Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Muhtasar Kur'an-ı Kerim Tefsiri Kırgızca Tercümesi

Sayfa numarası:close

external-link copy
156 : 7

۞ وَٱكۡتُبۡ لَنَا فِي هَٰذِهِ ٱلدُّنۡيَا حَسَنَةٗ وَفِي ٱلۡأٓخِرَةِ إِنَّا هُدۡنَآ إِلَيۡكَۚ قَالَ عَذَابِيٓ أُصِيبُ بِهِۦ مَنۡ أَشَآءُۖ وَرَحۡمَتِي وَسِعَتۡ كُلَّ شَيۡءٖۚ فَسَأَكۡتُبُهَا لِلَّذِينَ يَتَّقُونَ وَيُؤۡتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَٱلَّذِينَ هُم بِـَٔايَٰتِنَا يُؤۡمِنُونَ

"Бул дүйнөдө Сен жакшылык берип, кечирип, жакшы иштерди жасатып урматтаган адамдардын катарында кыл. Акыретте болсо, аларга бейиш даярдалып коюлган саалих пенделериңдин катарында кыл. Биз Сага тобо кылдык, кемчиликтерибизди моюндап, Өзүңө кайттык" - деди. Аллах Таала: "Бактысыздыкка алып баруучу ишти кылган адамдардан каалаганыма азабым түшөт, бул дүйнөдө ырайымым баардык нерсени ороп турат; Аллахтын ырайымы жаратылгандардан бирөөсүнө да жетпей калбайт, Анын артыкчылыгы менен жакшылыгы баарын курчап турат. Ал эми акыретте Мен ырайымымды Аллахтын буйругун аткарып, тыюусунан тыйылып такыба болгондорго, тиешелүү адамдарга байлыгынан зекет бергендерге, Биздин аяттарыбызга ыйман келтиргендерге жазамын. info
التفاسير:

external-link copy
157 : 7

ٱلَّذِينَ يَتَّبِعُونَ ٱلرَّسُولَ ٱلنَّبِيَّ ٱلۡأُمِّيَّ ٱلَّذِي يَجِدُونَهُۥ مَكۡتُوبًا عِندَهُمۡ فِي ٱلتَّوۡرَىٰةِ وَٱلۡإِنجِيلِ يَأۡمُرُهُم بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَيَنۡهَىٰهُمۡ عَنِ ٱلۡمُنكَرِ وَيُحِلُّ لَهُمُ ٱلطَّيِّبَٰتِ وَيُحَرِّمُ عَلَيۡهِمُ ٱلۡخَبَٰٓئِثَ وَيَضَعُ عَنۡهُمۡ إِصۡرَهُمۡ وَٱلۡأَغۡلَٰلَ ٱلَّتِي كَانَتۡ عَلَيۡهِمۡۚ فَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِهِۦ وَعَزَّرُوهُ وَنَصَرُوهُ وَٱتَّبَعُواْ ٱلنُّورَ ٱلَّذِيٓ أُنزِلَ مَعَهُۥٓ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ

Жазууну да, окууну да билбеген, Раббисинен гана аян-кабар алган пайгамбар Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ээрчигендер анын аты жана сыпаттары Муса пайгамбарга түшүрүлгөн Тооротто жана Иса пайгамбарга түшүрүлгөн Инжилде жазылуу экенин көрүшкөн. Ал аларды жакшылыгы анык жана оңдоп-түзөй турган иштерге үндөйт, акылга жана таза ишенимге жаман экендиги билинип турган иштерден тыят. Тамактануу, суусундук ичүү жана никеленүү сыяктуу зыянсыз иштерди аткарууну ыктыярдуу кылган. Булардан таза, адал эместерин аларга арам кылат. Мурда моюндарына жүктөлгөн оор иштерди, мисалы, атайын же кокустан адам өлтүргөн кишиден өч алып аны өлтүрүү сыяктуу иштерди алардын моюнуна жүктөбөйт. Исраил урпактарыбы же башкаларбы, айтор, ким ага ыйман келтирсе, аны урматтап-сыйласа, каапырларга каршы ага жардам берсе, туура жолго баштоочу нур болуп түшүрүлгөн Куранды ээрчисе, мына ошолор каалаган нерсесине жетип, корккон нерсесинен кутулуп ийгиликке жетишет. info
التفاسير:

external-link copy
158 : 7

قُلۡ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنِّي رَسُولُ ٱللَّهِ إِلَيۡكُمۡ جَمِيعًا ٱلَّذِي لَهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ يُحۡيِۦ وَيُمِيتُۖ فَـَٔامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِ ٱلنَّبِيِّ ٱلۡأُمِّيِّ ٱلَّذِي يُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ وَكَلِمَٰتِهِۦ وَٱتَّبِعُوهُ لَعَلَّكُمۡ تَهۡتَدُونَ

Оо, элчи, аларга: "Оо, адамдар, мен силердин баарыңарга, арабыңарга да арап эмесиңерге да Аллах тарабынан жиберилген элчимин. Асман жана жердин мүлкү Ага таандык. Андан башка ибадатка татыктуу жок. Ал өлүүлөрдү тирилтет жана тирүүлөрдү өлтүрөт. Эй, адамдар, Аллахка жана Анын жазууну да, окууну да билбеген, Раббиси ага түшүргөн аян-кабарды алып келген, Аллахка ыйман келтирген, анын өзүнө жана өзүнөн мурдагы пайгамбарларга түшүрүлгөн нерсеге эч ажыратып бөлбөстөн ыйман келтирген элчи-пайгамбары Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ыйман келтиргиле. Дүйнөдө да, акыретте да пайдалуу болгон жолго түшүүнү үмүт кылып, ал Раббисинен алып келген динге ээрчигиле. info
التفاسير:

external-link copy
159 : 7

وَمِن قَوۡمِ مُوسَىٰٓ أُمَّةٞ يَهۡدُونَ بِٱلۡحَقِّ وَبِهِۦ يَعۡدِلُونَ

Мусанын Исраил урпактарынан болгон коомунда туура динди беккем кармагандары да бар, башкаларды да ошого чакырышат жана жабыр кылбай, адилет өкүм кылышат. info
التفاسير:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• تضمَّنت التوراة والإنجيل أدلة ظاهرة على بعثة النبي محمد صلى الله عليه وسلم وعلى صدقه.
Тоорот менен Инжилде Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) пайгамбарлыгына жана анын чындык экенине ачык далилдер келген. info

• رحمة الله وسعت كل شيء، ولكن رحمة الله عباده ذات مراتب متفاوتة، تتفاوت بحسب الإيمان والعمل الصالح.
Аллахтын ырайымы бардык нерсени ороп алган, бирок, пенделерине болгон ырайымынын даражалары ар түрдүү, бул алардын ыйманына жана жакшы иштерине жараша ар түрдүү болот. info

• الدعاء قد يكون مُجْملًا وقد يكون مُفَصَّلًا حسب الأحوال، وموسى في هذا المقام أجمل في دعائه.
Дуба абалга жараша, кээде жалпы, кээде өзүнчо болот. бул жерде Муса пайгамбар жалпы дуба кылган. info

• من صور عدل الله عز وجل إنصافه للقِلَّة المؤمنة، حيث ذكر صفات بني إسرائيل المنافية للكمال المناقضة للهداية، فربما توهَّم متوهِّم أن هذا يعم جميعهم، فَذَكَر تعالى أن منهم طائفة مستقيمة هادية مهدية.
Аз сандагы ыймандууларды да эске алганы - Аллах Тааланын адилеттүүлүгүнөн. Исраил урпактарынын туура жолдон баш тартып, катуу каршылык көрсөтүүчү сыпаттарын айтканда, көп адамдар бул сыпаттар алардын баарына тиешелүү экен деп ойлоп калуусу мүмкүн эле, ошон үчүн Аллах Таала алардын арасында туура жолдогулары да бар экенин эскеркен. info