإِذَا مَسَّكُمُ ٱلضُّرُّ فِي ٱلۡبَحۡرِ ضَلَّ مَن تَدۡعُونَ إِلَّآ إِيَّاهُۖ فَلَمَّا نَجَّىٰكُمۡ إِلَى ٱلۡبَرِّ أَعۡرَضۡتُمۡۚ وَكَانَ ٱلۡإِنسَٰنُ كَفُورًا

Эй, мушриктер! Эгерде силер деңизде кыйынчылыкка кабылып, жок болуу коркунучуна туш болсоңор, анда Аллахтан башка сыйынып жүргөн кудайларыңар эсиңерден чыгып, Аллахты гана эстеп каласыңар, Андан жардам сурайсыңар. Качан Ал силерге жардам берип, корккон нерсеңерден куткарса жана силер кургактыкка чыксаңар, анда Аны кудай тутуудан жана жалгыз Андан гана суроодон баш тартасыңар жана кудайларыңарга кайтып кетесиңер. Чындыгында инсан Аллахтын жакшылыктарын танып кетүүчү. info
التفاسير:

external-link copy
68 : 17

أَفَأَمِنتُمۡ أَن يَخۡسِفَ بِكُمۡ جَانِبَ ٱلۡبَرِّ أَوۡ يُرۡسِلَ عَلَيۡكُمۡ حَاصِبٗا ثُمَّ لَا تَجِدُواْ لَكُمۡ وَكِيلًا

Эй, мушриктер! Силерди куткарып кургактыкка чыгарганда Аллах аны силердин үстүңөргө бастырып коюусунан коопсузбуз деп жатасыңарбы?! Же Луттун коомуна кылгандай силердин да үстүңөргө асмандан таштарды жаадырып коюусунан коопсузбуз деп жатасыңарбы?! Ошондо силерди коргой турган жана кыйроодон сактай турган коргоочу да, колдоочу да таппайсыңар. info
التفاسير:

external-link copy
69 : 17

أَمۡ أَمِنتُمۡ أَن يُعِيدَكُمۡ فِيهِ تَارَةً أُخۡرَىٰ فَيُرۡسِلَ عَلَيۡكُمۡ قَاصِفٗا مِّنَ ٱلرِّيحِ فَيُغۡرِقَكُم بِمَا كَفَرۡتُمۡ ثُمَّ لَا تَجِدُواْ لَكُمۡ عَلَيۡنَا بِهِۦ تَبِيعٗا

Же Аллах силерди кайрадан деңизге чыгарып, андан соң катуу бороон жиберип, силерди мурунку жолу куткарып Аллахтын кылган жакшыгын танганыңар үчүн силерди чөктүрүп жиберишинен коопсузбуз деп жатасыңарбы?! Ошондо Биздин кылганыбызга каршы силерди колдоп таламыңарды талаша турган эч кимди таппайсыңар. info
التفاسير:

external-link copy
70 : 17

۞ وَلَقَدۡ كَرَّمۡنَا بَنِيٓ ءَادَمَ وَحَمَلۡنَٰهُمۡ فِي ٱلۡبَرِّ وَٱلۡبَحۡرِ وَرَزَقۡنَٰهُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِ وَفَضَّلۡنَٰهُمۡ عَلَىٰ كَثِيرٖ مِّمَّنۡ خَلَقۡنَا تَفۡضِيلٗا

Чындыгында Биз адам баласын акылдуу кылып, периштелерди алардын түпкү атасына сажда кылууну буйруп урматтадык. Аларды кургактыкта көтөрүп жүргөн жаныбарларды, унааларды жана деңизде ташып жүргөн кемелерди баш ийдирдик. Аларга адал тамактарды, суусундуктарды жана аялдарды ырыскы кылып бердик. Аларды көптөгөн макулуктардан артык кылдык. Эми алар Аллахтын берген жакшылыктарына шүгүр кылышсын. info
التفاسير:

external-link copy
71 : 17

يَوۡمَ نَدۡعُواْ كُلَّ أُنَاسِۭ بِإِمَٰمِهِمۡۖ فَمَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِيَمِينِهِۦ فَأُوْلَٰٓئِكَ يَقۡرَءُونَ كِتَٰبَهُمۡ وَلَا يُظۡلَمُونَ فَتِيلٗا

Оо, пайгамбар! Биз бардык топторду алар ээрчишкен башчылары менен кошо чакырган күндү эстегин. Ошондо кимдин амал китеби оң тарабынан берилсе, мына ошолор китептерин кубаныч менен окушат. Алардын соопторунан эч нерсе кемитилбейт, ал нерсе данектин сыныгындай ийненин көзүнчөлүк кичине болсо дагы. info
التفاسير:

external-link copy
72 : 17

وَمَن كَانَ فِي هَٰذِهِۦٓ أَعۡمَىٰ فَهُوَ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ أَعۡمَىٰ وَأَضَلُّ سَبِيلٗا

Кимде-ким бул дүйнө жашоосунда акыйкатка баш ийип, аны кабыл алууда жүрөгү сокур болсо, анда ал кыямат күнү жеткен сокурлукта болот. Андыктан ал бейиштин жолуна түшө албайт жана туура жолдон адашкан жолдо болот. Жаза-сыйлык иштин түрүнө жараша болот. info
التفاسير:

external-link copy
73 : 17

وَإِن كَادُواْ لَيَفۡتِنُونَكَ عَنِ ٱلَّذِيٓ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ لِتَفۡتَرِيَ عَلَيۡنَا غَيۡرَهُۥۖ وَإِذٗا لَّٱتَّخَذُوكَ خَلِيلٗا

Оо, пайгамбар! Чындыгында мушриктер каалоолоруна туура келген Курандан башка нерсени ойлоп табууң үчүн Биз сага вахий кылган Курандан сени адаштырып коё жаздашты. Эгер сен алар каалаган нерсени кылганыңда алар сени жакын сүйүктүү адамы кылып алышмак. info
التفاسير:

external-link copy
74 : 17

وَلَوۡلَآ أَن ثَبَّتۡنَٰكَ لَقَدۡ كِدتَّ تَرۡكَنُ إِلَيۡهِمۡ شَيۡـٔٗا قَلِيلًا

Сени акыйкатка бекем кылып сага жакшылык кылбаганыбызда сен кээ бир нерселерде аларга ооп кетүүңө аз калган болчу. Андай болгондо алардын алдоолорунун жана айла-амалдарынын катуулугу менен бирге алардын ыйман келтирүүсүнө болгон сенин умтулууңдун катуулугу болгондуктан сен алардын сага кылган сунуштарына макул болуп кетмексиң. Бирок Биз сени аларга ооп кетүүңдөн сактадык. info
التفاسير:

external-link copy
75 : 17

إِذٗا لَّأَذَقۡنَٰكَ ضِعۡفَ ٱلۡحَيَوٰةِ وَضِعۡفَ ٱلۡمَمَاتِ ثُمَّ لَا تَجِدُ لَكَ عَلَيۡنَا نَصِيرٗا

Алардын сага кылган сунуштарына ооп кеткениңде, анда сага дүйнө жашоосунда жана акыретте эселеп азап бермекбиз. Кийин сенден азапты кетире турган бизге каршы жардамчыны тапмак эмессиң. info
التفاسير:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• الإنسان كفور للنعم إلا من هدى الله.
Аллах туура жолго салган адамдардан башкалар Аллахтын жакшылыктарын танышат. info

• كل أمة تُدْعَى إلى دينها وكتابها، هل عملت به أو لا؟ والله لا يعذب أحدًا إلا بعد قيام الحجة عليه ومخالفته لها.
Бардык элдер “динине амал кылдыбы же жокбу?” деп өз динине жана китебине чакырылат. Аллах далилдерди келтиргенден кийин ага каршы турушканда гана адамдарды азаптайт. Ага чейин эч кимди азаптабайт. info

• عداوة المجرمين والمكذبين للرسل وورثتهم ظاهرة بسبب الحق الذي يحملونه، وليس لذواتهم.
Күнөөкөрлөрдүн жана жалганга чыгаргандардын пайгамбарларга жана алардын мураскорлоруна душмандыгы ачык. Бул душмандыктары алардын жеке өздөрү үчүн эмес, алардагы акыйкат себептүү. info

• الله تعالى عصم النبي من أسباب الشر ومن البشر، فثبته وهداه الصراط المستقيم، ولورثته مثل ذلك على حسب اتباعهم له.
Аллах таала пайгамбарды жамандыктын себептеринен жана адамдардан сактады. Аны туура жолго салып бекем кылды. Бул нерсе пайгамдардын мураскорлорунун ээрчүүлөрүнө жараша аларга да болот. info